Новости из Кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры имени Н Исанова.
19 февраля совместно со студенческими советами общежитий №1,2,3 объединенный профком КГУСТА организовал и провел конкурс «Эркектин Таймаши» в четь праздника 23 февраля - Дня защитников Отечества. Средства на это мероприятие также выделил профком. По инициативе объединенного профкома КГУСТА в честь 8 марта в БАЗе КГУСТА был проведен концерт для студентов и сотрудников. В манеже КГАФКС молодые сотрудники профессорско-преподавательского состава и студенты участвовали в турнире по «Ордо», где заняли II-место, профком принял активное участие в этом мероприятии и оказал материальную помощь.
25.03.2014 1307 Маалыматтык бюллетеньОш ОПК менен Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү
Кара-Суу району абдан чоӊ район болгондугуна байланыштуу, каралуучу маселелер жеткиликтуу болуусу учун 2 зонага болунуп, 20-февралда райондогу ВЛКСМ орто мектебинде 1-зонада, 27-февралда 2-зонада Агартуу орто мектебинде болуп, бардыгы 110 баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери катышышты. Семинар практикалык көрсөтмөлүү пайдалуу болуусу учун ВЛКСМ орто мектеби жер титирөө мезгилинде кызматкерлер жана окуучулар эвакуациялык планга ылайык чыгуу керектиги көрсөтүлүп, тийиштуу документтер медициналык биринчи жардам кандай көрсөтүлүүсү керектиги көрсөтүлдү.
25.03.2014 1160 Кесиптик бирлик региондордо«2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатындагы семинар
2014 жылдын 11-13 март күндөрү Сузак районунда Профсоюздун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин жана Жалал Абад обкомунун Сузак райкомунун бүгүнкү күнү жүргүзүп жаткан иштери жана Профсоюздун Борбордук Комитетинин «2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатында семинар болуп өттү. Семинарга райондогу 139 баштапкы уюмдардын башчылары жана Жалал Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов катышып профсоюздун Борбордук Комитети, Жалал Абад обкомунун бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалыматтарды берди.
25.03.2014 1002 Кесиптик бирлик региондордоБильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды
18-март күнү Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин кеӊейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйындын алдында 23-февраль «Мекенди коргоочулар» күнүнө жана университеттин 20 жылдыгына карата мырзалар арасында өткөрүлгөн бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды. Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Ч. Мамажакып уулу сөз алып, бул турнирдин уюштурулуш максатын түшүндүрүп, жеӊүүчүлөрдү дипломдор жана профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйлады.
25.03.2014 1147 Кесиптик бирлик региондордоОш Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы
Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы университет деӊгээлинде, бардык факультеттер арасында өткөзүлдү. 19 март күнү Сүмөлөк кайнатуу салтанаты башталып, университеттин көмөкчү чарбасынын эсебинен 1 кой союлуп, Нооруз майрамын уюштуруучуларына, жатаканадагы студенденттерге жана меймандарга сый тамак уюштурулду. Бул иш-чарага профсоюз комитети жакындан көмөк көрсөтүп, 5000 сом акча каражатын бөлүп берди. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери таланттуу студенттер менен биргеликте сармердендик кечесин уюштурушту.
25.03.2014 1272 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин мүчөлөрүнүн саны толукталды
Кара-Суу районуна караштуу №12 «Отуз-Адыр» орто мектеби 2010-жылдан баштап Кара-Суу райондук профсоюз комитетинен чыгып, өз алдынча профсоюз уюм болуп иш жүргүзүп келишкен. 2014-жылдын 19-мартында профсоюз уюмдун жалпы чогулушу өткөрүлүп, №12 «Отуз-Адыр» орто мектебинин мугалимдер жамаатындагы эмгектенген мугалимдери жана техникалык кызматкерлери ыктыярдуу түрдө Кара-Суу райондук мугалимдердин профсоюз комитетине кайрадан мүчө болуп кошулушту.
25.03.2014 1362 Маалыматтык бюллетеньПоздравление Асылбека Токтогулова с праздником НООРУЗ
От имени профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю вас всех с Праздником весны НООРУЗ!
19.03.2014 2452 Маалыматтык бюллетеньБаштапкы Профсоюз Комитетинин төрага жана төрайымдарына методикалык жардам көрсөтүү максатында
Араван райондук Билим Берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жана Билим, Илим кызматкерлеринин Областык Профсаюз комитети тарабынан 2014-жылдын 5-март күнү Баштапкы Профсоюз Комитетинин төрага жана төрайымдарына методикалык жардам көрсөтүү максатында А. Кадиров атындагы орто мектебинин базасында окуу семинары өткөзүлдү. Семинарда 75 Баштапкы Профсаюз Комитетинин төрага жана төрайымдары, Райондук Билим Берүү Бөлүмүнүн бухгалтерлери, Райондук Профсоюз Комитетинин жана Облустук Профсоюз Комитетинин апарат кызматкерлери катышышты.
18.03.2014 1181 Кесиптик бирлик региондордоАсылбек Токтогулов: Эмгек коопсуздугун түзүүдө, баардык зарыл болгон шарттар эң керектүү жана учур талабы.
Карапайым эмгекчилердин жумуш орундарынын коопсуздугун жогорулатуу жана шарттарын жакшыртуу маселелери дайыма көңүл борборунда болуп жана эң биринчи социалдык милдет катары каралып, ар тараптан камкордук көрүлүш керек экенин билебиз. Ошого карабастан, акыркы учурларда өндүрүштө катталган кырсыктардын саны жыл сайын өсүүдө, кырсыктын кесепетинен өмүрлөр кыйылып, ден соолугунан ажырап жаткан учурлар көбөйүүдө. Көпчүлүк учурларда өндүрүштөгү кырсыкттарды, анын эмнеден келип чыгышынын коомчулук билбей калат.
17.03.2014 2249 Маалыматтык бюллетеньСтуденттик профсоюз уюму майрам өткөрдү
2014-жылдын 3-мартында Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенттеринин арасында "Алтын ортолук" майрамы болуп өттү. Ал майрамдык кечени Студенттик профсоюз уюму уюштурду. Жалпы катышуучу студенттердин саны 170 студентти түздү. Майрамдын жүрүшүндө ар кандай кызыктуу оюндар, концерттик программалар уюштурулуп студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мыкты катышкан студенттерге студенттик профсоюз уюму тарабынан кымбат баалуу белектер берилди.
14.03.2014 1258 Кесиптик бирлик региондордо"2014-жыл жаштардын жана профсоюдук ишмердүүлүктө инновациялардын жылына" карата
2014-жылдын 6-7-март күндөрү Ноокен районунун №2 Саадат Ногоева атындагы орто меектебинин спорт залында "2014-жыл жаштардын жана профсоюдук ишмердүүлүктө инновациялардын жылына" жана 8-Март Аялдардын майрамына карата Социалистик Эмгектин Баатыры Саадат Ногоеванын урматына волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирге 9 айылдык аймактын жаштардан турган курама командалары активдүү катышты.
12.03.2014 1324 Кесиптик бирлик региондордо