Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды

18-март күнү Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин кеӊейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйындын алдында 23-февраль «Мекенди коргоочулар» күнүнө жана университеттин 20 жылдыгына карата мырзалар арасында өткөрүлгөн бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды. Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Ч. Мамажакып уулу сөз алып, бул турнирдин уюштурулуш максатын түшүндүрүп, жеӊүүчүлөрдү дипломдор жана профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйлады. Ошондой эле ал турнирдин катышуучуларына, баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылык билдирип, жалпы жамаатты келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.