Сергек жашоо мектеп турмушунда
Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Эрматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесип бирлик уюму тарабынан, кесип бирлик төрагасы Алымкулов Абдибалинин демилгеси менен эжеке агайлар арасында кышкы эс алуу учурунда спорттук оюндун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Эжекелер арасында аркан тартыш, волейбол, агайлар арасында шахмат, теннис оюндары өткөрүлдү. Айрыкча эжекелер арасында өткөрүлгөн оюндар кызыктуу болуп, жалпы мугалимдердин маанайлары көтөрүлүп, эс алуу аябай жакшы өттү. Кесип бирлигинин мүчөлүк акысынын эсебинен алган орундарына жараша сыйлыктар ыйгарылды. Оюндун аягында мугалимдер үчүн сый тамак уюштурулду.
15.01.2020 563 Кесиптик бирлик региондордоОбкомдун алгачкы президиуму уюшкандыкта өткөрүлдү
2019-жылдын 10-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиуму өткөрүлдү. Президиумдун ишине мүчөлөрдөн тышкары бардык райшааркомдордун төрагалары жана каралуучу маселелерге тиешелүү адамдар чакырылды. Аны обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, күн тартибине сунуш кылынган маселелер менен тааныштырды.
15.01.2020 490 Кесиптик бирлик региондордо“Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз”
Таш-көмур шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы “Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз” аттуу жыйынтык семинарын өткөрдү. Бул семинарда профсоюз уюмунун башчысы Б.Алимжанова 2019-жылдагы аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Мектептеги заманбап жасалгаланган конференц-залда жамаат менен биргеликте өткөн жылдын отчету угулуп, жаңы 2020-жылга карата жылдык план жактырылып, кабыл алынды. Б.Алимжанова: №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинде 31 мугалим, 16 кенже кызматкерлер эмгектенет. 2019-жыл биздин мектеп үчүн жемиштүү жылдардан болгонун баса белгиледи. Профсоюз уюму мугалимдердин ден соолугуна кам көрүү боюнча бекер медициналык кароодон өткөрүлдү. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелер менен тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үч тараптуу жана эки тараптуу келишимдер түзүлүп, толугу менен ишке ашууда. Окуу жылынын башталышы менен администрация менен биргеликте сабактардын жумалык жүктөмдөрү мыйзамга ылайык бөлуштүрүлүп берилди.
13.01.2020 767 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы 2020-жылга карата профсоюз комитеттери смета түзүштү
Аксы районунда кесип бирлик комитеттери 2020-жылга карата смета түзүштү. Райондогу мектептер, бала бакчалардынар кесип бирлик комитеттеринин төрайымдары райондук профвызностун, мектептердин огородунан түшкөн кирешелердин жумшалышы боюнча сметалардын токтомдорун жазышып, райондук комитетке тапшырышты. Сметада көрсөтүлүп бөлүштүрүлгөн акчалар кесип бирлик мүчөлөрүнүн даталуу күндөрдү белгилөөгө, сыйлоого, материалдык жардамдарды көрсөтүүгө жумшалат. Түзүлгөн сметаларда көрсөтүлгөн акча каражаты токтомдо көрсөтүлгөн нерселерге жумшалат. Айлык акынын көтөрүлгөндугуно байланыштуу профвызностордун суммасы көбөйдү.
13.01.2020 566 Кесиптик бирлик региондордоКАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА МУГАЛИМДЕРДИН УСУЛДУК КЕҢЕШМЕСИ БОЛУП ӨТТҮ
2020-жылдын 9-январында Кадамжай районуна караштуу Көксал-топтан атындагы орто мектебинде мугалимдердин январь усулдук окуусу өткөрүлдү. Бардык предмет мугалимдердин катышуусунда өткөрүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш Орозбаевич усулдук окууга ийгиликтер каалоо менен бирге бир канча тапшырмаларды жана аткаруучу милдеттерди баса белгиледи. Сексиялык иштин максаты жаны усул менен сабактарды өтүү, материалдарды интернет булактарынан изденүү, окуучулардын окууга болгон кызыгууларын өстүрүү, заман талабына ылайык сабактарды өтүү. Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр келип, болуп жаткан жаңылыктар боюнча маалымат берди. Бардык мугалимдер маалыматтарды алып, жаңы күч кубат менен иштөөгө үгүттөнүп кайтышты.
13.01.2020 733 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар Кеңеши 2019-жылы бир топ ийгиликтерге жетише алды!
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы жаштар кеңеши 2019-жылда бир топ жумуштарды жасап ийгиликтерге жетишти. Айта кетсек “Жаштар үчүн чек ара жок!” аттуу эл аралык фестивалында жаштар кеңеши активдүү катышты. Анда Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен эки элдин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, миграция жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери төрага Максат Мамасыдыков пикир алмашты.
13.01.2020 809 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда мугалимдердин кышкы усулдук кеңешмеси болду
2020-жылдын 9-январында Аксы районунда бардык предметтердин мугалимдерине кышкы сексиялык иш болуп өттү.Сексиялык иште ар бир предмет мугалимдери өз ара темадагы түшүнбөгөн материалдарды, чыкпаган мисалдарды ортодо талкуулап,сабактардын иштелмелерин карап чыгышты.Жаны усул менен сабактарды өтүү, материалдарды интернет булактарынан изденүү,окуучулардын окууга болгон кызыгууларын өстүрүү, заман талабына ылайык сабактарды өтүү талкууланды.
10.01.2020 591 Кесиптик бирлик региондордо“Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу ата - эне- мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара
Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан № 2 К.Кенжекулов жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8-январь күнү спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты: • Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү • Мугалим-ата-эне байланышын чыңдоо • Окуучулардын бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үгүттөө Бул мелдеште негизинен башталгыч класстары катышып,активдүү катышкан жана жеңүүчү деп табылган үй-бүлөлөр мектептин Ардак грамоталары жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен ал эми балдар “Кыргыз эл жомоктору”аттуу китепчелер менен сыйланышты. Жалпы ата-энелер уюштуруу комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
10.01.2020 1366 Кесиптик бирлик региондордоЛучшие учителя, детсады, школы и студенты 2019 года
По итогам конкурса «Сердце отдаю детям-2019» были определены победители в номинации «Лучший учитель года». В этот список вошли 9 учителей из разных регионов республики. - Тологонов Баяз Мойдинович — учитель английского языка, средняя школа им. А.Осмонова Панфиловского района Чуйской области; - Сыдыкова Астрагул Нурдубековна — учитель физики, средняя школа им. К.Каримова Ноокатского района Ошской области; - Лебедева Светлана Владимировна — учитель начальных классов, школа-комплекс им. А.Осмонова Иссык-Кульского района;
10.01.2020 1332 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту
Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү кирип келаткан жаңы жылды тосушту. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос, айылдагы демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты, салтанатты өткөрүүгө жумшалды. Мугалимдер чакан концерттик программа даярдашып, тартуулашты. Кирип келе жаткан жаңы 2020-жыл тынчтыктын, токчулуктун, жылы болсун. Иштерибизге талыкпаган эмгек, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап мектеп директору сөз сүйлөдү. Мектептеги окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Социалдык жардамга муктаж болгон окуучулар үчүн,акимдин арча майрамы уюштурулду. Республика боюнча кесип бирлик мүчөлөрүн жаңы жылы менен куттуктап кетем.
30.12.2019 512 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштүк өркүндөөдө
2019-жылдын 17-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2019-2020-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар берилди. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Эмгек жолун жаӊы баштаган Т.Асранов атындагы орто мектебинин физика мугалими Маматали кызы Жумагүлгө, Ж.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин башталгыч класс мугалими Тешебаева Шахнозага жана Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин математика мугалими Мурзабекова Анарага Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан жөлөкпулдар тапшырылды жана педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
30.12.2019 542 Кесиптик бирлик региондордо