Жыл жыйынтыгы чыгарылды жана жылдын мыктылары сыйланды

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2020-жылдын 22-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү.
28.01.2020 620 Кесиптик бирлик региондордоСузакта Жаштар кенешинин жыйыны өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кенешинин жыйыны өткөрүлдү.Жыйында Жаштар кенешинин 2020-жылга карата иш планы талкууланып бекитилди .
28.01.2020 558 Кесиптик бирлик региондордо«АНТ» - китеби боюнча сынак болуп отту….

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин 2020-жылга карата иш планынын негизинде, ушул жылдын 22-январында жалпы шаардын мугалимдерин китеп окууга тартуу жана ан сезимин остуруу максатында Н.кадырбековдун «Ант» китеби боюнча конкурс уюштурулду.
28.01.2020 947 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси

2020-жылдын 17-январь күнү Исфана шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебининде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси өткөрүлдү. Коллегияга бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы, жалпы бала бакчалардын башчылары катышып, иш чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер каралып, 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн иш план тааныштырылып, талкууланып, бекитилди. Ошондой эле, бала бакчаларга берилүүчү тамак акынын 50% жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүшү боюнча КРнын Президентинин Жарлыгын аткарууга алуу, КРнын мамлекеттик жана саясий ишмери И.Раззаковдун 110 жылдыгын жана Кыргыз Эл баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгын уюштуруп, өткөрүү боюнча иш чаралар жана Мамэкотехинспекциянын Баткен областтык башкармалыгынын эскертмесине ылайык өрт коопсуздугун алдын алуу жөнүндө маселелер каралып, билим жана илим кызматкелеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич тарабынан сапар чыгымдарын төлөп берүү боюнча кеңири маалымат берилди.
27.01.2020 635 Кесиптик бирлик региондордоОГПИден усулдук колдоо
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында атайын семинар, курстар өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган семинар институттун алдындагы “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжинин жана Араван районундагы “Дулдул-Тоо” колледждериндеги медициналык, экономикалык жана укук бөлүмүнүн мугалимдери билим алышууда. Мында катышуучулардын педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн ОГПИден тиешелүү багыт боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары көргөзмөлүү сабактарды, билим берүүнү жаңы стандарттары боюнча мастер класстарды өтүп жатышат. Семинар планга ылайык эки жумага уланып, жыйынтыгында жалпы катышуучуларга окуу жай тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат. Белгилей кетсек “ОГПИден усулдук колдоо” долбоорунун негизинде жергиликтүү жана алыскы райондордун мугалимдерине семинарлар уюштурулуп келет.
27.01.2020 587 Кесиптик бирлик региондордоПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИА

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти, "Русский язык? Легко" акысыз тил курсунун негиздөөчүсү жана КРнын Президентинин "Үмүт" стипендиясынын ээси Аида Атабаева Ноокат районунун Нойгут айылынын жаштары менен жолугушуп, жакындан маек куруп келди. Жолугушуу "Нойгут жаштары" фонду жана "Нойгут" орто мектеби тарабынан учурда жаштарга үлгү болуп, ийгиликтүү жаштарды ар тараптан колдоо максатында уюштурулду. Иш чарага Кара-Таш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Нойгут айылынын башчысы, мектеп жетекчилиги, айылдын тургундары жана окуучулар катышып, натыйжада Аида Атабаева аталган айыл өкмөттүн жана мектептин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгына ээ болду. Жолугушууда Аида жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берүү менен окуучуларды татыктуу билим алууга үндөп, аларга ийгилик каалап, уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.
24.01.2020 700 Кесиптик бирлик региондордоСтуденттердин кышкы эс алуудан келишине жагымдуу жаңылык
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттик жатаканасына жаңыдан жылуулук берүү системасы тартылып, ишке кирүү алдында турат. Учурда эки имараттан турган жатаканага бардык тиешелүү жылуулук берүүчү каражаттар, заманбап печкалар орнотулуп, соңки иш аракеттер жүрүүдө. Белгилей кетсек 2019-жылдын ноябрь айында окуу жайдын өздүк жылуулук берүү борбору жаңыдан ишке кирип, окуу имараттарын толук жылуулук менен камсыздаган. Эми пландын негизинде студенттик жатаканага да түтүкчөлөр тартылып, жашоочулардын ыңгайлуу жашоосуна шарттар жаралды. Жатакана буга чейин электр энергиясынын жардамында жылуулук менен камсыздалып келген.
24.01.2020 599 Кесиптик бирлик региондордо70-летний юбилей в СОШ №1 имени Ч.Айтматова

20 января 2020 года в средней общеобразовательной школе №1 имени Ч.Айтматова исполнилось 70-лет библиотекарю Кулигиной Софье Трофимовне, которая всю свою сознательную жизнь посвятила школе. С 5 октября 1971 года после окончания Московского государственного института культуры, библиотечного факультета по специальности «Библиотекарь-библиограф», будучи юной девушкой пришла в эту школу. На протяжении 49 лет Софья Трофимовна никуда не уходила из своей родной школы, только в декрет по уходу за своими детьми, это было только дважды. Софья Трофимовна очень трудолюбивый человек, она никогда не устает работать с детьми, ежегодно проводит мероприятия посвященные великим датам, будучи руководителем секции библиотекарей в городе, организовывает и проводит обучающие семинары, выставки и открытые занятия с детьми, где мы можем увидеть самые современные занятия посвященные праздникам. Она шагает в ногу со временем, преодолевая все трудности, благодаря своей усидчивости и целеустремленности владеет компьютерной техникой.
22.01.2020 615 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин ийгили

2020-жылдын 17-январь күнү Жогорку Кеңештин имаратында Жарандык Идеалар Фонду тарабынан Жогорку Кеңештин алдында уюштурулган “Жаштар парламенти-2020” депутаттарынын мандатын тапшыруу жана төш белгилери менен сыйлоо иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору, Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Уметов Уланбек катышып келди. Ал 2020-жылдын “Жаштар парламентине” депутат болуп шайланган.
22.01.2020 649 Кесиптик бирлик региондордоОГПИ – сапаттуу билим берүүгө карай...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдайт. Маалыматка ылайык аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын Информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, Орус тилим жана адабияты, Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.
22.01.2020 830 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы баштапкы кесиптик уюмдар райондук комитеттин курамына кабыл алынды

2020-жылдын 20-январь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров № 45 “Наристем” жана № 46 “Гулзар” балдар бакчаларында болушту. Анда жогоруда аталган бакчалардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик уюмунун жетекчисин шайлоо жөнүндө маселелер каралды. № 45 “Наристем” балдар бакчасына Абдыгулова Тазагүл, №46 “Гүлзар” балдар бакчасына Абакулова Гулмира жамааттардан сунушталып, бир добуштан шайланышты.
22.01.2020 558 Кесиптик бирлик региондордо