«Манас – улуу мамлекеттик ишмер» аттуу илимий –практикалык конференция
2014-жылдын ноябрында Ноокен районунун №2 С. Ногоева атындагы орто мектебинин чогулуштар залында «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата» «Манас – улуу мамлекеттик ишмер» аттуу илимий –практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 108 адам катышты. Конференциянын иши 2 бөлүк менен өткөрүлүп, пленардык жыйында төмөндөгүлөр баяндамалар менен чыгышты:
- Осмонов А.К.- Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.
- Эшиев А.М.-Филология илимдеринин доктору, профессор (КР УИА) –«Манас-улуу мамлекеттик ишмер» темасында.
- Айдаркулов К.А.- тарих илимдеринин кандидаты, профессор (ЖАМУ)-«Улуу Манас-кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү улуу инсан»
- Токтогулов А. М.-Райондук ардагерлер коомунун төрагасы
- Сакиева С. -педагогика илимдеринин доктору, профессор (ЖАМУ)-«Адабий окууда «Манас» берилиши: тажрыйбасы жана келечеги»
- Дуйшеев Ж.А.- тарых илимдеринин кандидаты, профессор(ЭИУ)- «Жогорку окуу жайында «Манас» эпосун окутуунун өзгөчөлүктөрү»
Конференциянын 2-бөлүгүндө катышуучулар 2 секцияга 2 бөлүнүп иштешти.
1-секция. Манас тарыхый инсан. «Манас» эпосунун мамлекеттик башкаруудагы жана улуттук идеологиядагы орду жана ролу.
2-секция.1) «Манас» эпосунун жаш жеткинчектерди тарбиялоодогу орду жана ролу 2) «Манас» эпосун окуутунун жолдору жана ыкмалары.
Конференция резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы-
Б.Абдурахманова.