Биз баарыбыз биргебиз!

3-декабрь Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатында 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары Ж.Атыбаев, З. Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Г. Борбиева, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин инспектору Т. Бакиров, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов жана райондогу мекеме, иш-каналардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, жаштар кеңеши, жеке ишкерлер катышышып, өз салымдарын кошушту.
06.12.2019 643 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1”Мишутка” бала бакчасынын профсоюздун баштапкы уюмунун башчысы жылдын жыйынтыгын чыгарды

Таш-Көмүр шаарына караштуу “Түндүк”аймагында жайгашкан №1 “Мишутка ”балдар бакчасы жайгашкан.Бул бала бакчанын курулганына чейрек жылдар өтсө дагы бул аймактын жашоочулары үчүн кызматын өтөп,ата-энелердин,мектепке чейинки жаш балдардын сүйүктүү жайына айланган.Албетте, бул бала бакчанын тарыхында көптөгөн кыйынчылыктар болуп өттү.Сөз башынан болсун, “Мишутка”балдар бакчасы 1941-жылы 120 балага ылайыкташтырылып курулган.Ал эми азыркы учурда 130 бала тарбияланып жатышат.
05.12.2019 617 Кесиптик бирлик региондордо«Мы, против СПИДа»

1-декабря 2019 года в городе Майлуу-Суу среди учащихся старших классов общеобразовательных школ и студентов учебных заведений прошло городское мероприятие посвященное Все мирному дню борьбы с ВИЧ – СПИДом. Молодежь, выразила свой протест против этой страшной болезни. Судя по их реакции и выступлений, по их лозунгам «Стоп-СПИД!», «Мы, за здоровый образ жизни!», «Мы, против СПИДа», «СПИДке жол жок!» молодежь желает чистой и счастливой жизни. Они готовы бороться с теми, кто хочет нарушить их здоровую и счастливую жизнь.
05.12.2019 652 Кесиптик бирлик региондордоСПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө карата атайын дарыгерлер менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Аталган иш чара “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов жана ОГПИнин саламаттык-сактоо көзөмөлүнүн башчысы Джээнбеков Нурсултан болду.
05.12.2019 599 Кесиптик бирлик региондордо«Сен жалгыз эмессиң…» аттуу кайрымдуулук иш чарасы

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын башчыларынын демилгелери менен жер-жерлерде мектептеги майып балдар үчүн 3-декабрда “Сен жалгыз эмессиң, биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарада атайын уюштурулган концерттик программалар көрсөтүлдү. Бардык мектептерде жана бала бакчаларда атайын “Кайрымдуулук кутусу” уюштурулган. Бул ишчарадан түшкөн каражаттарга майып балдардын көңүлүн көтөрүүчү белектерди жана керектүү, муктаж буюмдары, акчалай жардамдар берилди. Айрыкча Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектебинин, №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинин жана “Шамалды-Сай-Нур” кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөргөн акция мактоого татырлык.
05.12.2019 678 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жаңыдан курулган жылуулук берүүчү борбордун ачылышы болуп өттү. Ачылуу иш чарасы расмий түрдө окуу жай жетекчилиги жана окутуучулардын катышуусунда болуп, борбордун кызыл тасмасын кесишти. Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.
05.12.2019 545 Кесиптик бирлик региондордоОблустук турдун жыйынтыгы чыгарылды

2019-жылда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктары” урааны астында жарыяланган республикалык кароо-сынагынын облустук туру 27-ноябрь күнү жыйынтыкталды.
04.12.2019 569 Кесиптик бирлик региондордо“Биз – СПИДге каршыбыз!”

2019-жылдын 29-ноябрь күнүнөн тарта 1-декабрга чейин ЖАМУнун бардык бөлүм- факультеттеринде администрация, баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилеринин уюштуруусу менен студенттер ” Биз – СПИДге каршыбыз!” – деген ураандын астында, шаардын көчөлөрүн аралап, жөө жүрүшкө чыгышты. Студенттердин колоннасын МАИнин патрудьдук кызматкерлери жана “Медициналык тез жардам” кызматынын бригадасы коштоп жүрүүсү тургундардын көлүлүн буруп, түшүндүрмө баракчаларды таркатууга ыңгайлуу жагдайдын түзүлүүсүнө түрткү боло алды. Акция-жүрүшкө катышкан студенттер, СПИД илдети тууралуу маалыматтар, аны жуктуруп алуунун жолдору, СПИД менен ооруп калгандар кайрылуучу медициналык мекемелер, маалыматтын купуялуулугуна кепилдиктер тууралуу пайдалуу кеңештер камтылган баракчаларды щаарыбыздын тургундарына жана шаарга келген меймандарга таркатышты. Ушундай эле баракчалар ЖАМУнун бардык окуу корпустарынын алдында студенттерге да таркатылып, маалыматты жайылтуу иши уюшкандыкта өттү.
04.12.2019 778 Кесиптик бирлик региондордоЖаш жеткинчектерди кубанычка бөлөгөн бала бакча

Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында көптөн күткөн жаңы бала бакча ишке берилди.Быйылкы окуу жылдын ноябрь айынын башында Теңдик айылында биринчи бала бакча ачылды.Айылда жашаган ата-энелердин жана жаш жеткинчектердин кубанычында чек жок.Бул бакчага №9 “Ай-Данек” аты берилди.Бала бакчанын ачылышына айыл эли түп көтөрулуп келип куттуктоолорун айтышып сүйүнүчтөрүн жашыра алышкан жок. Шаардын мэри Р.А.Асаналиев,Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумүнүн башчысы Т.К Шабданов,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпара жана шаарга караштуу бала бакчалардын башчылары куттуктоо создөрун айтышып,алып келген белектерин тапшырып жатышты.Бул бала бакча айыл элине көп жыл кызмат кылып,уясынан миңдеген жаш жеткинчектерди учуруп келечекке жаркын жол тартуулайт деген үмүттөбүз.
04.12.2019 716 Кесиптик бирлик региондордоБиз СПИДге каршыбыз!

Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун билим берүү уюмдарында “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги иш-чаралар уюштурулду. Андан сырткары тегерек столдор, тарбиялык ачык сааттар, КВН уюштурулуп, өткөрүлдү.
04.12.2019 973 Кесиптик бирлик региондордоСТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК..
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Түштүк аймагы боюнча төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович бүгүн окуу жайдын Гуманитардык факультетинин студенттери менен жолугушуп, жакындан маек курду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Жолугушуу улуулардын акыл-насааты менен жаштарды тарбиялоо жана аларды бир топ кызыктырган суроолоруна жооп алып берүү максатында аталган факультет тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттери катышты. Иш чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында болуп, профессор катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорду терең талдап, өзгөчө таасын ой менен, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын жана билиминин негизинде татыктуу жооп берип, данакер, мыкты педагог экенин далилдей алды. Студенттер менен жакындан пикир алышууга жаралган мүмкүнчүлүктө аларды жакшы жакка үндөө менен көптөгөн акыл-кеңештерин айтып өттү. Жан дүйнөнү байытуучу бул сыяктуу жолугушууларды мындан ары өткөрүү керектигин сунуштап, жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.
02.12.2019 625 Кесиптик бирлик региондордо