Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Китеп окуу сынагы

Кыргыз мугалимдеринин алтын доорун алып келүүнү, кыргыз мугалимдерине колдоо көрсөтүүнү, кыргыз мугалимдерин шыктандырууну максат кылган мугалимдер, тарбиячылар, педагогикалык багытта билим алып жаткан студенттердин арасында болуучу КИТЕП ОКУУ сынагына биздин мугалимдер активдүү катышууга бел байлады. Биринчиден,китеп окуп жан дүйнөсүн байытса, экинчиден билим куржунун толтурат, үчүнчүдөн педагогикалык ишмердүүлүгүндө бир канча жетишкендиктерге, ийгиликтерге жетүүнүн сырын ачып, эң башкысы окуучулардын сүйүктүү мугалими болууга жетишет. Ооба, дал ушул,  "Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт" китеби баарыбызга үн - сөзү жок көптү үйрөтүп, мугалимдик кесиптин даражалуу жана ардактуу кесип экенин аңдап - билүүгө көмөкчү болооруна ишенип турабыз. Чындыгында, бул китеп ар бир мугалимдин китеп текчесинде орун алуусу керек экендигин баса белгилейбиз. 
Окуган китебиниздерден алган билиминиздер жугумдуу болсун, ардактуу, асыл мугалимдер. Сиздерге ийгилик каалайбыз!