Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

СССРди бөлүп жарып кеткендей, профсоюзду бөлүп жарып кеткиси келгендер бар

Жакынкы айлардан бери профсоюз уюмуна каршы ЖКнын белдүү фракциясынын бири катуу чабуулун баштап жаткандай. Андан да бул уюмду бөлүп-жарып жаткан Бакиевдин заманында Жаныш Бакиевдин жансакчыларынын башчысы, ал бийлик кулаганда, Жаныш Бакиевдин байлыктарын мыйзамсыз ээлеп,өзү каалагандай калчаган эргул турат. Эми бир фракцияга жамынып алып №1 профком Асылбек Токтогуловду каза баштады. Ал СССРди бөлүп жарып кеткендей, профсоюзду бөлүп жарып кеткиси келет.

Асылбек Токтогуловдун позициясынын атылган октой түздүгүнө таң калам.Кээ бирөөлөр капталга, артка бурулуп, өйдө-ылдый  мөңкүп кете беришет. Бир гана Асылбек мырза элдин «жеңилин жерден, оорун колдон алып», эл үчүн күйүп-бышып келе жатат. Ал канчалаган жылдардан бери билим берүү чөйрөсүнүн укугун талашып, профсоюздук уюмун жетектеп келди. Акаевдик жана Бакиевдик режимдердин элге каршы жасаган былыктарын көзүнө сайып көргөзүп,тебеленип бараткан мугалимдердин укуктары үчүн ДЗОТко төшүн тосуп жүрдү. «Өз көмөчүнө күл тарткан» профсоюз болсо, бийликтин тилинен чыкпай башын ийип жүрө бермек. Асылбек мырза акыйкат дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркап иштегендиктен, мугалимдердин жашоо шартын оңдоо боюнча көптөгөн мыйзамдарды, программаларды жүзөөгө ашырууга салым кошуп келди. «Жылда туусам, жылда жок, жылда инфляция жеп коёт»-дегендей, жылдан-жылгаөсүп бараткан инфляция, мугалимдердин айлыгын «обгондоп» өтүп, алар оор абалда калып жатышат.Билим берүү тармагында реформа аягына чыкпай койду, деги эле кардын тойгуза албаган мугалимдерге миллион реформа жасаса да ишке ашпайт да. Эң биринчи реформа мугалимдердин курсагын тойгузуш керек.  Капчыгы күндөн-күнгө жукарып бараткан мугалимдер. Буга кайсы бийликтин жаны ачыган эле. Бир мүшөк унга жетип-жетпеген айлыгын аңдып, ар тараптан текшерип, «терисин тескери сыйырып» келатышат. Ошого деле кайыл, чала мугалимдер чар-тарапка кетип, патриот мугалимдер калышты. Асылбек мырза асылып жүрүп мугалимдердин «көтөрүм» болуп бараткан айлыгы Роза Отунбаеванын заманында көтөрүлгөн. Бирок инфляция деген кайрадан «обгондоп» баратыр. Эми Асылбек агай бир гана мугалимдердин айлыгын гана көтөрүүнү мойнуна албастан, Кыргыз профсоюзунун башына келген. Демек, профсоюз уюму чыныгы лидерин таап, кыргыз элине күйүмдүү инсан келгенине шек жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, саясий баяндамачы