Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Зоналдык олимпиада болуп өттү

2021-жылдын 26-февралында Лейлек районунун Катран айыл Өкмөтүндөгү "Кой-Таш" орто  мектебинде Эл агартуунун мыктысы-Абдраимов Таир агайдын жаркын элесине арналган математика сабагынан 7-класстардын окуучуларынын арасында  зоналдык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Катран айыл Өкмөтүнө караштуу мектептерден 1ден 7-класстын окуучулары катышып өз билимдерин сынашты. Натыйжада 1-орунду 5 мектеп гимназиясынан, 2-орунду "Катран" орто мектебинен, 3-орунду "Кой-Таш" орто мектебинен катышкан окуучулар ээлешти. Бул олимпиада өткөн окуу жылында да болуп 1-орунду Ормош Сапаров атындагы орто мектебинен,2- орунду "Кой-Таш" орто мектебинен, 3-орунду "Өзгөрүш" орто мектебинен катышкан окуучулар ээлешкен. Олимпиада да мыкты орундарды ээлешкен окуучуларга жана окуучуларга мыкты билим - тарбия беришкен мугалимдерге чексиз ийгиликтерди каалаймын.

Мындан сырткары "Кой-Таш" орто мектебинин 1-10- класстарындагы окуучуларынын арасында "МЫКТЫ МАТЕМАТИК" -  кароо-сынагы болуп, математика сабагын мыкты окуган окуучулар жеңүүчү деп табылып, баалуу белектерге ээ болушту. Учурдан пайдаланып олимпиаданы уюштурган мектептин эмгек жамаатына, Таир агайдын үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирем.
 
 

Материалды даярдаган Авазбек Бердиев