Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Энелер мектеби" семинар-сабагында “Келгиле окуйбуз” долбоорунун жардамы

2020-жылдын 31-январь күнү Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын  Ш.Ташпотолов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан уюштурулган  кезектеги "Энелер мектеби"  семинар-сабагы болуп өттү.

Темасы: "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо".

Максаты:

  1. Балдардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу
  2. Мектеп менен энелердин байланышын жолго коюу
  3. Коомчулукту жаны технологияларды   колдонуп, аймактарды өнүктүрүүгө  өз салымдарын кошууга үндөө.

Тапшырмасы:

  1. Баланын уйдогу окуу шарттары.
  2. Ата -энелер менен биргеликте көрсөтмө куралдарды, китепчелерди жасоо.
  3. Билим, предметтик, кругозор тууралуу суроо- тесттери.

Мугалимдер семинарда “Келгиле окуйбуз” долбоорунан окуп үйрөнгөн 1-4-9-10- модулдарды, топторго бөлүүнү жана эс алуу көнүгүүлөрун пайдаланышты. Энелердин кызыгуусу артып, дагы да мектеп менен  бекем байланышта болуу үчүн март айындагы  "Келгиле окуйбуз" долбоорунун негизинде түзүлгөн  окуу лагеринде семинар-конкурсун өтүүгө бир добуштан макул болушту.

Мектеп администрациясы жана энелер башталгыч класстарына билим берип жаткан мугалимдерге ыраазычылыктарын, сунуш-пикирлерин билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева