Жаш адистер декадасы жыйынтыкталды
Кара-Көл шаарында жаш адистердин укугун, социалдык- экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана эс алуусун уюштуруу максатында профсоюздук комитети менен бирдикте Жаштар Кеңеши түзүлгөн. Ал эми жаш адистердин кесибине болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Жаштар мектеби” түзүлгөн.
01.03.2021 382 Кесиптик бирлик региондордоРеспубликалык сынакта диплом менен сыйланды
Жалал-Абад областына караштуу Сузак райондук балдар чыгармачылык уйунун мугалими Мамасалиева Жамила Курбаналиевна Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлигинин «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия беруу окуу-усулдук борбору уюштурган балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим беруу уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында откорулгон «Корком жана социалдык-педагогикалык багыттардагы усулдук кейстердин программалык –усулдук иштелмелеринин Республикалык сынагында 2-орунду ээледи.
01.03.2021 549 Кесиптик бирлик региондордоАлдынкы тажрыйба жайылтылды
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө 2021-жылдын 26-февралында жалпы Жалал-Абад облусундагы орус тили жана адабияты предметинин мугалимдерине шаарыбыздагы Туралы Темиров атындагы №6 орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча мугалими, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси Токтосунов Шамшидин Ашировичтин "Преподавание русского языка и литературы с изпользованием дистанционных технологий обучения в формате онлайн обучения"- деген темада вебинар областтык денгээлде өткөрүлдү.
01.03.2021 391 Кесиптик бирлик региондордоКитеп окуу сынагы
Кыргыз мугалимдеринин алтын доорун алып келүүнү, кыргыз мугалимдерине колдоо көрсөтүүнү, кыргыз мугалимдерин шыктандырууну максат кылган мугалимдер, тарбиячылар, педагогикалык багытта билим алып жаткан студенттердин арасында болуучу КИТЕП ОКУУ сынагына биздин мугалимдер активдүү катышууга бел байлады.
01.03.2021 456 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар кеңешинин төрага, төрайымдары үчүн “Жаштар-профсоюздун келечеги” аттуу иш-чарасы уюштурулду
2021-жылдын 27-февралында Сузак районундагы Манас атындагы №90 жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинде, Жалал-Абад облусунун райшааркомдордун алдындагы, билим берүү тармагы боюнча жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары үчүн “Жаштар-профсоюздун келечеги” аттуу областык иш чарасы уюштурулду.
01.03.2021 426 Кесиптик бирлик региондордоМектеп директорлору үчүн семинар болуп өттү
2021-жылдын 26-февралында Базар-Коргон районундагы Ө.Атабекова атындагы №30 инновациялык гимназия мектебинде мектеп директорлору үчүн семинар болуп өттү.
01.03.2021 366 Кесиптик бирлик региондордо“Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын абалы жана предметтердин окутулушу боюнча коллегия
2021-жылдын 26-февралында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №30 Ө. Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде жалпы билим берүүчү уюмдарынынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын абалы жана предметтердин окутулушу, мугалимдердин ишмердүүлүгү боюнча коллегиясы болуп өттү.
01.03.2021 322 Кесиптик бирлик региондордо"Мекенди сүйүп, ынтымакты сактайбыз" аттуу ачык эшик болуп өттү
Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ата мекенге болгон патриоттук аң сезимин күчөтүү максатында Исфана шаар башкармалыгынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында Лейлек РИИБнин имаратында 2021-жылдын 24-февраль күнү "Мекенди сүйүп, ынтымакты сактайбыз", - аттуу милициянын ачык эшиктер күнү болуп өттү.
01.03.2021 281 Кесиптик бирлик региондордо"Ким болсо эгер чебер сөздүү, акылман, Барган жерге үрөн себээр акылдан"
2020-жылдын 20-февралында Баткен шаарында "Адеп-ахлактын негизи - ыймандуулук жана мээримдүүлүк" аттуу облустук иш-чарага күбө болдук. "Жакшы адамдар менен чогуу отуруу-анкыган жыпар сындуу. Жыпар жыты бар адамдан жагымдуу жыт таралат" деп хадисте айтылгандай, жакшы инсандардын башын бириктирген бул иш чара жогорку деңгээлде өттү, ар бир катышуучу жан дүйнөсүн сооптуу иштер менен азыктанып, рух казанын толтуруп кайтты.
01.03.2021 354 Кесиптик бирлик региондордоЗоналдык олимпиада болуп өттү
021-жылдын 26-февралында Лейлек районунун Катран айыл Өкмөтүндөгү "Кой-Таш" орто мектебинде Эл агартуунун мыктысы-Абдраимов Таир агайдын жаркын элесине арналган математика сабагынан 7-класстардын окуучуларынын арасында зоналдык олимпиада болуп өттү.
01.03.2021 502 Кесиптик бирлик региондордоПредметтик жумалыктар өткөрүлдү
Аксы районунда Н.Мамбетов мектебинде предметтик жумалыктар өткөрүлдү. Физика предмети боюнча "Жаш ойлоп табуучулар" сынагы уюштурулуп,окуучулардын кызыгууларын жаңы техниканы ойлоп таануусуна өбөлгө түздү.
01.03.2021 603 Кесиптик бирлик региондордо