Сузактын жаштары Мекенди коргоочулардын аллеясынан кабар алышты
Сузактын жаштары Мекенди коргоочулардын аллеясынан кабар алышты
Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кенешинин мүчөлөрү райкомдун төрагасы А. Орозалиев менен бирдикте Улуу Ата -Мекендик согуштагы Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата Сузак айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, Афган жана Баткен согушунун катышуучуларына арнап уюштурулган аллеядан кабар алышты, анын айлана тегерегин иретке келтиришип, аларга таазим көрсөтүштү.