Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Ким болсо эгер чебер сөздүү, акылман, Барган жерге үрөн себээр акылдан"

2020-жылдын 20-февралында Баткен шаарында "Адеп-ахлактын негизи - ыймандуулук жана мээримдүүлүк" аттуу  облустук иш-чарага күбө болдук. 
"Жакшы адамдар менен чогуу отуруу-анкыган жыпар сындуу. Жыпар жыты бар адамдан жагымдуу жыт таралат" деп хадисте айтылгандай,  жакшы инсандардын башын бириктирген бул иш чара жогорку деңгээлде өттү, ар бир катышуучу жан дүйнөсүн сооптуу иштер менен азыктанып, рух казанын толтуруп кайтты. 
"Ыйман нуру" коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Өкүл ата, өкүл эне" иш чарасынын алкагында тоголок жетим жаш баланы өз камкордугуна алган үй- бүлөнү көрүп ак дилден үй-бүлөлүк бакыт кааласам, кийим-кече, акчалай жардамдарды алышкан наристелердин бирин бетинен сүйүп, "менин кызым курактуу экен" деген Нуржигит Кадырбеков агайдын сөзүнө  көзүмө жаш тегеренди. 
Нуржигит агай уккан сайын уккун келген кызыктуу да, тарбиялык мааниси зор сөздөрүндө  өзгөчө "өкүл ата" сөзүнүн тарыхы, жашоо түркүгү энелер тууралуу , садака берүүнүн пайдасы, бала тарбиялоодогу милдеттер ж.б токтолду. 
Устатыбыз Гапыр Мадаминов өз докладында китеп окуу маданиятын үй- бүлөдө да жайылтуу,  адамдын ички маданиятын өстүрүү,  Пайгамбарыбыз САВдын, Исхак Раззаковдун "өкүл ата" катары өз камкордугуна алган наристелер,  жакшы иштери тууралуу токтолуп, сөзүнүн аягында  "ыйман- тарбия, адеп-ахлак менен билим, илимдин айкалышуусу адамды куштун кош  канатындай бийиктиктерге жетелейт" деген таасын баасы, чакырыгы көпчүлүктүн купулуна толду, алкоосуна арзыды. (Агайыбыздын докладын видео түрүндө дагы толук жарыялайбыз).
Мындай жакшы саамалыктын катышуучусу  катары КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттаровага ,  мурдакы КР Маданият министри  Нуржигит Кадырбековго,  Баткен шаарындагы “Ыйман нуру” коомдук фондунун жетекчиси  Апызалы Кочкоровго,  “Абийир” Коомдук Кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абдикулов Мухамад Ажыларга,  өзгөчө, устатыбыз КРнын педагогика илимдеринин кандидаты, устатым Гапыр Мадаминовко ж.б уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиремин.
 


Материалды даярдаган Авазбек Бердиев