Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы университет деӊгээлинде, бардык факультеттер арасында өткөзүлдү. 19 март күнү Сүмөлөк кайнатуу салтанаты башталып, университеттин көмөкчү чарбасынын эсебинен 1 кой союлуп, Нооруз майрамын уюштуруучуларына, жатаканадагы студенденттерге жана меймандарга сый тамак уюштурулду. Бул иш-чарага профсоюз комитети жакындан көмөк көрсөтүп, 5000 сом акча каражатын бөлүп берди. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери таланттуу студенттер менен биргеликте сармердендик кечесин уюштурушту.

            Андан сырткары университет кызматкерлери, профсоюз мүчөлөрү, студенттер «Жеӊиш» багында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерт уюштурушуп, көӊүлдүү маанай тартуулашты жана шаардык масштабда Нооруз майрамын өткөрүүгө чоӊ салымын кошушту.