Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин мүчөлөрүнүн саны толукталды

      Кара-Суу районуна караштуу  №12 «Отуз-Адыр» орто мектеби 2010-жылдан баштап Кара-Суу райондук профсоюз комитетинен  чыгып, өз алдынча  профсоюз  уюм болуп  иш жүргүзүп келишкен. 

      2014-жылдын 19-мартында  профсоюз уюмдун жалпы чогулушу өткөрүлүп, №12 «Отуз-Адыр» орто мектебинин мугалимдер жамаатындагы  эмгектенген  мугалимдери жана техникалык кызматкерлери ыктыярдуу  түрдө Кара-Суу райондук  мугалимдердин  профсоюз комитетине   кайрадан  мүчө болуп кошулушту.