ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарында иш сапары менен болуп, аны менен бирге Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор акыркы учурда институтта жүрүп жаткан кызуу иштер боюнча маалымат берүү менен, жаңы ачылыштар, жаңы жылдагы ишке ашкан өздүк жылуулук берүүчү борбордун курулушу, усулдук борборлордун ачылышы менен жакындан таанышып чыгышты. Жалпы иштин жыйынтыгын көргөн депутат окуу жайдагы өнүгүү - өз жолунда баратканын жана көзгө көрүнө турган, алгылыктуу иштер ишке ашканына баа берип, эл өкүлү катары мугалимдерге ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.
04.02.2020 577 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугуна кам көрүлдү.

Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитети тарабынан ардагер мугалимдерге акысыз Жалал-Абад санаториясына жолдомолор берилди.Алардын арасынан Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинде, көп жылдан бери иштеп келе жаткан мугалимдер Турсунбекова Сулайка,Сапаралиева Гулумбу эжекелер жолдомо алышты.Жолдомо райондук профсоюз комитети тарабынан берилди.Ден соолугун чыңдоо үчүн арыз менен кайрылган бул мугалимдер учурда Жалал-Абад санаториясында 10 күндүк кыска мөөнөттүү дарыланууда.
03.02.2020 532 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаарынын профсоюзун өнөктөштөр жакшы колдойт.
Баткен шаарынын мэриясы (мэр Мамыржан Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмү (башчысы Абдила Ахматбеков), билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым Мактым Калыкова) ортосунда 2020-2022-жылдарга үч тараптуу макулдашуу түзүлдү. Макулдашууга кол коюу салтанаты официалдуу өткөрүлүп, ага Баткен шаардык Кенешинин төрагасы Алмазбек Абдибаапович Ташбеков жана шаар жетекчилери катышышты. Макулдашуунун юридикалык күчүн бекитүү үчүн макулдашуу шаардык Кенешке каттоого коюлду.
03.02.2020 588 Кесиптик бирлик региондордоОГПИ. ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ
2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда заманбап үлгүдөгү усулдук борборлор ачылды.
31.01.2020 634 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-көк тиреген мунардайсың, Мугалим-бутак жайган чынардайсың.

Өмүрү билимге сугарылган мугалим,окуучулардын экинчи энеси,жаш кадрдын насаатчысы,жол көрсөтүүчүсү,жаңы идеалардын ээси,новатор эң жөнөкөй инсан Берикбаева Сейилбүбү Саламатовна,Сизди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин атынан кутман курак 65 жашыңыз менен чын жүрөктөн куттуктап,чың ден соолук,үй-бүлөлүк бакыт,ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.
31.01.2020 981 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы жетекчи баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинарына катышты.
.png)
2019-жылдын 30-январь күнү Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө жайгашкан № 1 Ж. Бөкөнбаев атындагы инновациялык мектебинин базасында “Баштапкы кесиптик уюмдарда маалыматтык иштерди жолго коюу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинары болуп өттү.
31.01.2020 586 Кесиптик бирлик региондордоТаш –Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалим Бирикбаева Сейилбүбү эжекебиз быйыл 65 жашта.
.png)
Мектептин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Г.Молдалиева тарабынан атайын кече өткөрүлүп жалпы жамаат менен Сейилбүбү Саламатовнага чың ден соолук,иштерине ийгилик,үй-бүлөлук бакыт каалады
31.01.2020 813 Кесиптик бирлик региондордоЖаш профсоюз мүчөлөрүнө профсоюздук билеттерди тапшыруу
.png)
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы № 90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык орто мектептин жаш профсоюз мүчөлөрүнө Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э. Аназаров жана райкомдун алдындагы Жаштар кенешинин төрайымы А. Сулаймановалар профсоюздук билеттерди тапшырышты жана аларга профсоюз мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары жөнүндө маалымат беришти.
31.01.2020 672 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштөр билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышышууда

Жалал-Абад областына караштуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Усенов жана Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А. Орозалиев райондук билим берүү уюмдарындагы жылуулук режиминин сакталышы, окуучулардын сабактарга катышуусунун абалы жана педагогикалык жамааттардын иш аракеттери менен таанышып чыгышууда.
31.01.2020 576 Кесиптик бирлик региондордоСузактын жаштары Мекенди коргоочулардын аллеясынан кабар алышты

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кенешинин мүчөлөрү райкомдун төрагасы А. Орозалиев менен бирдикте Улуу Ата -Мекендик согуштагы Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата Сузак айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, Афган жана Баткен согушунун катышуучуларына арнап уюштурулган аллеядан кабар алышты, анын айлана тегерегин иретке келтиришип, аларга таазим көрсөтүштү.
29.01.2020 699 Кесиптик бирлик региондордоЖыл жыйынтыгын чыгаруучу Президиумунун отуруму.

Жыл жыйынтыгын чыгаруучу Президиумунун отуруму. Ош ОПКнын 2019-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу Президиумунун отуруму 2020-жылдын 22-январында болуп өттү.
28.01.2020 577 Кесиптик бирлик региондордо