Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Эмгек жааматы жана профсоюз.

Эмгек   жааматы   жана  профсоюз.

Биздин К.Раимбеков атындагы мектептин эмгек жамааты Эгемендүүлүк жылдарынан бери билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөсүбүз. Райондук, областтык жана республикалык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитеттери биздин укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды ар тараптан коргоп, усулдук көрсөтмөлөрдү жана жардамдарды берип келет. Ошондой эле түрдүү иш - чараларды, кароо-сынактарды, спартакиаларды өткөрүү менен кызматкерлердин эс алууларын уюштурат.

 18.02.2014      1196       Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

Биз,Чон-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрү акыркы мезгилдерде «Эркин профсоюздар конфедерациясын» түздүк деп жатышкан Н.Асанов менен Н.Дуйшонбеков деген атуулдардын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстан профсоюздар федерациясына,анын торагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин адресине курулай жалаа жаап, ар түрдүү дооматтарын айтып жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз. Аталган атуулдар өз алдынча «Эркин профсоюздар» түзөбүз десенер профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып,өзүнөрдүн уставыңар менен иш жүргүзө бербейсиңерби?

 18.02.2014      1221       Кесиптик бирлик региондордо

СССРди бөлүп жарып кеткендей, профсоюзду бөлүп жарып кеткиси келгендер бар

 СССРди бөлүп жарып кеткендей, профсоюзду бөлүп жарып кеткиси келгендер бар

Жакынкы айлардан бери профсоюз уюмуна каршы ЖКнын белдүү фракциясынын бири катуу чабуулун баштап жаткандай. Андан да бул уюмду бөлүп-жарып жаткан Бакиевдин заманында Жаныш Бакиевдин жансакчыларынын башчысы, ал бийлик кулаганда, Жаныш Бакиевдин байлыктарын мыйзамсыз ээлеп,өзү каалагандай калчаган эргул турат. Эми бир фракцияга жамынып алып №1 профком Асылбек Токтогуловду каза баштады. Ал СССРди бөлүп жарып кеткендей, профсоюзду бөлүп жарып кеткиси келет.

 18.02.2014      1320       Маалыматтык бюллетень

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА

В целях обеспечения качественной подготовки граждан к военной службе и патриотического воспитания подрастающего поколения, руководствуясь статьей 7 Закона Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах", Правительство Кыргызской Республики постановляет:

 18.02.2014      2036       Ченемдик-укуктук актылар

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРОФСОЮЗУ! КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗ ФЕДЕРАЦИЯСЫНА БЕКЕР АСЫЛБАГЫЛА!

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРОФСОЮЗУ! КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗ ФЕДЕРАЦИЯСЫНА БЕКЕР АСЫЛБАГЫЛА!

Токтогул райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз жамааты, «Көз карандысыз профсоюздарга мүчө болгула», деп үндөп жатышкан «Эркин профсоюздар конфедерациясынын» лидерлери Н. Асанов менен Н. Дуйшонбековко айтарыбыз төмөндөгүдөй: 1. Биз райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин бардык профсоюз мүчөлөрү эч кандай көз карандысыз, бир муштумга түйүлгөн, бир тутумда Республикалык профсоюздар федерациясында бир атанын балдарындай биримдикте турабыз. Биз эч кандай партияда турбайбыз жана саясий агымдарга да кошулбайбыз. Биз Кыргыз Өкмөтүнүн саясатын жана аткарып жаткан иштерин колдойбуз. 2. Эгер силер “Эркин профсоюздар конфедерациясын” түзөбүз десеңер, профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып өзүңөрдүн кабыл алган уставыңар боюнча ишиңерди жүргүзө бергиле . Кыргызстан профсоюздар федерациясына курулай жалаа жаап, асылганды токтотуу керек.

 17.02.2014      1346       Маалыматтык бюллетень

Памятка по временной нетрудоспособности

Памятка по временной нетрудоспособности

По осуществлению общественного контроля профкомами образовательных организаций республики (обкомами, райкомами, горкомами отраслевого профсоюза) за порядком назначения, выплатой и размере пособий по временной нетрудоспособности, беременности, родам и ритуальных пособий.

 14.02.2014      3095       Методикалык жардам

Кадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кадамжайда жыл жыйынтыгы чыгарылды

2014-жылдын 12-февраль күнү Кадамжай районунун билим берүү профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган кенейтилген президиуму болду. Аталган кенейтилген президиумга Баткен областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков. Билим берүү кызматкерлеринин профсозунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков, акимдин орун басары Т.Илиязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев жана мектеп директорлору, мектептердин профсоюз комитетинин төрагалары, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышышты.

 14.02.2014      1144       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу-семинар болду

Профсоюздук  окуу-семинар болду

Ош областтык билим, илим профсоюз комитети Өзгөн райондук, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарын катыштырып, 12-февраль күнү Өзгон шаарында профсоюздук окуу-семинар өткөрдү. Окуу-семинарга 120 профсоюз лидерлери катышышты. ОПК тарабынан «2014-жыл баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатуу жылы» деп кабыл алынгандыгына байланыштуу окуу-семинардын планында укуктуулукту коргоо, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, жамааттык келишимдердин маани-маңызы жана анын аткарылышы , эмгек акынын нускамага ылайык туура эсептелинип берилиши, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жолокпулдардын туура эсептелинип жобого ылайык берилиши, баштапкы уюмдардагы документация иштери, туруктуу комиссиялардын иштоо тартиптери жөнүндө маселелер камтылды.

 14.02.2014      1126       Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте!»

            «Профсоюздун  күчү-ынтымак  жана  биримдикте!»

2014-жылдын 11-12-февраль күндөрдү Ноокен районунун 88 баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары менен семинар өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор Борбордук Комитетин сайтындагы материалдар менен берилди. Семинарда чыгып сүйлөгөндөр профсоюздун күчү-ынтымак жана биримдикте экендигин белгилешип, ар бир профсоюздук лидер өзүнүн ишинде мыкты иштегенде гана кубаттуу чоӊ күч болорун белгилешти. З тараптуу, 2 тараптуу жана жамааттык келишимдердин аткарылышына жетишүүнү камсыздоо негизги милдеттер экендигине токтолушту.

 13.02.2014      1091       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Советине

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Советине

Биз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин, облустагы райондук жана шаардык комитеттеринин, обкомго түз баш ийген профсоюз уюмдарынын жетекчилери "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин билим берүүсүнүн жана медицинасынын кызматчыларынын эркин кесиптик бирлиги" Кесиптик бирикмеси түзүлгөндүгү жөнүндө жакында билдик. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу Республикада калыптанган, нечен жылдардан бери өзүнүн курамындагы профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык - экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын мыйзам чегинде коргоп, уюшкандык менен үлгүлүү иш - аракеттерди жүргүзүп келе жаткан массалык уюм катарында белгилүү. Айрыкча, билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович иш билги жетекчилиги менен Борбордук комитет республикада алдыӊкы профсоюз уюму катарында үлгүлүү, өрнөктүү иштерди аткарып жаткандыгын профсоюз мүчөлөрү жакшы билишет.

 13.02.2014      1810       Маалыматтык бюллетень

Ыраазычылык кат

Ыраазычылык кат

Мен, Аралбаева Кенжегүл Дуйшоковна, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук коммитетинин социалдык коргоо жана эмгек акылар бөлүмүнүн башкы адиси Ниязбеков Кубатбек Ниязбековичке кайрылып, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №46 орто мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу үйдө окуган азыр 8-класстагы окуучуну окутуп иштеген 3 жыл 1 жарым ай аралыгындагы эмгек акыма ушунча убакыт бою эч төлөнбөй келген кошумча эмгек акымды 7426 сом өлчөмүндө (КР Өкмөтүнүн №161-токтому 25-март 2002-ж., КР Окмотунун №373- токтому 24-июнь 2013-ж.) ала алганым үчүн, Кубатбек Ниязбековичке

 12.02.2014      2706       Кесиптик бирликтин жардамы