ОКУМУШТУУЛАРДАН КОНОК ЛЕКЦИЯ
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге жана окутуучуларга кыргыз тилинин стилистикасы жана кеп маданияты темалары боюнча лекция окуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
06.12.2019 627 Кесиптик бирлик региондордоКайрымдуулук
Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 Токтомунун негизинде бир айлык “Биз биргебиз” деп аталган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Ар бир билим берүү мекеме бир айлык иш-чаранын планын түзүшүп, окуучулар арасында “Кайрымдуулук бул парз”, “Баланы жана энени коргоо”, “Особенные люди среди нас”, “Милосердие-проявление душевного богатства”, “Как, помочь людям с ограниченными возможностями здоровья”, “Кайрымдуулук жакшылыктын башаты” деген темаларда класстык сааттар, жолугушууларды уюштуруп өткөрүштү. Аларга материалдык жана акчалай жардамдарын көрсөтүштү.
06.12.2019 562 Кесиптик бирлик региондордоКылмыштуулуктун алдын алуу
Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ИИБ жана ШЭСӨБ (шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы), шаардык мечиттин башкы хатиб имамы менен биргеликте 2019 жылдын 26-ноябрынан 3-декабрына чейин Кылмыштуулуктун укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар бир мектепте окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жолугушууларды уюштуруп өткөрүп жаткан ШБББнүн башкы адиси Акамбаева Райкан Жамалдиновна. Өзүнүн жыл сайын түзүп пландаштырылган ШБББнүн негизги иш планынын негизинде өткөрүлүүдө.
06.12.2019 916 Кесиптик бирлик региондордоДемөөрчүнүн деми менен аскердик каана уюштурулду
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы № 10 “Көк-Арт” гимназия орто билим берүүчү мектепте Афган согушуна катышкан Макаимов Медербек Эликовичтин ысмы ыйгарылган аскерге чейинки даярдоо каанасы уюштурулду. Бул каана Афган согушунун катышуучусу, кийин каза болгон Макаимов Медербек Эликовичтин бир туугандары тарабынан ремонттолуп, жасалгаланып, жабдуулар, эмеректер менен жабдылып жалпысынан 125400 сом жумшалган. Афган согушунун ардагеринин басып өткөн жолу келечек муундарды Ата Журтту сүйүүгө, Ата Мекенди коргоого, эр жигиттерди аскерден качпоого, алардын патриоттук сезимдерин ойготууга, эр жүрөктүүлүккө тарбиялайт.
06.12.2019 546 Кесиптик бирлик региондордоБиз баарыбыз биргебиз!
3-декабрь Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатында 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары Ж.Атыбаев, З. Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Г. Борбиева, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин инспектору Т. Бакиров, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов жана райондогу мекеме, иш-каналардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, жаштар кеңеши, жеке ишкерлер катышышып, өз салымдарын кошушту.
06.12.2019 591 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1”Мишутка” бала бакчасынын профсоюздун баштапкы уюмунун башчысы жылдын жыйынтыгын чыгарды
Таш-Көмүр шаарына караштуу “Түндүк”аймагында жайгашкан №1 “Мишутка ”балдар бакчасы жайгашкан.Бул бала бакчанын курулганына чейрек жылдар өтсө дагы бул аймактын жашоочулары үчүн кызматын өтөп,ата-энелердин,мектепке чейинки жаш балдардын сүйүктүү жайына айланган.Албетте, бул бала бакчанын тарыхында көптөгөн кыйынчылыктар болуп өттү.Сөз башынан болсун, “Мишутка”балдар бакчасы 1941-жылы 120 балага ылайыкташтырылып курулган.Ал эми азыркы учурда 130 бала тарбияланып жатышат.
05.12.2019 565 Кесиптик бирлик региондордо«Мы, против СПИДа»
1-декабря 2019 года в городе Майлуу-Суу среди учащихся старших классов общеобразовательных школ и студентов учебных заведений прошло городское мероприятие посвященное Все мирному дню борьбы с ВИЧ – СПИДом. Молодежь, выразила свой протест против этой страшной болезни. Судя по их реакции и выступлений, по их лозунгам «Стоп-СПИД!», «Мы, за здоровый образ жизни!», «Мы, против СПИДа», «СПИДке жол жок!» молодежь желает чистой и счастливой жизни. Они готовы бороться с теми, кто хочет нарушить их здоровую и счастливую жизнь.
05.12.2019 578 Кесиптик бирлик региондордоСПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө карата атайын дарыгерлер менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Аталган иш чара “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов жана ОГПИнин саламаттык-сактоо көзөмөлүнүн башчысы Джээнбеков Нурсултан болду.
05.12.2019 522 Кесиптик бирлик региондордо«Сен жалгыз эмессиң…» аттуу кайрымдуулук иш чарасы
Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын башчыларынын демилгелери менен жер-жерлерде мектептеги майып балдар үчүн 3-декабрда “Сен жалгыз эмессиң, биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарада атайын уюштурулган концерттик программалар көрсөтүлдү. Бардык мектептерде жана бала бакчаларда атайын “Кайрымдуулук кутусу” уюштурулган. Бул ишчарадан түшкөн каражаттарга майып балдардын көңүлүн көтөрүүчү белектерди жана керектүү, муктаж буюмдары, акчалай жардамдар берилди. Айрыкча Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №2 К.Осмонкулов атындагы орто мектебинин, №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинин жана “Шамалды-Сай-Нур” кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөргөн акция мактоого татырлык.
05.12.2019 625 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жаңыдан курулган жылуулук берүүчү борбордун ачылышы болуп өттү. Ачылуу иш чарасы расмий түрдө окуу жай жетекчилиги жана окутуучулардын катышуусунда болуп, борбордун кызыл тасмасын кесишти. Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.
05.12.2019 489 Кесиптик бирлик региондордоОблустук турдун жыйынтыгы чыгарылды
2019-жылда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктары” урааны астында жарыяланган республикалык кароо-сынагынын облустук туру 27-ноябрь күнү жыйынтыкталды.
04.12.2019 517 Кесиптик бирлик региондордо