Cекционная работа для директоров ДОО Лейлекского района

В преддверии нового учебного года, в детском саду №1 «Барчын» г.Исфана, 23-августа, прошла секционная работа для директоров ДОО и воспитателей, которая охватила ряд насущных направлений: Планирование годового плана, Ведение документаций в детском саду, Ведение документаций воспитателя,Планирование календарных планов, Планирование перспективных планов, Работа с ноутбуком, Как вести занятия с интерактивными методами работы. В этом мероприятии приняли участие специалисты РайОО, 50 директоров государственных и частных детских садов и 72 воспитателя. В ходе данного мероприятия были рассмотрены все выше указанные темы, выступлениях участников рассматривались актуальные вопросы, поднимались проблемы нравственного и патриотического воспитания дошкольников; взаимодействия ДОУ с семьями воспитанников, представлен опыт работы педагогов по формированию здорового образа жизни современного дошкольника, создания условий для воспитания коммуникативной культуры детей дошкольного возраста.
02.09.2019 738 Кесиптик бирлик региондордо2019-жылдын 28-август күнү Кызыл-Кыя шаарында жыл сайын өтүүчү август кеңешмеси болуп өттү

Кеңешмеге шаардын билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринде эмгектенген алдыңкы кызматкерлер катышты. Конок катары шаар мэри, социалдык тармакты көзөмолдөгөн вице-мэр, КР Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О.Сатаровалар катышып, жыл жыйынтыгын чыгаруу менен жаңы окуу жылына карата милдетерди коюшту. Конференциянын соңунда билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан ысык чай уюштурулуп, мугалимдерге жаңы окуу жылында жаңы дем-күч менен иштөөгө чакырык жасалды.
02.09.2019 657 Кесиптик бирлик региондордоКыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары

2019-жыл 29-август күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” темасында Август кеңешмеси болуп өттү. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен РИИБнүн башчысы, айыл өкмөт башчылары, мекеме иш-каналардын жетекчилери, ардагер мугалимдер, жаш адистер жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Август кеңешмесинде Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э. Маматаев билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
02.09.2019 933 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда мугалимдердин жайкы секциялык иштери

2019-жылдын 22-23-август күндөрү Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана окуу улулдук каанасы тарабынан мугалимдердин “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темада жайкы секциялык иштери 2 зонага бөлүнүп өткөрүлдү. 22-август күнү Кулунду айыл аймагына караштуу “Кыргызстандын 40 жылдыгы ” орто мектебинде, 23-август күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу Исфана орто мектебинде жалпы 1430 мугалимдин катышуусу менен өттү. Ошондой эле, окуу бөлүм башчылары, тарбия иштер боюнча директордун орун басарлары, китепканачылар да катышышты.
02.09.2019 705 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин авгус кеңешмеси болуп өттү

28-август күнү Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин август кеңашмеси болуп өттү. Бул кеңешме 2 баскыч менен өткөрүлдү. Биринчи баскычында мекеме жетекчилери,предметтик мугалимдер кеңешмелери уюштурулуп,шаардык усулдук бирикмелердин башчылары жаңы окуу планын талкуулоо менен биргеликте мугалимдердин предметтик көйгөйлөрү айтылды. Ал эми экинчи баскычта болсо шаар жетекчилери менен мугалимдердин тегерек столу уюштурулду. Шаардын мэри Р.Асаналиев баштаган жетекчилер катышып,кеңешменин жүрүшүн жергиликтүү “Таш-Көмүр жарчысы” газетасынын редактору С.Каратаев көз салып турду. Тегерек столдун катышуучулары,коноктору менен биргеликте ШБББнүн отчету угулуп,слайддар көрсөтүлүп, 2018-2019-окуу жылына анализ жасалып, ийгиликтер жана кемчилдиктер баса белгиленди.Шаар жетекчилери менен биргеликте мугалимдердин социалдык абалы, коомдогу ролу, кылмыштуулуктун алдын алуу, долбоорлор менен иштөө сыяктуу орчундуу маселелер коюлуп чечүү жактары каралды.
02.09.2019 690 Кесиптик бирлик региондордо«Школа молодого лидера» жайкы окуу - семинары жөнүндө маалымат

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин инспектору А.Бөлөкбаев. Мен «Центр солидарности» эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Школа молодежного лидера» окуу семинарынан көптөгөн жаӊы билимдерди алдым. Мен окуу-тренингден профсоюз жөнүндө, кызматкерлердин укуктары жана эл аралык стандарттар, оратордук чеберчилик, лидерлик, мугранттардын укуктары, гендердик теӊчилик, социалдык тармактарды колдонуу жана колдонууда коопсуздук эрежелери жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара иштешүү деген темаларда көптөгөн маалыматтарды, тажрыйбаларды алдым.
02.09.2019 671 Кесиптик бирлик региондордо“Мен татыктуу эмгек үчүн” жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл” деген темада эссе жазуу үчүн конкурс жарыяланып, жыйынтыгында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов “Жаш лидерлер жайкы мектебине” катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилидж” эс алуу жайында “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышында жаш лидерлердин жайкы мектебине катышып келди.
28.08.2019 830 Кесиптик бирлик региондордоАлысты жакын кылган эс алуу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлеринин балдары 2019-жылда “Арстанбап-Ата” турбазасында акыркы агым менен 19 бала 10 кун эс алышты. Балдарга шарттарды түзүлүшү менен таанышуу жана кабар алуу максатында турбазада болуп окуучулар жана турбаза жамааты менен маектештим. Балдар алыстан жол журуп, ашуу ашып келгендиктерин жакшы болгондуктарын айтышып кубанышты.
28.08.2019 693 Кесиптик бирлик региондордоЖайкы эс алуу

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык профсоюз уюмунун мүчөлөрү: “Санат”, “Нептун”, “Ысык-Көл”, “Арстанбоб”, “Сары-Челек” эс алуу жайларында эс алышып, уюштуруу комитеттерине жана облустун, шаардын профсоюз комитетинин башчыларына ыраазычылык билдиришти. Быйылкы эс алууга 2018-2019-окуу жылындагы ийгилик көрсөткөн, “Жыл мугалими-2019” конкурсунун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары эс ала алышты. Профсоюздун шаардык комитетине караган бардык баштапкы уюмдардын профсоюздары эс алуу менен семинарды айкалыштырып Сары-Челекте 2 күндүк окуу уюштурулду.
26.08.2019 679 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдердин койгойлору кол жээгинен талкууланды

Билим беруү жана илим кызматкерлеринин проофсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан 18-августан 23-августка чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда атайын баштапкы уюмдун төрага жана төрайымдары үчүн окуу семинары уюшулду. Бул семинардын алкагында Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунан келген профкомдор профсоюздун алгылыктуу иштери менен таанышуу менен биргеликте керектүү маалыматтарды төрага Токтогулов Асылбек Токтогуловичтен бетме-бет отуруп кенен алууга жетишишти.
21.08.2019 746 Кесиптик бирлик региондордоНоокендин мыктылары Алматыда

2018-2019-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жарыяланып, өткөрүлгөн мелдештердин жана кароо-сынактарда мыкты ийгиликтерди жараткан, андан сырткары мектепке, бакчага инвестиция тартуу, эмгекти коргоо жана каоопсуздук иш-чараларын мыкты уюштурган мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери Казахстан Республикасынын Алматы шаарында 12-15-август күндөрү эс алып кайтышты. Эс алууга барган билим берүү кызматкерлери Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык, областтык жетекчилерине жана Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышановго өз ыраазычылыктарын билдиришти.
21.08.2019 673 Кесиптик бирлик региондордо