Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

60 жаш кутман курагыӊыз кут болсун!

60 жаш кутман курагыӊыз кут болсун!

Сиз, урматтуу Асылбек Токтогулович, ардактуу атаӊыз Боромбай уулу Токтогулдан жана асыл апаӊыз Шаршен кызы Гүкүдөн мүрөктөй таза сезим, булактай тунук мээрим, тукум улаган түгөнгүс колдоо, панардай жанган туура көз караш, адамзатына жана туулган жерге болгон тереӊ сүйүү, татыктуу тарбыя алгандан улам турмуштун даӊгыр жолунда көп жакшы адамдарга жолугуп, ырыс чачкан ынтымактуу жамааттарда мээнет бөлүшүп, 37 жылдан бери маӊдай тер төккөн эмгек жолуӊузда жөнөкөй мугалимдиктен тартып республикабыздагы ири коомдук уюмдун башчысына чейинки эӊ мыкты кызматтарды абийирдүү жана татыктуу аткарып келе жатасыз.

 27.03.2014      17300       Маалыматтык бюллетень

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы: ПРОФСОЮЗДАРДЫ БҮЛҮНТҮҮГӨ ДАЛАЛАТ. “Эркин профсоюздар” деп кыйкыргандардын эңсегени эмне?

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы: ПРОФСОЮЗДАРДЫ БҮЛҮНТҮҮГӨ ДАЛАЛАТ.	“Эркин профсоюздар” деп кыйкыргандардын эңсегени эмне?

Атуулдук активдүү позициясын көрсөтөбүз, элге таанылабыз дегендер, же болбосо саясатта упай ашырууга далалат кылгандардын Президенттин, же даанышман улуу ойчулдардын айткандарын эле эмес, ыңгайы келгенде эл оозундагы эң орунсуз фраза-цитаталарды деле бурмалап пайдалануу “модасынын” заманы өтүп кетип жаткандыгын кыязы, бул балдар али түшүнө элек көрүнөт. Мындай болбогондо, тээ батыштан келген бул өңдүү маданиятсыз, ыплас, бузукулукка сугарылган, жашообуздун баардык тармактарына сүңгүп кирип алган “технологияларга” жыйырма жылдан ашуун жетеленип жүргөнүбүздөн Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгүп алдыга жылып кетпейт белек деп эмне үчүн өзүбүздөн сурабайбыз?

 26.03.2014      1826       Маалыматтык бюллетень

Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи

Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи

Ачылуу аземи учурунда аким Б. Атиев: Биз окуган мезгилде Кара-Таш айыл амагында бир да спорт зал жок, биз суукта болобу, ысыкта болобу эшикте ойночубуз, жакшы ойночубуз, бирок борбордогу спорт залга барганда мелдештерден утулуп калчубуз. Ошондуктан ден соолукту чындоодо спорт залдын ролу өтө чоӊ экендигин билдирди. Бул спорт залдын курулуусу ЖКнын вице - спикердин такай көзөмөлүндө болгондугу, анын жалпы эле Ноокат районундагы курулуштарга кошуп жаткан салымы зор

 26.03.2014      1463       Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуулардын ролун көтөрүүгө жетишели!

 Макулдашуулардын ролун  көтөрүүгө жетишели!

2014-жылдын 19-март күнү №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин чогулуштар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы менен Ноокен райондук комитеттин президиумунун биргелешкен кеӊешмеси болуп, анда 55 мектептин, 28 бакчанын директорлору, 4 мектептен тышкаркы мекеменин жетекчилери, райБББнүн адистери катышты.

 26.03.2014      1025       Кесиптик бирлик региондордо

Күчтүү даярдык менен өткөн сынак.

Күчтүү даярдык менен өткөн сынак.

2014-жылдын 18-19-март күндөрү "Жыл мугалими-2014" кароо сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Жылдагыдан айырмаланып калыстар тобунун курамы жаш чыгармачыл мугалимдерден, жыл мугалимдеринен түзүлүп, комиссиянын мүчөлүгүнө райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаеванын сунушу менен баштапкы профсоюз уюмунан дагы калыстар тобуна кошулду. Ошондой эле сынактын калыс, адилет өтүүсү үчүн 5 адамдан турган байкоочу кеӊеш түзүлдү.

 25.03.2014      1288       Кесиптик бирлик региондордо

Новости из Кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры имени Н Исанова.

 Новости из Кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры имени Н Исанова.

19 февраля совместно со студенческими советами общежитий №1,2,3 объединенный профком КГУСТА организовал и провел конкурс «Эркектин Таймаши» в четь праздника 23 февраля - Дня защитников Отечества. Средства на это мероприятие также выделил профком. По инициативе объединенного профкома КГУСТА в честь 8 марта в БАЗе КГУСТА был проведен концерт для студентов и сотрудников. В манеже КГАФКС молодые сотрудники профессорско-преподавательского состава и студенты участвовали в турнире по «Ордо», где заняли II-место, профком принял активное участие в этом мероприятии и оказал материальную помощь.

 25.03.2014      1303       Маалыматтык бюллетень

Ош ОПК менен Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү

Ош ОПК менен  Кара-Суу РПКнын биргеликте өткөргөн көчмө семинары болуп өттү

Кара-Суу району абдан чоӊ район болгондугуна байланыштуу, каралуучу маселелер жеткиликтуу болуусу учун 2 зонага болунуп, 20-февралда райондогу ВЛКСМ орто мектебинде 1-зонада, 27-февралда 2-зонада Агартуу орто мектебинде болуп, бардыгы 110 баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери катышышты. Семинар практикалык көрсөтмөлүү пайдалуу болуусу учун ВЛКСМ орто мектеби жер титирөө мезгилинде кызматкерлер жана окуучулар эвакуациялык планга ылайык чыгуу керектиги көрсөтүлүп, тийиштуу документтер медициналык биринчи жардам кандай көрсөтүлүүсү керектиги көрсөтүлдү.

 25.03.2014      1155       Кесиптик бирлик региондордо

«2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатындагы семинар

«2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатындагы семинар

2014 жылдын 11-13 март күндөрү Сузак районунда Профсоюздун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин жана Жалал Абад обкомунун Сузак райкомунун бүгүнкү күнү жүргүзүп жаткан иштери жана Профсоюздун Борбордук Комитетинин «2014-жыл- жаштар жана профсоюз ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» конкурсунун материалдарын жана жоболорун баштапкы уюмдун башчыларына жеткирүү максатында семинар болуп өттү. Семинарга райондогу 139 баштапкы уюмдардын башчылары жана Жалал Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов катышып профсоюздун Борбордук Комитети, Жалал Абад обкомунун бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалыматтарды берди.

 25.03.2014      999       Кесиптик бирлик региондордо

Бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды

Бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды

18-март күнү Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин кеӊейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйындын алдында 23-февраль «Мекенди коргоочулар» күнүнө жана университеттин 20 жылдыгына карата мырзалар арасында өткөрүлгөн бильярд боюнча турнирдин жыйынтыгы чыгарылды. Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Ч. Мамажакып уулу сөз алып, бул турнирдин уюштурулуш максатын түшүндүрүп, жеӊүүчүлөрдү дипломдор жана профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйлады.

 25.03.2014      1144       Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде Нооруз майрамы университет деӊгээлинде, бардык факультеттер арасында өткөзүлдү. 19 март күнү Сүмөлөк кайнатуу салтанаты башталып, университеттин көмөкчү чарбасынын эсебинен 1 кой союлуп, Нооруз майрамын уюштуруучуларына, жатаканадагы студенденттерге жана меймандарга сый тамак уюштурулду. Бул иш-чарага профсоюз комитети жакындан көмөк көрсөтүп, 5000 сом акча каражатын бөлүп берди. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери таланттуу студенттер менен биргеликте сармердендик кечесин уюштурушту.

 25.03.2014      1269       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин мүчөлөрүнүн саны толукталды

Билим берүү кызматкерлеринин  Кара-Суу райондук профсоюз                комитетинин мүчөлөрүнүн саны  толукталды

Кара-Суу районуна караштуу №12 «Отуз-Адыр» орто мектеби 2010-жылдан баштап Кара-Суу райондук профсоюз комитетинен чыгып, өз алдынча профсоюз уюм болуп иш жүргүзүп келишкен. 2014-жылдын 19-мартында профсоюз уюмдун жалпы чогулушу өткөрүлүп, №12 «Отуз-Адыр» орто мектебинин мугалимдер жамаатындагы эмгектенген мугалимдери жана техникалык кызматкерлери ыктыярдуу түрдө Кара-Суу райондук мугалимдердин профсоюз комитетине кайрадан мүчө болуп кошулушту.

 25.03.2014      1357       Маалыматтык бюллетень