Профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети КРнын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүн 2019-жылдын 18-октябрь күнү ОПКнын тейлөөсүндөгү РПК, ШПК, окуу жайлардын жана түз баш ийген баштапкы уюмдардын лидерлери, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, эсепчилер, сыйлык алуучу активисттердин катышуусунда салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш чараны төрага С.Тойгонбаев куттуктоо сөз сүйлөө менен ачты. ОПКнын тейлөөсүндөгү уюмдардын профлидерлери да катышуучуларды бүгүнкү салтанаттуу күнү менен куттукташты. Салтанаттын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн мыктысы», «Билим, илим профсоюздук кыймылынын мыктысы» төш белгилери, ошондой эле ОПКнын Ардак грамоталары бир топ алдыёкы активисттерге тапшырылды.
23.10.2019 678 Кесиптик бирлик региондордоБалдарды жомок дүйнөсүнө жетелеген Дана Шерри ОГПИде...
Ош шаарындагы англис тилин үйрөнүүчү окуучулар жана студенттер үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда семинар болуп өттү. Аталган иш чаранын башкы коногу “Жомоктор кербенинин” көркөм жетекчиси, “Жибек-Жолу” баяндама программасынын башчысы, Стэндфорд жана Калифорния Университетинин окутуучусу Дана Шерри болуп, ага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер жана окуу жай жетекчилиги катышышты.
23.10.2019 645 Кесиптик бирлик региондордоСыйлыгыңыз кут болсун!

19-октябрь - Социалдык жана профсоюз кызматкерлеринин майрамы алдында Билим берүү жана илим кызматкерлери нин Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович Кыргыз Республикасынын профсоюзунун жогорку сыйлыгы “Кыргызстан профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн” ардактуу төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлык А.А. Исмаиловго 2005-жылдан бери профсоюз тармагынын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы жана облустук профсоюз тармагынын 2016-жылдан берки жетишкен ийгиликтери үчүн берилди.
22.10.2019 933 Кесиптик бирлик региондордоЖаратмандын кезектеги адамдыкка сапары
Конокто белгилүү педагог Кыялбек Акматов... Жаштарды ар дайым жакшылыкка үндөп, сабактан тышкаркы убакытты текке кетирбей чыгармачылык менен алектенүүгө чакырган “Жаратман” чыгарамачылык борборунун бүгүнкү күнү да жакшы саамалык менен коштолду. “Баланы тарбиялоодогу адашуулар” бүгүнкү сабак дал ушул темада болуп, аны белгилүү адабиятчы, Ош шаарындагы "Жетиген" мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандитаты, доцент Кыялбек Акматов өттү. Жаштарга өзгөчө таасирлерди калтырган агайдын сабагы өзүнө бир топ пайдалуу кеңештерди камтып кетти. Мында конок студенттер менен педагогика жаатындагы турмуштук тажрыйбаларын бөлүшүп, балага туура тарбия жана билим берүү учурдун эң чоң көйгөйү экенин баса белгиледи. Алдыда мугалимдик кесиптин даамын татып, мыкты адис болуу үчүн аракетти бүгүндөн баштоону кеңеш кылуу менен өз кесибин сүйүүгө үндөп өттү. Ошондой эле окурмандарга зарыл болгон китептерди сунуштап, китепке болгон кызыгууну байытуу керектигин эскертти. Ал эми тренингдин катышуучулары бул сабактан өздөрүнө дагы бир жолу тажрыйба арттырып, билим көрөңгөсүн толтуруу менен кызыкдар болгон суроолоруна жооп ала алышты. “Жаратман” чыгармачылык борбору ар дайым жаштар менен, жаңы күнгө кадам таштайт.
22.10.2019 647 Кесиптик бирлик региондордо«Жайкы эс алуу-2019» иш-чарасы жыйынтыкталды

2019-жылдын 18-октябры күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кезкектеги отуруму болуп, президиум мүчөлөрү жана чакырылгандар катышты. Анда төмөнкү маселелер талкууланды:Күн тартибиндеги 1-2 маселелер боюнча обкомдун финанса бөлүмунүн башчысы З.Сулайманов маалымат берип, суроолорго жооп берди. 3-4 маселелер боюнча обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов билдирүү жасады. Талкууда Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, Ноокен райкомүнүн төрагасы К.Нышанов пайдалуу сунуштарын, пикирлерин билдиришип активдүү катышышты. Ар түрдүү маселелерде президиум мүчөлөрү тарабынан сунушталган токтом долбоорлору талкууланды. Президиум өтурүмү күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдорду кабыл алды.Президиум өтүрүмүн обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктады.
22.10.2019 606 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун №5 мектеп – гимназиясында жарандык коргонуу боюнча иш чара өткөрүлдү

№5 мектеп - гимназиясында 2019-жылдын 16 – октябрь күнү жарандык коргонуу боюнча профилактикалык иштер өткөрүлдү. Аскерге чейинки даярдык предмети мугалими тарабынан сел, жер көчкү, жер титирөө, өрт ж.б. коопсуздуктар боюнча лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш чаранын негизинде өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бекитилген эвакуациялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлүп, окуучулар өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кооптуу жайлардан чыгуусу жөнүндө практикалык иштер болду. Буга мектеп администрациясы, класс жетекчилер жана 5-11 –класска чейинки окуучулар баары катышты.
21.10.2019 927 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдердин колдоочусу болгон профсоюз уюмунун кесиптик майрамы белгиленди

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кесиптик майрамы Таш-Көмүр шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. 18-октябрь күнү профсоюздун Таш-Көмүр шаардык комитетинин аппараты атайын иш сапар менен билим берүү мекемелерин кыдырып, профсоюздун баштапкы уюмдарынын башчыларын куттукташты. Майрамга карата концерттик программалар уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды. №9 А.Осмонбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысы Кожонова Мухабатханга “Билим берүү жана илим кызматкелеринин профсоюзунун отличниги “ төш белгиси ыйгарылды. Ошондой эле “Керемет” бала бакчасынын тарбиялануучулары өздорунун чакан концерттик программаларын тартуулашты. Жалпы шаардык комитеттин курамындагы 29 мугалим “Ардак грамоталар” жана белектер менен сыйланышты.
21.10.2019 827 Кесиптик бирлик региондордоОГПИнин студенттери дүйнөлүк программа менен иштешет...
Келечекке карай өз максатынын үйүн курган билимдүү, таланттуу жана аракетчил жаш лидерлер алгылыктуу иш жүргүзүүдө. Анын натыйжасында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинин алдында түзүлгөн “Enactus” командасы майрамдык кече тартуулады. Аталган саамалыкка окуу жай жетекчилиги менен биргеликте уюмдун атайын өкүлдөрү жана өнөктөш, демөөрчү топтор катышышты. Бул иш чара “Enactus” боюнча жалпы жаштарга маалымат берүү жана окуу жайдын 1-курстарын командага кабыл алуу үчүн тааныштыруу максатында уюштурулду.
21.10.2019 578 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелери үчүн “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда, тарбиянын мааниси”аттуу тегерек стол болуп жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети менен биргеликте жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелерине “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда тарбиянын маанилүүлүгү” деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол өткөрүүнүн негизги максаты: ата-энелерди тарбия берүү жараянына тартуу, тарбия берүү усулдарын үйрөтүү, ата-эненин баланын алдындагы милдетин мыйзамдуу жагын түшүндүрүү менен бирге мугалимдердин ишин жеңилдетүү болуп саналды.
18.10.2019 891 Кесиптик бирлик региондордоМыйзамдуулук маданиятка чакырат аталышындагы “Брейн-ринг” интелектуалдык оюнунун областтык туру

2019-жылдын 17-октябрында Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаны сапаттуу денгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү” боюнча иш чараларын аткаруу максатында, Баткен областтык комитетинин 2019- жылдагы иш планына ылайык райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын район, шаардык турунан мыкты деп табылган командалары арасында “Брейн-ринг” интелектуалдык оюнунун областтык туру өткөрүлдү.
18.10.2019 581 Кесиптик бирлик региондордо«Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну Лейлек районунда

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин базасында 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында өткөрүлүүчү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында өткөрүлүүчү “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
18.10.2019 687 Кесиптик бирлик региондордо