Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Асылбек Токтогулов: Эмгек коопсуздугун түзүүдө, баардык зарыл болгон шарттар эң керектүү жана учур талабы.

Карапайым эмгекчилердин жумуш орундарынын коопсуздугун жогорулатуу жана шарттарын жакшыртуу маселелери дайыма көңүл борборунда болуп жана эң биринчи социалдык милдет катары каралып, ар тараптан камкордук көрүлүш керек экенин билебиз. Ошого карабастан, акыркы учурларда өндүрүштө катталган кырсыктардын саны жыл сайын өсүүдө, кырсыктын кесепетинен өмүрлөр кыйылып, ден соолугунан ажырап жаткан учурлар көбөйүүдө. Көпчүлүк учурларда өндүрүштөгү кырсыкттарды, анын эмнеден келип чыгышынын коомчулук билбей калат. Алардын  бирден-бир себеби болуп, жумуш орундарынын талапка ылайык келбегени, коопсуздук боюнча чаралардын жоктугу, жумушчулардын ден-соолугуна жана өмүрүнө түздөн-түз коркунуч алып келүүчү учурларга көңүл бөлүнбөгөндүгү жана жоопкерчиликтин жоктугу байкалууда. Жапайы капитализм заманы болгондуктан, акыркы учурда жумуш берүүчүнү өндүрүштөн өндүргөн товарларынан түшкөн кирешелер гана кызыктырып, жогоруда айтылган көйгөйлөр эң арткы орунда калып жаткандай жана адамдын оорду эӊ арта болууда. Ушул көйгөлүү маселелер боюнча Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов менен маек курдук. 

-          Асылбек Токтогулович эмгек коопсуздугун камсыздандыруу боюнча - жумуш берүүчүнүн милдети жана жоопкерчиликтери кандай? 

- Мамлекеттик органдардын кийлигүүшүсүз жана атайын институттун жардамысыз, өнөр жайдагы кырсыкты жана кесиптик ооруларды көзөмөлдөөчү-социалдык камсыздандыруу кызматкерлерисиз, иш берүүчү өз алдынча жогорку деңгээлде ишмердүүлүгүн алып кете албасын жашоо көрсөтүп турат. Ошондой эле мыйзамдардын ишке ашуусуна, белгилүү деӊгелде текшерүү жана мажбурлоо түрүндө иш жүргүзүүсү, социалдык камсыздандыруу мекемеси болсо уюмдардын жана алардын жетекчилери менен тыгыс иш алып барышы жана дайыма аларга жардамдашуусу керек. Ошондой эле өнөр жай жана уюмдар ичинде экономикалык кызыктыруу иштерин алып баруу, мисалы милдеттүү түрдө камсыздандыруу төлөмүн кыскартуу, кредиттерди берүү. Өнөр жайда жана уюмдарда кырсыктын катталбаганына байланыштуу берилген кредитти жоюп салуу иш чаралары жүргүзүлсө, анда эмгек коопсуздугу боюнча иш чаралардын жыйынтыгы оң натыйжасын бермек.

Мекемелердин ээлери жана жетекчилери, эмгекти коргоо иш чараларын канчалык жогорку деңгээлде алып барса, ошончолук пайдасы бар экенине ынанып, өнөр жайдагы кырсыктын алдын алуу иш чараларына көп көңүл бөлүшмөк. Ушундай иш чаралардын жүргүзүлүшү жаамат ичиндеги маанайды, жумушка болгон жоопкерчилик жана чыгарылган продукциянын сапатына жана өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына алып келерине толук ишенимдери артмак.   Эмгек коопсуздугун түзүүдө баардык зарыл болгон шарттар эң керектүү жана учур талабы, өндүрүштөгү кырсык жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы Россияда, Белоруссияда жана Казакстанда ийгиликтүү иштей баштады. Ошондуктан өндүрүштөгү кырсыкты жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыздандыруу-азыркы учурдун мыйзам талабы.

- Кырсык жана кесиптик ооруга чейин, аларга жол бербөө  үчүн кандай иштерди жүргүзүү керек?

- Бул көйгөйдү чечүүдө үч негизги социалдык камсыздандыруу милдети бар. Алардын ичинен биринчиси, мекемелерде жана уюмдарда жумуш орундарында чыккан кырсыктын чыгыш себептерин изилдеп, алардын алдын алуу жана эмгекти коргоо эрежелеринин, мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө абзел. Экинчиден-өнөр жайда кырсыка кабылган адамдардын ден соолугун калыбына келтирүү, башкача айтканда дарылоо жана реаблитациядан өткөрүү. Үчүнчүдөн-кырсыктан жабыркаган жана кесиптик оорудан жапа чеккендерге, анын ичинен майып болгондугуна байланыштуу пенсияга чыккан жаранга, үй-бүлөсүн баккан адамынан ажырагандыгына  байланыштуу компенсация төлөмдөрүн төлөө.

Эмгек коопсуздугу жана ден-соолукту коргоо комиссиясы иш ордундагы кырсык жана кесиптик оорулар боюнча мамлекеттик камсыздоочу болуп эсептелиниши зарыл. Алардын жумушунун, эң башкы милдеттеринин бири-кырсыкты болтурбоо жана жабырлануучуну кесиптик реаблитациялоо же эмгек ишмердигин  андан ары улантуусуна шарт түзүп берүү.

            - Бул маселелерди чечүү иштеринде Кыргызстан профсоюздар Федерациясы кандай салым кошууда?

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде каралган нормалык актылардын негизинде өндүрүштүк кырсыктан майып болгон адамдарга ар тараптан жардамдарды көрсөтүүдө. Кыргызстандын баардык региондорунда жашаган жарандар арыздар, каттар аркылуу ар түрлүү суроолор жана көйгөйлөр менен кайрылып турушат жана кайрылышса болот. Ушул багытта, айлык акчаларынын убагында төлөнбөгөндүгү, пенсия маселеси, өндүрүштүк кырсыктан майып болгондугуна байланыштуу төлөнүүчү жөлөк пулду индексациялоо, зыяндуу шартта иштегендиктен кесиптик ооруга дуушар болгондугу, мыйзамсыз иштен бошогондугу жана башка көйгөйлүү маселелер менен кайрылышат, алардын баарына өз убагында жооптор берилип келүүдө. Ушундай көйгөйлүү маселелердин бири өндүрүштөгү кырсыктан майып болгон жарандарга төлөнүүчү жөлөк пулду индексациялоо болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын 17-апрель 1991  жыл №423-ХII «Калктын керектелүүчү товарлары жана тейлөө кызматынын бааларынын өзгөрүү эсебине карата сактоо жана кирешелерин индексациялоо» мыйзамынын негизинде жана Эмгек кодексинин 234 беренесине ылайык келтирилген зыянды төлөп берүү суммасын эсептөө индексациясы жүргүзүлөт.

Мисалы, 2013 жылдын 21-мартында Чуй облусуна караштуу Сокулук районунун Алма-Ата көчөсүнүн №57 үйүнүн тургуну Какева А. арыз менен кайрылган, арызда өмүрлүк жолдошу Алиев С. Бишкектеги «Биор» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканасында иштеп жатып, бийиктиктен кулап каза болгонун баяндайт жана үй-бүлөсүн баккан адамынан ажыраганына байланыштуу болгону (!) 694 сом компенсация төлөнүп берилгенин айтат. Арыздын негизинде, биздин кызматкерлер иликтөө иш чараларын жүргүзүп, анын негизинде 2013 жылдын 1-январынан тартып зыян келтиргендиги үчүн ордун толтуруу төлөмүнө индексация жүргүзүлүп, 694 сомдон 2400 сомго көбөйтүп, ай сайын төлөнүп берүүгө милдеттендирилди. Андан сырткары багуусуз калган балдарына зыян келтиргендиги үчүн кармалып төлөнбөй калган 4 084 сомду, бир жолу төлөнүүчү 15 050 сомдук жөлөк пулдун калдыгын жана маркумдун апасы Алиевага  10 000 сом, маркумдун өмүрлүк жолдошу Какеевага 30 000 сом моралдык жактан зыян келтиргендиги үчүн компенсация «Биор» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканасы тарбынан төлөнүп берилди.

Ушундай эле арыз менен 2013 жылдын 30-июлунда Жалал-Абат областына караштуу Ноокен районунун Бөгөт айлынын тургуну С. Рахманова  төмөнкүчө баяндайт: өмүрлүк жолдошу Чолпонов Ө. Ноокен райондук салык кызматында айдоочу болуп иштеп жүрүп, 2004 жылы 18-майда райондук салык кызматынын жетекчиси менен Бишкек шаарына командировкага бара жатып, Ош-Бишкек жолунда автокырсыка учурап ошол эле жерде көз жумган. Мамлекет тарабынан ай сайыын болгону (!) 250 сом жөлөк пул каралган. Чолпоновдун артында карыган ата-энеси, жубайы жана 2003 жылы туулган баласы калган. Арыздын негизинде жана берилген документерге иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин жөлөк пул туура эмес төлөнгөндүгү аныкталган, себеби,  Рахмановага жөлөк пул төлөнгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, 249 беренесинин 3 пуктуна ылайык жесир-Рахмановага зыян келтиргендиги үчүн жөлөк пул каралыш керек эле, анткени ал эч жерде иштеген эмес жана 14 жашка чейинки баласын кароо менен алек болгон. Ошондуктан 2004 жылдын июлунан тарта жесир-Рахмановага жөлөк пул 250 сомдон эмес 500 сомдон төлөнүш керек эле. Жогоруда келтирилген негизге таянып, жөлөк пул төлөмүн индексациялоо 500 сом менен жүргүзүлүп, 250 сомдон 1955 сомго көбөйтүлүп, Ноокен райондук салык кызматы тарабынан ай сайын төлөп берүүгө, андан сырткары 2004 жылдын июлунан 2013 жылдын  июлуна чейинки индексациянын төлөнбөй калган 137 592 миӊ сомдук калдыгын бир ирет өлчөмүндө төлөнүүсүн милдеттендирди.

Ошондой эле, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Жар айлынын тургуну III топтогу майып Саткынбек тегин Саадайбек 27 сентябрь 2013 жылы арыз менен кайрылган. Ал «Чакмак-Дарыя» жоопкерчилиги чектелген ишканасында жүн жууп тазалоочу цехте иштеп, 2005 жылдын 19-июлунда  өндүрүштүк кырсыка кабылган. «Чакмак-Дарыя» жоопкерчилиги чектелген ишканасы 775 сом өлчөмүндө жөлөк пул чегерген менен ушунча убакыттан бери индексация жүргүзбөй келген экен. Бул иштер баардык Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгектик техникалык инспекциясы тарабынан жөлөк пул төлөмүн индексациялоо жүргүзүлүп, 775 сомдон 2788 сомго көбөйтүлдү жана 2005 жылдын авгусунан 2013 жылдын  сентябрын кошуп индексациянын калдыгын 128 402 миӊ сомду бир ирет өлчөмүндө төлөнүүсүн «Чакмак-Дарыя» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчилигине тапшырды. Айта берсек, мындай мисалдар абдан көп, колубуздан келишинче биз кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берип атабыз.

- Мындай учурлар, мисалдар жалпысынан кандай натыйжа берүүдө?

Жогоруда келтирилген көйгөйлүү маселелер боюнча, тилеке каршы кайрылган жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Анткени Кыргызстандын аймагында ачылган, айрыкча жоопкерчилиги чектелген ишканалардын жетекчилеринин жоопкерсиздиги жана аларга мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан көрүлүүчү чаралардын супсак, жеңил болгондугунан, алар кол астында эмгектенген жарандардын коопсуздугуна көңүл бурбай жатандыгында. Биздин позициябыз боюнча, өндүрүштө болгон кырсыктарга жетекчиликтин жоопкерчилигин жогорулатуу жана аларга иш жүргүзүүгө берилген сертификаттын, күбөлүктүн кайра кайтарылып алынышы мыйзамдуу жолго коюлса, өндүрүштөгү кырсыктын саны азайып, жумушчулардын иш орундарына, коопсуздук чараларына болгон мамиле жакшы жагына өзгөрмөк.