Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директорлору үчүн семинар болуп өттү

2021-жылдын 26-февралында Базар-Коргон районундагы Ө.Атабекова атындагы №30 инновациялык гимназия мектебинде мектеп директорлору үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын темасы:  

  1. Кыргыз Республикасынын  “Конституциясынын жаңы долбоорун” талкулоо.
  2. Жалпы билим берүүчү    уюмдарында  аккредитациялоо этаптары.        

Семинарга билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин  төрагасы  С.  Жаркынбаев,   райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери  жана райондогу  жалпы  билим берүүчү уюмдарынынын  директорлору     катышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын  “Конституциясынын жаңы долбоору”  талкуланды. Акредитация боюнча кенен маалыматтар берилди.

Семинардын катышуучулары жогорудагы темалар боюнча талкуулоо жүргүзүшүп,  суроо жоопторду беришип, керектүү маалыматтарды алышты. Семинар пайдалуу болду. 

 

       

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов