Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатындагы семинар

2014 жылдын 11-13 март күндөрү Сузак районунда  Профсоюздун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин жана Жалал Абад обкомунун Сузак райкомунун бүгүнкү күнү жүргүзүп жаткан иштери жана Профсоюздун Борбордук Комитетинин «2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатында семинар болуп өттү. Семинарга   райондогу 139 баштапкы уюмдардын башчылары жана Жалал Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов катышып профсоюздун Борбордук Комитети, Жалал Абад обкомунун бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалыматтарды берди.

                       14-15 март күндөрү «2014 жыл-Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» карата Сузак районунда  салтанаттуу түрдө мугалимдердин спартакиадасы болуп өттү. Спартакиаданын салтанаттуу ачылышына Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын  өкүлдөрү, райондук  мекеме уюмдардын жетекчилери  катышышты. Мугалимдер спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси, ордо жана тогуз коргоол  түрү боюнча күч сынашты. Мугалимдердин спартакиадасынын областык туруна катышууга райондук курама команда түзүлдү. Спорттук иш чара «Керемет» телерадио компаниясынан 10 мүнөттүк атайын көрсөтүүсүндө чагылдырылат. Мугалимдердин спартакиадасына район боюнча 494 мугалим  катышып майрамдык салтанаттын ажарын ачты.