КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА МУГАЛИМДЕРДИН УСУЛДУК КЕҢЕШМЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

2020-жылдын 9-январында Кадамжай районуна караштуу Көксал-топтан атындагы орто мектебинде мугалимдердин январь усулдук окуусу өткөрүлдү. Бардык предмет мугалимдердин катышуусунда өткөрүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш Орозбаевич усулдук окууга ийгиликтер каалоо менен бирге бир канча тапшырмаларды жана аткаруучу милдеттерди баса белгиледи. Сексиялык иштин максаты жаны усул менен сабактарды өтүү, материалдарды интернет булактарынан изденүү, окуучулардын окууга болгон кызыгууларын өстүрүү, заман талабына ылайык сабактарды өтүү. Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр келип, болуп жаткан жаңылыктар боюнча маалымат берди. Бардык мугалимдер маалыматтарды алып, жаңы күч кубат менен иштөөгө үгүттөнүп кайтышты.
13.01.2020 796 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар Кеңеши 2019-жылы бир топ ийгиликтерге жетише алды!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы жаштар кеңеши 2019-жылда бир топ жумуштарды жасап ийгиликтерге жетишти. Айта кетсек “Жаштар үчүн чек ара жок!” аттуу эл аралык фестивалында жаштар кеңеши активдүү катышты. Анда Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен эки элдин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, миграция жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери төрага Максат Мамасыдыков пикир алмашты.
13.01.2020 871 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда мугалимдердин кышкы усулдук кеңешмеси болду

2020-жылдын 9-январында Аксы районунда бардык предметтердин мугалимдерине кышкы сексиялык иш болуп өттү.Сексиялык иште ар бир предмет мугалимдери өз ара темадагы түшүнбөгөн материалдарды, чыкпаган мисалдарды ортодо талкуулап,сабактардын иштелмелерин карап чыгышты.Жаны усул менен сабактарды өтүү, материалдарды интернет булактарынан изденүү,окуучулардын окууга болгон кызыгууларын өстүрүү, заман талабына ылайык сабактарды өтүү талкууланды.
10.01.2020 652 Кесиптик бирлик региондордо“Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу ата - эне- мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара

Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан № 2 К.Кенжекулов жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8-январь күнү спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты: • Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү • Мугалим-ата-эне байланышын чыңдоо • Окуучулардын бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үгүттөө Бул мелдеште негизинен башталгыч класстары катышып,активдүү катышкан жана жеңүүчү деп табылган үй-бүлөлөр мектептин Ардак грамоталары жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен ал эми балдар “Кыргыз эл жомоктору”аттуу китепчелер менен сыйланышты. Жалпы ата-энелер уюштуруу комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
10.01.2020 1484 Кесиптик бирлик региондордоЛучшие учителя, детсады, школы и студенты 2019 года

По итогам конкурса «Сердце отдаю детям-2019» были определены победители в номинации «Лучший учитель года». В этот список вошли 9 учителей из разных регионов республики. - Тологонов Баяз Мойдинович — учитель английского языка, средняя школа им. А.Осмонова Панфиловского района Чуйской области; - Сыдыкова Астрагул Нурдубековна — учитель физики, средняя школа им. К.Каримова Ноокатского района Ошской области; - Лебедева Светлана Владимировна — учитель начальных классов, школа-комплекс им. А.Осмонова Иссык-Кульского района;
10.01.2020 1481 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту

Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү кирип келаткан жаңы жылды тосушту. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос, айылдагы демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты, салтанатты өткөрүүгө жумшалды. Мугалимдер чакан концерттик программа даярдашып, тартуулашты. Кирип келе жаткан жаңы 2020-жыл тынчтыктын, токчулуктун, жылы болсун. Иштерибизге талыкпаган эмгек, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап мектеп директору сөз сүйлөдү. Мектептеги окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Социалдык жардамга муктаж болгон окуучулар үчүн,акимдин арча майрамы уюштурулду. Республика боюнча кесип бирлик мүчөлөрүн жаңы жылы менен куттуктап кетем.
30.12.2019 562 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштүк өркүндөөдө

2019-жылдын 17-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2019-2020-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар берилди. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Эмгек жолун жаӊы баштаган Т.Асранов атындагы орто мектебинин физика мугалими Маматали кызы Жумагүлгө, Ж.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин башталгыч класс мугалими Тешебаева Шахнозага жана Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин математика мугалими Мурзабекова Анарага Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан жөлөкпулдар тапшырылды жана педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
30.12.2019 595 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз-бул тирөөчү, колдоочу, мугалимдердин ишеничи!

Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. 2019-жылдын 20-декабрында №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Б.Усенова жыл бою аткарылган иштери боюнча маалымат берди. №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 42 мугалим 12 кенже кызматкер эмгектенет.Окуу жылынын башында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде мугалимдер жумалык сааттар менен камсыздалган.Мектеп администрациясы тарабынан кенже кызматкерлерге шарттар түзүлуп берилген.Ошондой эле мугалимдер үчүн атайын ысык тамак жана эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган.
30.12.2019 910 Кесиптик бирлик региондордоЭРТЕҢКИНИ ОЙЛОСОК, АНДА БАЛДАРБЫЗГА КАМ КӨРӨЛҮ!
Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда эмгектенген жалпы эмгек жамааттын жаш балдарына жана неберелерине арналып, окуу жай жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык балаты уюштурулду. Аталган майрамдык кечеге ОГПИнин ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, окутуучулар жана административдик чарба кызматкерлери өз балдары менен катышышты. Иш чара оюн - зоок, жомоктор жана ыр-бийлер менен коштолуп, жаш жеткинчектерге жогорку маанайдагы балаты тартууланды. Мында аяз ата, аяз кыз жана балдар үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан түрдүү жаныбарлардын катышуусунда таасирдүү жомоктор аткарылып, катышуучулар арасында жаңы жылдык мыкты маанай жарата алышты. Кеченин соңунда окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан аяз атанын белектер, таттуулар ырасталып, бардык жеткинчектерге тапшырылды.
30.12.2019 570 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 2019-жылдын 25-декабрында жыйынтыктоочу президиумун өткөрүп, аткарган иштери боюнча маалымат берилди.Ошондой эле Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жыл бою жаштар менен биргеликте алып барылган иш-чаралар боюнча кеңири баяндама жасалды.
26.12.2019 536 Кесиптик бирлик региондордоСанарип дүйнөдө жана бизде

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерди жыйынтыктоо, мугалимдердин, усулдук бирикме жетекчилеринин компьютердик сабаттуулугун, техникалык каражаттар менен иштөөсүн өркүндөтүү, чыгармачылык деңгээлин, адистик чеберчилигин арттыруу, өз алдынча изденүүчүлүгүн өстүрүү максатында "Санарип дүйнөдө жана бизде" аталышындагы конференция болуп өттү. Анда Ноокен районунун акими Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, райондогу билим берүү мекемелеринин директорлору, жаштар катышышты.
26.12.2019 725 Кесиптик бирлик региондордо