Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРОФСОЮЗУ! КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗ ФЕДЕРАЦИЯСЫНА БЕКЕР АСЫЛБАГЫЛА!

 

Токтогул райондук Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюз жамааты, «Көз карандысыз профсоюздарга мүчө болгула», деп үндөп жатышкан «Эркин профсоюздар конфедерациясынын» лидерлери Н. Асанов менен Н. Дуйшонбековко айтарыбыз төмөндөгүдөй:

 

1.         Биз райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин бардык профсоюз мүчөлөрү эч кандай көз карандысыз, бир муштумга түйүлгөн, бир тутумда Республикалык профсоюздар федерациясында бир атанын балдарындай биримдикте турабыз. Биз эч кандай партияда турбайбыз жана саясий агымдарга да кошулбайбыз. Биз Кыргыз Өкмөтүнүн саясатын жана аткарып жаткан иштерин колдойбуз.

 

2.         Эгер силер “Эркин профсоюздар конфедерациясын” түзөбүз десеңер, профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып  өзүңөрдүн кабыл алган уставыңар боюнча ишиңерди  жүргүзө бергиле . Кыргызстан профсоюздар федерациясына курулай жалаа жаап, асылганды токтотуу керек.