Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдынкы тажрыйба жайылтылды

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө 2021-жылдын 26-февралында жалпы Жалал-Абад облусундагы орус тили жана адабияты предметинин мугалимдерине шаарыбыздагы Туралы Темиров атындагы №6 орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча мугалими, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси Токтосунов Шамшидин Ашировичтин "Преподавание русского языка и литературы с изпользованием дистанционных технологий обучения в формате онлайн обучения"- деген темада вебинар областтык денгээлде өткөрүлдү. Вебинарды областык окуу-усулдук борборунун директору Акылбек Адишович Токтосунов ачып берди. Ал эми Кара-Көл ШБББнүн башчысы А.Б. Мырзалиева бардык вебинардын катышуучуларына ийгилик каалап, алардын активдүү катышып берүүлөрүн өтүндү. Жалпысынан вебинарга жүз адам катышып, кире албай калгандары байланышка чыгып агайдын усулдук китепчесинин электрондук вариантын жөнөтүп коюшун өтүнүштү.

Вебинардын аягында тегерек столдо дистанттык окутуунун оң жана терс жактары кызуу талкууланып, бүгүнкү вебинардын уюштуруучусу орус тили жана адабияты мугалими Ш.А. Токтосуновго ыраазычылык билдиришти. Мындай областтык деңгээлдеги вебинар, тегерек столдор ар дайым болуп туруусу жакшы жетишкендиктерди берет эле деген ойлорун билдиришти.

Көп жылдык эмгегин барктап, баалап, Кара Көл шаарынын билим берүү кызиаткерлеринин профсоюздук комитети тарабынан новатор мугалим Ш.А. Токтосуновго 10 күндүк Жалал-Абад курортуна жолдомону профком төрайымы А. К. Каракозуева тапшырды.