Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Бел-Алма” орто мектебинин ноябрь айындагы иш чаралары

Лейлек районунун “Бел-Алма” орто мектебинин ноябрь айындагы иш чаралары

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу табигый кырсыктарга өзгөчө кабылган өлкө. Статистика боюнча республикабыздын аймагында жыл сайын 200гө жакын түрдүү мүнөздөгү кырсыктар катталат. Калкка эн чоң коркунучту жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, сел, суу ташкыны, нөшөр, мөндүр, катуу шамал ж.б. жаратылыш кубулуштары туудурат. "Бел-Алма" орто мектебинде жогоруда айтылган өзгөчө кырдаалдар коркунучунда мектеп кызматкерлери жана окуучулары коргонуу ыкмаларын, алгачкы жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдаланууга канчалык денгээлде даярдыгы бар экендигин текшерүү максатында Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен областтык өкүлчүлүгү менен биргеликте окуу жана машыгуу иш чарасын өткөрүлдү.

 12.12.2019      821       Кесиптик бирлик региондордо

Облустук актив үчүн семинар өткөрүлдү

Облустук  актив  үчүн семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 6-декабрында “Жалал-Абад” санаториясынын конфренц залында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын алдындагы Окуу Методикалык Борбору тарабынан “Просоюздук кызматкерлердин жана профактивтердин укуктук жана экономикалык билимин жогорулатуу аркылуу Кыргызтандын профкымылынын мүмкүнчүлүгүн бекемдоо” темасында окуу семинары өткөрүлдү.

 10.12.2019      619       Кесиптик бирлик региондордо

Шаардык конференция уюшкандыкта өткөрүлдү

Шаардык конференция уюшкандыкта  өткөрүлдү

2019-жылдын 6-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык III конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 37 делегат шайланып, анын ичинен 35 делегат катышты, жүйөлүү себептер менен 2 делегат катышкан жок.

 10.12.2019      648       Кесиптик бирлик региондордо

Айлана-чөйрөну таза сактоо – баарыбыздын парзыбыз

Айлана-чөйрөну таза сактоо – баарыбыздын парзыбыз

Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган айлана – чөйрөнү тазалоо иш чарасына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т Усенов , Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А Орозалиев баштаган билим берүү кызматкерлери активдүү катышышты , алар өздөрүнө бөлүп берилген Ош – Бишкек жолундагы участокту ар түрдүү таштандылардан арылтышты .

 10.12.2019      746       Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктоочу президиум

Жыйынтыктоочу президиум

Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин декабрь айындагы жыйынтык президиуму болуп өттү Президиумдун Күн тартибинде: 1.Кемин райондук кесип бирликтер комитетине келген каттарды Кароо. 2.Кемин районундагы билим берүү мекемелериндеги техника коопсуздугунун сакталышы. 3.Ар түрдүү маселелер. Президиумга мектеп директорлору жана президиумдун мүчөлөрү катышты. Президиумдун Күн тартибинде каралган маселелер толугу менен талкууланды. Өзгөчө мектептердеги техника коопсуздугунун сакталышына көӊүл бурулду.

 10.12.2019      620       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик денгээлин өстүргөн райондук семинар

Мугалимдердин кесиптик денгээлин өстүргөн райондук семинар

Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда № 16 С Акбаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде технология предмети боюнча райондук семинар болуп өттү . Райондук семинарда аталган мектептин технология мугалимдери М Файзуллаева 4- класста “Подделки из ватных дисков “, М Хусанова “ Художественное оформление поздравительные открытки конверты “ , М Хамидова 5- класста “Жумурткадан даярдалуучу тамактар “, М Ахмарова 7 – класста “ Мөмөлөрдөн жана жемиштерден пайдалануу “ деген темаларда сабактарды өтүшүп семинардын катышуучулары менен өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүштү .

 06.12.2019      634       Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

2019-жылдын 3-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чара № 16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму жана жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Мектепте атайын “Мээримдүүлүк кутучасы” уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер өз салымдарын кошушту. Андан түшкөн каражат Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин тарбиялануучуларына тапшырылды. Жаштар кеңеши тарабынан “Биз баарыбыз биргебиз” аттуу концерттик программа уюштурулду. Ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан мектептеги 12 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга атайын белектер, шириндиктер тапшырылды.

 06.12.2019      818       Кесиптик бирлик региондордо

ОКУМУШТУУЛАРДАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

ОКУМУШТУУЛАРДАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге жана окутуучуларга кыргыз тилинин стилистикасы жана кеп маданияты темалары боюнча лекция окуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

 06.12.2019      691       Кесиптик бирлик региондордо

Кайрымдуулук

Кайрымдуулук

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 Токтомунун негизинде бир айлык “Биз биргебиз” деп аталган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Ар бир билим берүү мекеме бир айлык иш-чаранын планын түзүшүп, окуучулар арасында “Кайрымдуулук бул парз”, “Баланы жана энени коргоо”, “Особенные люди среди нас”, “Милосердие-проявление душевного богатства”, “Как, помочь людям с ограниченными возможностями здоровья”, “Кайрымдуулук жакшылыктын башаты” деген темаларда класстык сааттар, жолугушууларды уюштуруп өткөрүштү. Аларга материалдык жана акчалай жардамдарын көрсөтүштү.

 06.12.2019      622       Кесиптик бирлик региондордо

Кылмыштуулуктун алдын алуу

 Кылмыштуулуктун алдын алуу

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ИИБ жана ШЭСӨБ (шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы), шаардык мечиттин башкы хатиб имамы менен биргеликте 2019 жылдын 26-ноябрынан 3-декабрына чейин Кылмыштуулуктун укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар бир мектепте окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жолугушууларды уюштуруп өткөрүп жаткан ШБББнүн башкы адиси Акамбаева Райкан Жамалдиновна. Өзүнүн жыл сайын түзүп пландаштырылган ШБББнүн негизги иш планынын негизинде өткөрүлүүдө.

 06.12.2019      1129       Кесиптик бирлик региондордо

Демөөрчүнүн деми менен аскердик каана уюштурулду

Демөөрчүнүн  деми  менен  аскердик  каана  уюштурулду

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы № 10 “Көк-Арт” гимназия орто билим берүүчү мектепте Афган согушуна катышкан Макаимов Медербек Эликовичтин ысмы ыйгарылган аскерге чейинки даярдоо каанасы уюштурулду. Бул каана Афган согушунун катышуучусу, кийин каза болгон Макаимов Медербек Эликовичтин бир туугандары тарабынан ремонттолуп, жасалгаланып, жабдуулар, эмеректер менен жабдылып жалпысынан 125400 сом жумшалган. Афган согушунун ардагеринин басып өткөн жолу келечек муундарды Ата Журтту сүйүүгө, Ата Мекенди коргоого, эр жигиттерди аскерден качпоого, алардын патриоттук сезимдерин ойготууга, эр жүрөктүүлүккө тарбиялайт.

 06.12.2019      604       Кесиптик бирлик региондордо