Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы Профсоюз Комитетинин төрага жана төрайымдарына методикалык жардам көрсөтүү максатында

        Араван райондук Билим Берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жана Билим, Илим кызматкерлеринин Областык Профсоюз комитети тарабынан 2014-жылдын 5-март күнү Баштапкы Профсаюз Комитетинин төрага жана төрайымдарына методикалык жардам көрсөтүү максатында А. Кадиров атындагы орто мектебинин базасында окуу семинары өткөзүлдү. Семинарда 75 Баштапкы Профсоюз Комитетинин төрага жана төрайымдары, Райондук Билим Берүү Бөлүмүнүн бухгалтерлери, Райондук Профсоюз Комитетинин жана Облустук Профсоюз Комитетинин апарат кызматкерлери катышышты.

 

Семинарда төмөнкү багытта маалыматтар берилди;

  1. Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери.
  2. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо.
  3. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жамааттык келишимдер жөнүндө.
  4. КР өкмөтүнүн 31.05.2011-ж №270 токтомунун аткарылышы жөнүндө (эмгек акы)
  5. Убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пасобиянын толөнүшү жөнүндө.
  6. Баштапкы уюмдардын иш кагаздарын жүргузүү жөнүндө. 

 

       Семинар катышуучулары тарабынан суроолор берилди, пикир алмашуулар болду.

 

       Семинардын аягында катышуучуларга сапар каражаты төлөп берилди.

 

 

 

          Араван РББКПК төрагасынын

          милдетин аткаруучусу                                                  Б. Турдубаев