Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын абалы жана предметтердин окутулушу боюнча коллегия

2021-жылдын 26-февралында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №30 Ө. Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде   жалпы  билим берүүчү уюмдарынынын  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын абалы жана предметтердин окутулушу, мугалимдердин ишмердүүлүгү боюнча  коллегиясы болуп өттү.

Коллегияга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев, билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин  төрагасы  С.  Жаркынбаев,   райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери  жана райондогу  жалпы  билим берүүчү    уюмдарынынын  директорлору     катышты.

 

Коллегияда,  фронталдык текшерүү жүргүзүлгөн эки мектептин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын абалы каралды.

Ошондой эле, коллегияда мектептерде айрым предметтердин: тарых, биология сабактарынын окутулушу, мугалимдердин ишмердүүлүгү боюнча   текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралды. Текшерүүдө, негизинен  сабак берген мугалимдердин иш кагаздары, календарлык планы, план-концпектилери, өз ара сабакка катышуу дептерлери, класстык журналдардын туура жана таза  толтурулушу, күндөлүк баалар нормада коюлушу, предметтик кабинеттердин жабдылышы, окуучулардын олимпиадага катышуу  натыйжалары боюнча  жүргүзүлгөн.  Жогорудагылардын негизинде  предметтик мугалимдердин ишмердүүлүгү   каралып, коллегиянын чечимдери чыгарылды.

             

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов