Акимдин балаты майрамы өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда тоголок жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана мыкты окуган окуучулар үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынынбашчысы –аким Омошев Эрмекбай Алянович кирип келе жаткан жаны жылга карата балаты майрамын уюштуруп , түшкү тамагын берип , жаны жылдык белектерин берди . Акимдин балаты майрамына 260 окуучу катышты. Бул майрамга Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев , райондук мекемелердин жетекчилери , айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү да катышышты .
26.12.2019 731 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда окуучулар долбоорлор менен иштеп жатышат

2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылына карата, ар кандай долбоорлор иш жүргүзүшүп келе жатышат. Аксы районунда чек арага жакын жайгашкан мектептердин окуучуларын сурамжылоо жүргүзүп, айылдагы көйгөйлөр тууралуу маалымат алышты. Активдуу катышкан окуучулар үч күн Кочкор-Ата шаарында, долбоордун негизинде окуп келишти. Бул долбоордо жактырылган проекттер тандалып алынып, айылдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн финансылык каражаттарды бөлүп беришет. Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин окуучулары, айылды алдыга көтөрө турган көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жатышат. Тынымсыз изденүү менен көптөгөн ийгиликтерди жаратышат. Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз.
26.12.2019 556 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгындагы жаштарга жаңы саамалык

2019-жылдын 23-декабрында Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында жакшы саамалык болуп өттү.Бул аймактык башкармалыкта №9 А.Осмонбеков атындагы мектеп эле бар болгон болсо, быйылкы жылдын эсебинен №9 “Ай-Данек” бала бакчасы жана кичи футбол аянтчасынын пайдаланууга берилиши жаш өспүрүмдөрдү кубанычка бөлөдү. Аземге Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев,шаардык кеңештин төрагасы С.Кудайбергенов,Теңдик аймактык башкармалыгындагы аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү,окуучулар,жалпы эле жаштар катышышты.
26.12.2019 587 Кесиптик бирлик региондордоАлгалай берсин, билим жана илим профсоюзу!

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети 2019-жылдын 20-декабрында жыйынтыктоочу президиумунда «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктарынын жылы” урааны астында өткөрүлгөн республикалык кароонун жыйынтыктары чыгарылды.
24.12.2019 602 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда предметтик олимпиада өткөрүлдү

Аксы районунда аймактык мектептердин арасында райондук деңгээлде предметтик олимпиада болуп өттү.Олимпиада эки күн өткөрүлүп,эки тур болду. Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинин окуучулары катышып келишти.Физика,математика,кыргыз тили, информатика предметтери боюнча катышышты.Физика предметинен Акматова Назбийке, математикадан Момунов Мырзагул,кыргыз тилинен Тургунбаева Жанара,информатикадан Апсаматова Айгул катышып келишти. Физика предметинен Акматова 3-орунду ээледи,ал эми Момунов Мырзагул математикадан 3-орунду. Көп окуган көптү билет эмеспи,ошол себептен көп изденип окуса ийгиликтерди багындырат.
24.12.2019 621 Кесиптик бирлик региондордоТѳрага кайрадан шайланды

2019-жылдын 17-декабрь күнү Кочкор районундагы билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХХIII конференциясы болуп ѳттү. Конференцияга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана 45 делегат катышты. Конференциянын жүрүшүндѳ райондук комитеттин тѳрагасы А.Темировдун профсоюз уюмунун аткарган иштери боюнча отчету угулуп, «канааттандырарлык» деп бааланды жана текшерүү комиссиясынын отчету жактырылды.
23.12.2019 811 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинин 2019-жылдын декабрь айында өткөргөн иш чаралары

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылындагы “Кара-Булак” орто мектебинин педагогикалык жааматы ар дайым өз активдүүлүгүн көрсөтүп, түрдүү иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп келишет. Мындай иш чараларынын бири 3-декабрь ден соолугу чектелген балдарга камкордук күнүнө карата мектептин социалдык педагогу Разыкова Күмүшайдын демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан каржыланган окуу куралдары, таттуулар жана энциклопедиялар мектептин аялуу, кайсы бир деңгээлде майыптыгы бар окуучуларына берилди.
23.12.2019 721 Кесиптик бирлик региондордоОш шаарындагы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун комитетинин төрагасы болуп А.Балтабаев кайра шайланды

Ош шаарында 10-декабрь күнү шаардагы № 18 А. Навои атындагы мектеп-гимназиясында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин 5 жыл (2014-2019) аралыгында жасалган иштери боюнча отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Мында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагалыгына аталган комитеттин мурдагы төрагасы Балтабаев Абдыкалык Орунбаевич кайра шайланды. Аталган шайлоого Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерден жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен аталган комитетке караштуу делегаттар катышып, бир добуштан А.Балтабаевди көрсөтүштү.
23.12.2019 720 Кесиптик бирлик региондордоМетодикалык күн Көк-Жаӊгак шаарында өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад обкомунун иш планына ылайык 2019-жылдын 11-декабрында Көк-Жаӊгак шаардык комитетине обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов тарабынан усулдук жардам берилди. Усулдук күндө шаардык комитеттин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевнага номеклатуралык иш кагаздарды жүргүзүү, пленум жана президиумдун материалдарын даярдоо, баштапкы профсоюздук уюмдар үчүн семинарларды өткөрүү, айлык акылар боюнча борборлоштурулган бухгалтерия менен иштөө, маалыматтарды электрондук алмашуу, кайрылуулар, арыздар менен жекече тартипте иштөө боюнча маалыматтар берилди.
23.12.2019 640 Кесиптик бирлик региондордоВ год цифровизации, создадим условия труда работникам образования!

14 декабря 2019 года на базе средней общеобразовательной школы №2 города Майлуу-Суу был проведен областной семинар на тему: “Улучшим условия труда работникам образования!” В областном семинаре приняли участие Председатель Жалал-Абадского областного профсоюзного комитета работников образования и науки А.А.Исмаилов, ответственные работники обкома А.Ч.Айдаров, З.Б.Сулайманов, председатели профкомов города Таш-Кумыр и Көк-Жаңгак, инспектор Ноокенского райкома, председатели Молодежного совета, директора школ и председатели первичных организаций.
23.12.2019 644 Кесиптик бирлик региондордоТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш чара “Кыргыз малекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар” деген теманын алкагында Алымбек Датканын 220, А.Орозбековдун 130, Т.Усубалиевдин 100 жылдык юбилейлерине арналып, окуу жайдын Гуманитардык факультетинин “Тарых” кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө алгач көрүнүктүү тарыхый инсандардын тагдыры туурасында студенттер тарабынан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң конференция салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылып, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев жана Тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөз сүйлөшүп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалап өтүштү. Конференциянын 2-бөлүгү пленардык отурум менен коштолуп, мында теманын негизинде бир топ баяндамалар окулду.
23.12.2019 755 Кесиптик бирлик региондордо