Жаңы ректор кызматына киришти

Ушул жылдын 5-ноябрында ОшМУнун ректорун шайлоо болуп өтүп, анда шайлоочулардын эң көп добушун алган Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичти бүгүн, 12-ноябрда ОшМУнун жаңы ректору катары жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү.
15.11.2019 736 Кесиптик бирлик региондордоКүчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

2019-жылдын 6-ноябрында Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним” аттуу баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагаларынын иш чарасы болуп өттү. Белгилей кетсек, №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ж.Аманбекова 2018-жылда тармактык профсоюздук кароо-сынактын республикалык турунда гран принин ээси болгон.
12.11.2019 766 Кесиптик бирлик региондордоЧаткалда жаңы мектеп ачылды

5-ноябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 100 орундуу жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болду. Салтанат учурунда мектепти колдоо боюнча марафон өтүп, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын эмгек жааматтарынан жана жергиликтүү калктан 150 миң сом акча каражаты жана 6 баш майда жандык түштү. Марафондон түшкөн каражаттар мектептин кем-карчына жумшалмакчы.
12.11.2019 913 Кесиптик бирлик региондордоТарых жана Ата Бабаларды эскерүү

Бүгүн, 2019-жылдын 6-ноябрь күнү, ЖАМУнун баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилигинин уюштуруусу боюнча Медицина факультетинин “Фармация” адистигинин студенттери менен “Тарых жана Ата Бабаларды эскерүү күнүнө” карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдоо менен расмий түрдө башталып, аны “Фармация” кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М.Орозбаева ачып берди. Конференцияда тарыхый сүрөттөрдүн көргөзмөсү коюлду. Студенттер тарабынан даярдалган докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. Талкууларды жараткан суроолорго жооптор айтылып, мазмундуу маалыматтарды алган катышуучулар иш чараны уюштурган баштапкы профсоюз уюмунун уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.
12.11.2019 715 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Турция мамлекетинин Анталия шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан таптып 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты.
11.11.2019 677 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Райондун билим берүү мекемелеринде белгилүү коомдук ишмер Искак Раззаковдун туулган күнү ар кандай майрамдык, спорттук иш чаралар, ачык сааттар уюштурулуп белгиленди. Мисалга алсак, Кулунду айыл аймагындагы Искак Раззаков атындагы орто мектебинде райондун окуучуларынын арасында кыргыздын улуттук “Тогуз коргоол” оюну боюнча райондун биринчилиги Раззаковду эскерүү, туулган күнун белгилөө, өспүрүм балдар арасында оюнду кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү, окуучулардын достугун чыңдоо, ынтымакка чакыруу максатында өткөрүлүп, мелдешке төрт бала, төрт кыздан турган командалар катышып, жыйынтыгында балдар жана кыздар командасынан Раззаков атындагы орто мектебинин окуучулары биринчи орунду камсыздай алышты.
11.11.2019 664 Кесиптик бирлик региондордо«Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында 2019-жылдын 5-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн» деген темада райондун мектептериндеги жана бала бакчаларындагы жаш профсоюз лидерлери, жаӊыдан шайланган профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн райондук деёгээлдеги семинар өткөрүлдү. Семинарды Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов ачып, профсоюздар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө семинардын катышуучуларына кенири маалымат берди. Семинардын күн тартибиндеги «Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун укуктары жана милдеттери», «Лидерлик жана оратордук сапаттын өзгөчөлүктөрү», «Профсоюздук кызматкердин этикасы» жөнүндө, «Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери» деген темалар боюнча материалдар Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев тарабынан слайд аркылуу көрсөтүлүп, түшүнүк берилди.
06.11.2019 748 Кесиптик бирлик региондордо“Саякбай Манас айтканда”

Улутубуздун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосу кылымдан-кылымга, укумдан –тукумга, атадан-балага сакталып келе жатат. Анткени “Манас” кыргызды кылымдар бою өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кездеринде да элдин башын бириктирип дем берген касиеттүү кудурет күч. Мына ушул касиеттүү кудурет күчүбүз, улуу эпосубуз- эне-тилибиздин алтын казынасы десек жаңылышпайбыз. “Манас” “Өнөр алды кызыл тилдин” же болбосо “Тилим кыргыз, урааным Манастын” эң жогорку үлгүсү. Ушул эпостун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тил мыйзамынын кабыл алгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата уюштурулган кыргыз тилинин өркүндөп өнүгүүсүнө теңдешсиз салымын кошкон эл уулу Саякбай Каралаевдин 125 жылдык салтанатына арналган “Саякбай Манас айтканда” деген темадагы адабий көркөм музыкалык иш- чара болуп өттү. “Өзгөнү унутсам да, өздүгүмдү, ата-тегимди, тилимди, дилимди унутпайм” деген ураанды бекем туткан Камбарова Саткын эжеке жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жетектеген иш-чара.
06.11.2019 674 Кесиптик бирлик региондордоТуӊгуч президент А.Орозбеков балдардын жүрөгүндө

Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагындагы «Ак-Тилек-2» балдар бакчасында А.Орозбековдун 130 жылдыгына карата «Тунгуч президент А.Орозбеков балдардын жүрөгүндө» аттуу иш чара өтккөрүлдү. Иш чарага айыл өкмөттүн орун басарлары, Кадамжай райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн методисттери жана тарбиячылыр катышты. Иш чара Кадамжай райондук профсоюз комитетинин демилгеси менен жогорку денгээлде өттү.
06.11.2019 738 Кесиптик бирлик региондордоАла-Бука районунда жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду

Ала-Бука районунда 31-октябрь күнү жаштар үчүн жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду.Кичи футбол сарайын райондун жеке ишкери Парпиев Таалай өзү каржылап ишке берди. Ачылуу аземинде райондук администрациядан, жергиликтүү кеӊештен, райондогу аксакалдардан,мекеме уюмдардан өкүлдөр куттукташып мындан ары ушул спорт залда машыккан жаштарга ийгилик терди каалап өтүштү. Райондун айылдарынан командалар келип кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү мелдешке билим берүү тармагынан да бир команда катышып жыйынтыгында экинчи байгелүү орунду камсыздады. Жыйынтыгында Ж.Дурусалиев 35 жашка чейинки спорттук иш чаралар көп өткөрөлүп жүргөн болсо бүгүн кичи футбол боюнча биринчи жолу өткөнүнө токтолуп мындан ары үзгүлтүкө учурабай жылына бир жолу ушундай иш чара унтылса деген сунушун берип ийгиликтерди каалады.
06.11.2019 621 Кесиптик бирлик региондордоКонкурс жыйынтыкталды

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата Кочкор районундагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин арасында улуу инсандын ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча конкурстун финалдык туру жыйынтыкталды.
04.11.2019 606 Кесиптик бирлик региондордо