Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары үчүн “Жаштар-профсоюздун келечеги” аттуу иш-чарасы уюштурулду

2021-жылдын   27-февралында Сузак  районундагы Манас атындагы №90 жалпы билим берүүчү инновациялык  мектебинде, Жалал-Абад облусунун райшааркомдордун алдындагы, билим берүү тармагы боюнча  жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары  үчүн  “Жаштар-профсоюздун келечеги” аттуу  областык иш чарасы уюштурулду.     

Иш-чарага Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы А.А.  Исмаилов,  обкомдун  инспектору  А.Айдаров, обкомдун аппарат мүчөлөрү, Сузак  райкомунун  төрагасы  А.Орозалиев, областык жаштар кеңешинин төрагасы, мектеп активистери, райшааркомдордун алдындагы жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары, анын ичинде Базар-Коргон районунан жаштар кеңешинин төрагасы  А.Усенов  катышты.

 

Иш-чараны   обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов ачып,  катышуучуларды жана кесиптештерибизди келе жаткан  8-март  майрамы менен куттуктады. Төрага А.Исмаилов, Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун    комитети тарабынан мугалимдерибиздин ар-түрдүү көйгөйлөрүн, биринчи кезекте алардын ден-соолуктарынын чыңдалышына, алардын жашоо, иштөө шарттары менен таанышып, көңүл бурулуп,  колдон келишинче жардам берилип жаткандыгын билдирип, жаштарды  колдоо максатында жакшы ой максаттарды айтып өттү.

 

Иш-чара катышуучулары жаштардан үмүт чоң экендигин айтышып, жаштардын иштерине чоң ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө  “эмгек коллективиндеги чыр-чатактар: анын себеби жана чечүү жолдору” деген темада  семинар өтүлдү. Семинардын максаты катышуучуларга  эмгек коллективиндеги чыр-чатактарды чечүү боюнча    теориялык билим  жана  практикалык тажрыйба берүү болду.

  

Ошондой эле семинарда  Билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин сыйлыктары жөнүндө жоболор жана  профсоюз мүчөлөрүбүзгө материалдык жардамдын  берилиши  боюнча маалыматтар берилди.

Жаштар кеңешинин күн тартибиндеги маселелери да каралып өттү.

Райшааркомдордун алдындагы жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко ыраазычылыктарын  билдиришип,  иш-чара уюштуруучуларынын иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов