Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш адистер декадасы жыйынтыкталды

Кара-Көл шаарында жаш адистердин укугун, социалдык- экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана эс алуусун уюштуруу максатында профсоюздук комитети менен бирдикте Жаштар Кеңеши түзүлгөн. Ал эми жаш адистердин кесибине болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Жаштар мектеби” түзүлгөн. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети окуу-усулдук кабинет менен бирдикте жаш адистерди колдоо максатында атайын иш- чараларды өткөрүп келет. Жаңы адистигин баштаган кезде жана декада башталаарда семинарлар өткөрүлдү, стимул берүү максатында педагогикалык ишмердүүлүгүнө жардам бере турган китептер белекке берилди. Кечээ күнү шаардык билим берүү бөлүмүнүн иш планында каралган "Жаш адистер декадасы" аяктады. Декаданын негизги максаты жаш адистерге усулдук жардам көрсөтүү, сабак өтүүдө педагогикалык чеберчилигин арттыруу, жаш адистердин жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үйрөтүү ирээтинде иш алып барды. Жалпысынан 42 жаш адис өз предметтери боюнча ачык сабактарды өтүшүп өздөрүнүн кесипке болгон аракеттерин, жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Жыйынтык 26.02.2021- жылы Токтогул атындагы №1 мектептин чоң залында бардык шаар боюнча билим берүү мекемелеринин жаш адистеринин, устат мугалимдеринин жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда өттү. Кара-Көл ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева жаш адистерге жакшы ой-тилектерин билдирип, иштерине ийгилик каалады. "Жаштар мектебин" жетектеп, жаштар менен тынбай иш алып барган Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын химия-биология мугалими Н.Мамаева Республикага аттын кашкасындай таанымал, даанышман агайыбыз педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадеминовдун грамотасы жана китеби менен сыйланды. Жаш адистердин эки айлык декадасындагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кара-Көл ШБББнүн окуу-усулдук кабинеттин жетекчиси, профкомтөрайымы А.К.Каракозуева, методисти Ы.К.Молдомусаева жаш адистердин аткарган иштери боюнча баалоо жүргүзүп жалпы маалыматтарды беришти. Мекеме жетекчилери ар бири өздөрүнүн жаш адистерине айтылган анализди туура кабыл алуу менен окуу-усулдук кабинеттин методистерине ыраазычылык билдиришти. Жыйынтыгында ар бир мекемеде “Жаш адистер мектебинин” иши мындан ары да жанданып, тынбай иш алып баруу керектигин баса белгилешти.

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды берүү иштерин колдоо боюнча шаардын мэрине кат жолдонду.