Ошто жаштардын достук мелдеши өтүүдө...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун жана АОЖдордун жаштар комитеттеринин ортосунда спорттун футбол, волейбол, стол теннис түрлөрү боюнча мелдеши болуп өттү. Аталган иш чара окуу жайлардын ортосундагы биримдикти бекемдөө менен, ынтымак, достукту чыңдоо үчүн Ош шаардык Мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен окуу жылы башталгандан тарта ишке ашып келе жатат. Эң алгач ОшТУда, андан соң ОшКУУда эстафета катарында болуп өткөн. Ага да институттун студенттери барып катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. Бул жолку оюн ОГПИде жалпы жаштардын башын бириктирип, жагымдуу маанайда коштолуп, жогорку деңгээлде улантылып жатат. Ар бир окуу жайдан түзүлгөн атайын командалар өзгөчө даярдык менен келип, атааңдаштарга ат салдырбайбыз деген күчтүү дем жана ортодогу достукту сактоо менен жигердүү катышышты. Бул саамалык учурдагы жаштардын спортко кызыкдар экенин далилдеп, дагы-да болсо алардан келечектин жаркын жашоосун күтүүгө боло турганын айгинелешти.
27.09.2019 627 Кесиптик бирлик региондордо«Кыргыз тилим менин дилим»

2019-жылдын 21-сентябрь күнү Кадамжай районундагы Халмион маданият сарайында тил майрамына карата кароо сынак болуп өттү. Иш чарага Билим берүү бөлүмүнүн методисттери, Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, тарбиячылар, ата-энелер жана 9 бала бакча толугу менен катышып, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Иш чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү эне тилин, кыргыз тилин сүйүүгө чакыруу. Жаш өспүрүмдөр ырдашып, бийлешип келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулашты.
27.09.2019 1227 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
23-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 30 жылдыгына арналган, "Эл дөөлөтү – эне тил" деген аталыштагы чоң майрамдык салтанат болуп өттү. Иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган атайын бир айлыктын алкагында, Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулду.
25.09.2019 1273 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз тилинин мамлекеттик макамын алганына, 30 жылдыгына карата майрамдык маанайлар

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.Мындан туура 30 жыл мурун,тактап айтканда,1989-жылы 23-сентябрда Кырыгыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып,андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.Мына,ошол күндөн тарта 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул күнү жылда билим берүү мекемелеринде ар кандай сынактар,шаардык семинарлар,концерттик программалар,кол-өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп келет.Быйыл дагы шаардык деңгээлде ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырып,мектептерде,бала бакчаларда тил майрамына арналган салтанаттар болуп өттү.
25.09.2019 697 Кесиптик бирлик региондордоУлуттун байлыгы-эне тили

20-сентябрь күнү Кочкор районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата К.Темиров атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Улуттун байлыгы-эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Конференцияга райондогу мектептерде эмгектенип жатышкан кыргыз тили мугалимдери жана окуучулар катышып, конференциянян ачылышы жана жабылышы Кыргыз тил Гимни менен коштолду.
24.09.2019 661 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы окуу жылына жаңы бала-бакча!

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи шаарчасына үч тараптуу макулдашуунун алкагында жергиликтүү бийлик тараптан 50 орундук бала-бакча сентябрь айынан тарта ишке кирди. Ачылуу аземине ЖКнын депутаты Айнура Осмонова, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акуновдор катышышты.
20.09.2019 775 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз-таджик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам

2019-жылдын 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл амагынын Максат айылынын чек ара аймагында кыргыз жана таджик чек арачылардын ортосунда болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында Максат айылындагы жана ага жакын жайгашкан аймакта социалдык объекттерге, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна, турак-жайларына, мүлкүнө зыян келтирилип, жашоочулары кошуна айылдарга баш калкалоо максатында көчүрүлгөн.
20.09.2019 651 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы

2019-жылдын 10-сентябрь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак жана Айбике айылдарында “Ак-шоола Айбике” жана “Асылкан” аталышындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы курулган ар бири 50 орундук эки мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди.
20.09.2019 705 Кесиптик бирлик региондордоЭмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлдү

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2019-жылдын 17-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагындагы меткептердин, бала бакчалардын директорлоруна жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча бекитилген жооптуу кызматкерлерге Нускама берилип окуу-семинар өткөрүлдү. Окуу-семинарда «Эмгекти коргоо жана жумуш ордунда техникалык коопсуздук талаптары жөнүндө» «Жумуш ордунда өткөрүлүүчү нускаманы каттоо журналдары боюнча» Өзгөн РПКнын төрагасы И. Мырзамидинов слайд аркылуу кенири маалымат берди.
20.09.2019 3334 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштүк өркүндөөнүн жолунда

2019-жылдын 14-сентябрында Жалал –Абад облустук билим берүүнүн усулдук борбору менен профсоюздун облустук комитети биргеликте билим берүүнүн мурдагы облустук жетекчилери жана активдин катышуусунда “Билим залын” ачылыш аземин өткөрүштү. Аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жооптуу кызматкерлери - Аширова Г.А, Борубаев Э, облустун билим берүү башкармалыгынын экс- башчылары: А.А.Акпаралиев, А.Б. Абдрашов, Т.Турганбаев жана Б.Исабаев, З.Кутманова, Ч.Доороновдун туугандары, облустук билим берүүнүн усулдук боборунун директору А.А.Токтосунов, профсоюздун облустук комитетинин экс-төрагасы У.Акматов жана экс-төрага А. Мирзахмедовдун туугандары, обкомдун төрагасы А.А. Исмаилов, “Алтын сертификат” алган окуучулардын мугалимдери, борбордун жана обкомдун жамааты, райшаар бөлүм башчылары, райшаарком төрагалары, директорлор катышышты.
16.09.2019 625 Кесиптик бирлик региондордоОкуучулар өзгөчө кырдаалдар учурда өзүн сактоосун билишеби?

2019-жылдын 13-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында КР ӨКМ Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бардык №1-14 орто мектептерде окуучулардын арасында өзгөчө кырдаалдар жаатында викториналар өткөрүлүп андан сырткары мектеп окуучулары өрттүн алдын алуу,өрт коопсуздугу,өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийимин кийүү,биринчи өрт учурунда колдонуучу өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу,өрт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча өткөрүлдү.
16.09.2019 613 Кесиптик бирлик региондордо