Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими» наамы ыйгарылды

«Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими» наамы ыйгарылды

Жалал- Абад областына караштуу Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы гимназия орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Авазов Абдыманап Коноковичке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылды . Ал бул наамга билим берүү тармагына сиӊирген көп жылдык эмгеги , новатордук чыгармачылык ишмердүүлүгү жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн жетишти. Агайдын жогорудагы наамы менен районубуздун мугалимдери чын жүрөктөн куттукташат , мындан ары да агайдын насаатчылык иштерине ийгилик ,чын ден соолук жана узун өмүр каалашат.

 21.01.2020      957       Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты

Социалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты

2019-жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети областта, республикада эң мыкты аталды. Бул ийгиликтердин негизги себептеринин бири социалдык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык деп айтсак жаңылышпайбыз. 2020-жылдын 15-январь күнү Жалал-Абад обкомунун төрагасы   А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров, финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдор Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунда болушту. Андан соң Ноокен райондук  билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Н.Олжобаев менен жолугушуп, жаңы кызматка киришүүсү менен куттукташты. Анда 2020-жылга карата социалдык өнөктөштүк багытында бир катар маселелер талкууланып, ой-пикирлер менен алмашышты.

 20.01.2020      636       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жыл иш-чарасы өткөрүлдү

Жаңы  жыл  иш-чарасы өткөрүлдү

Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы оюн-зоок өткөрүүчү аянтчада райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен 13-январь Эски жаңы жыл майрамына карата кышкы спорттук оюндары өттү. Мелдеште эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, чана менен жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай, челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Оюндарга 20дан ашуун мекемелердин эмгек жааматтары катышып, өздөрүнүн шамдагайлыктарын жана спорттук деңгээлин көрсөтүштү. Мында, мелдештин бардык түрлөрү боюнча мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбичылары шамдагайлуулукту көрсөтүшүп, өзгөчөлөнө алышты.

 20.01.2020      728       Кесиптик бирлик региондордо

Новогоднее послание от ETUCE

Новогоднее послание от ETUCE

Мы вступаем в новое десятилетие, и 2020 уже обещает быть интересным и трудным. В год, который может стать поворотным для климатической ситуации, вопросы устойчивости развития и защиты окружающей среды стоят в первых строках повестки дня во всем мире. Работники образования и их профсоюзы также призваны сыграть здесь свою роль. Мы будем работать вместе с другими социальными партнерами, правительствами, политическими лидерами и гражданским обществом в целом над реализацией действий, которые способствуют достижению Целей ООН в области устойчивого развития к 2030 году.

 20.01.2020      609       Кесиптик бирлик региондордо

Кайра ишеним көрсөтүлдү

Кайра  ишеним  көрсөтүлдү

Жыл жаңырып, Баткен шаарында жакшы саамалыктар болду. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы 2020-жылдын 9-январында өткөрүлдү. Конференцияга Били,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, Баткен шаардык кенешинин төрагасы А.А.Ташбеков, шаардын вице мэри И.Т.Рыскулова, Областтык профсоюз комитетинин тех.инспектору К.Акимов жана башкалар катышты.

 16.01.2020      581       Кесиптик бирлик региондордо

Аксыда олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аксыда олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аксы районунда 2019-жылдын 19-20-декабрь айында райондук предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада Т.Уметалиев атындагы мектепте эки күн болду. 19-декабрь күнү теориялык, 20-декабрь күнү практикалык тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында областык турга Ж.Мавлянов мектебинен 6 окуучу, Ж.Мамытбеков мектебинен 3 окуучу, Ж.Боконбаев мектептен 2 окуучу, Мешковдон 3 окуучу өтүштү. Олимпиада жаңы онлайн ыкмасы менен өткөрүлдү. Тапшырмалар областтан берилди. Райондук билим берүү башкармасынын башчысы Эмилбек уулу Талантбек жылды жыйынтыктап, орундарга ээ болгон окуучуларды райондук Ардак грамота менен сыйлады. 1-2-3-орунду ээлеген окуучулар мектептин наамысын коргоп, мыктылары областтык турга жолдомо алышты. Предметтик олимпиаданын областтык түрү 2020-жылы февраль айында өткөрүлөт. Аксы районунун профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков окуучуларга ийгилик каалап, куттуктоо айтты. Окуучуларыбыз областык олимпиададан ийгиликтерди багындырып, Республикага катышууга жолдомолорго ээ болот деген үмүттөбүз. 2020-жылда Аксы районуна жемиштүү жылдардан болот деп ишенебиз. 

 16.01.2020      658       Кесиптик бирлик региондордо

Райкомдун президиумунун отуруму өткөрүлдү

Райкомдун президиумунун отуруму өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук Комитетинин президиуму өткөрүлдү. Президиумдун күн тартиби боюнча төмөндөгү маселелер каралды: 1. Райкомдун 2020—жыл үчүн иш-планын бекитүү жөнүндө, 2. Райкомдун 2019-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга сметаны бекитүү жөнүндө. 3. Ар-түрдүү маселелер

 16.01.2020      588       Кесиптик бирлик региондордо

Сергек жашоо мектеп турмушунда

Сергек жашоо мектеп турмушунда

Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Эрматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесип бирлик уюму тарабынан, кесип бирлик төрагасы Алымкулов Абдибалинин демилгеси менен эжеке агайлар арасында кышкы эс алуу учурунда спорттук оюндун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Эжекелер арасында аркан тартыш, волейбол, агайлар арасында шахмат, теннис оюндары өткөрүлдү. Айрыкча эжекелер арасында өткөрүлгөн оюндар кызыктуу болуп, жалпы мугалимдердин маанайлары көтөрүлүп, эс алуу аябай жакшы өттү. Кесип бирлигинин мүчөлүк акысынын эсебинен алган орундарына жараша сыйлыктар ыйгарылды. Оюндун аягында мугалимдер үчүн сый тамак уюштурулду.

 15.01.2020      620       Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун алгачкы президиуму уюшкандыкта өткөрүлдү

Обкомдун алгачкы президиуму уюшкандыкта өткөрүлдү

2019-жылдын 10-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиуму өткөрүлдү. Президиумдун ишине мүчөлөрдөн тышкары бардык райшааркомдордун төрагалары жана каралуучу маселелерге тиешелүү адамдар чакырылды. Аны обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, күн тартибине сунуш кылынган маселелер менен тааныштырды.

 15.01.2020      546       Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз”

“Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз”

Таш-көмур шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы  “Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз” аттуу жыйынтык семинарын өткөрдү. Бул семинарда профсоюз уюмунун башчысы Б.Алимжанова 2019-жылдагы аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Мектептеги заманбап жасалгаланган конференц-залда жамаат менен биргеликте өткөн жылдын отчету угулуп, жаңы 2020-жылга карата жылдык план жактырылып, кабыл алынды. Б.Алимжанова: №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинде 31 мугалим, 16 кенже кызматкерлер эмгектенет. 2019-жыл биздин мектеп үчүн жемиштүү жылдардан болгонун баса белгиледи. Профсоюз уюму  мугалимдердин ден соолугуна кам көрүү боюнча бекер медициналык кароодон өткөрүлдү. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелер менен тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үч тараптуу жана эки тараптуу келишимдер түзүлүп, толугу менен ишке ашууда. Окуу жылынын башталышы менен администрация менен биргеликте  сабактардын жумалык жүктөмдөрү мыйзамга ылайык бөлуштүрүлүп берилди.

 13.01.2020      878       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы 2020-жылга карата профсоюз комитеттери смета түзүштү

Жаңы 2020-жылга карата профсоюз комитеттери смета түзүштү

Аксы районунда кесип бирлик комитеттери 2020-жылга карата смета түзүштү. Райондогу мектептер, бала бакчалардынар кесип бирлик комитеттеринин төрайымдары райондук профвызностун, мектептердин огородунан түшкөн кирешелердин жумшалышы боюнча сметалардын токтомдорун жазышып, райондук комитетке тапшырышты. Сметада көрсөтүлүп бөлүштүрүлгөн акчалар кесип бирлик мүчөлөрүнүн даталуу күндөрдү белгилөөгө, сыйлоого, материалдык жардамдарды көрсөтүүгө жумшалат. Түзүлгөн сметаларда көрсөтүлгөн акча каражаты токтомдо көрсөтүлгөн нерселерге жумшалат. Айлык акынын көтөрүлгөндугуно байланыштуу профвызностордун суммасы көбөйдү.

 13.01.2020      622       Кесиптик бирлик региондордо