Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош ОПК менен Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү

 

Көчмө семинар.

   Ош ОПК менен  Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү.                                                                                                          

Кара-Суу району абдан чоӊ район болгондугуна байланыштуу, каралуучу маселелер жеткиликтуу болуусу учун 2 зонага болунуп, 20-февралда райондогу ВЛКСМ орто мектебинде 1-зонада, 27-февралда 2-зонада Агартуу орто мектебинде  болуп, бардыгы 110 баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери катышышты. Семинар практикалык көрсөтмөлүү пайдалуу болуусу учун ВЛКСМ орто мектеби жер титирөө мезгилинде кызматкерлер жана окуучулар эвакуациялык планга ылайык чыгуу керектиги көрсөтүлүп, тийиштуу документтер медициналык биринчи жардам кандай көрсөтүлүүсү керектиги көрсөтүлдү.                                                                                                                                  

Ал эми Агартуу орто мектебинде өрт коопсуздугун сактоодо имараттын ичинен сыртка эвакуациялоо абдан ыкчам, талапка ылайык жүргүзүлүп, мектептин аянтчасында өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчү баллондор, кум жана суу колдонулуп өчүрүлүп, жаракат алгандарга биринчи медициналык жардамдар көрсөтүлүп, практикалык көрсөтмөлүү мүнөздө өткөрүлдү. Бул мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан бүткүл дүйнөлүк «эне-тили күнүнө» карата «тил-достуктун көпүрөсү» деген фестиваль даярдалып көрсөтүлдү. Мектептин Манас залынын ачылуусу болуп, көптөгөн окуучулардын бир мезгилде Манас айтуусу зор кызыгууну туудурду. Ушул мектептин баштапкы профсоюз комитетинин төрагасы Калмуратов Жанибек семинардын катышуучуларына комитеттин кезектеги отурумун өз тартиби менен өткөрүп, элдин купулуна толо алды. Областтык профсоюз комитетинин кызматкерлери иш берүүчү менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 3 тараптуу жаматтык келишимдерди түзүү, эмгек акыны туура эсептөө, убактылуу ишке жарамсыздык кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдардын төлөнүшү жөнүндө суроо-жооп ирээтинде талкуу жүргүзүлүп кызуу өткөрүлдү.                                                                                                                           

Семинардын ишине БПКнын аппрат жетекчиси А.А.Сагындыкова, ОПКнын төрагасы С.А.Тойгонбаевдер катышышты жана алар Республикадагы, областтагы профсоюз кыймылындагы жүрүп жаткан алгылыктуу иштерге токтолушту. Айрыкча « Эркин профсоюздар Конфедерациясы »деген аталыш менен чыгып жаткандардын жүргүзүп жаткан  үгүт иштерине сергек мамиле жасоо менен, ар кандай чет өлкөлүк проектилерди пайдаланып,  жеӊилдиктерди көрсөтөбүз деген убадаларына азгырылбоо, өзүбүздүн көп жылдык тарыхы, тажрыйбасы бар профсоюзубуздун катарын бекемдеп, чыӊдоодо  ушул өӊдүү  пайдалуу семинарларды көбүрөөк өткөрүп кызматкерлерибиздин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарынын билимдерин тереӊдетип, алган практикалык билимдерин турмушка ашырууда талыкпай эмгектене берүүсүнө үндөштү.

 

 

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети.