Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитети тарабынан материалдык жардамдар берилди.

Ноокен райондук комитети тарабынан материалдык жардамдар берилди.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте азыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга карата атайын иш чаранын негизинде Ноокен районундагы билим берүү тармагында эмгектенген аз камсыз болгон мугалим, тарбиячы жана тех. кызматкерлерге материалдык жардамдар берилди.

 03.04.2020      555       Кесиптик бирлик региондордо

Кемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети

Кемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети

Кемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети, Кемин райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте, билим берүү мекемелеринде иштеген ар бир профсоюз мүчөлөрунө азыркы илдет коронавируска карата бекер маска таратуу акциясын өткөрушту. Маскалардын жоктугуна байланыштуу өздөру колдору менен тигип тараты

 02.04.2020      585       Кесиптик бирлик региондордо

Жумгальский район

Жумгальский район

Дүйнө эли бүгүнкү күндө оор жагдайды башынан өткөрүп жаткан убак. Адамзатынын башына апаат алып келген коронавирус илдети тилекке каршы биздин өлкөбүздү да аралап, илдетке чалынгандардын саны күн санап өсүүсү абдан өкүнүчтүү. Албетте бул куралсыз душман менен курөшүүгө мамлекетибиз бар күчүн жумшап жатат, бирок арабызда кайдыгерликке жол берип, "вааай" деп кол шилтеп коюп адамдардын арасына бул илдеттин жайылышына себепкер болгондор да аз эмес.

 02.04.2020      582       Кесиптик бирлик региондордо

Бугун Ысык-Кол облустук билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен Балыкчы шаарындагы мектептер менен балдар бакчаларынын кызматкерлерине Балыкчы шаарындагы билим беруу кызматкерлеринин торагасы Н.Абдраимовдун жетекчилиги

Бугун Ысык-Кол облустук билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен Балыкчы шаарындагы мектептер менен балдар бакчаларынын кызматкерлерине Балыкчы шаарындагы билим беруу кызматкерлеринин торагасы Н.Абдраимовдун жетекчилиги астында 400 маска,25тен ашык антисептик таратылды.

 02.04.2020      697       Кесиптик бирлик региондордо

В Ысык-Атинском районе по иницитиве райкома профсоюза работников образования из профсозных средств выделен 68.0 тыс.сомов на поддержку медработников района. Согласовав руководителями здравоохранения района заказали защитные костюмы, фартуки и маски.

 02.04.2020      490       Кесиптик бирлик региондордо

Областтык профсоюз комитетинен Памирлик этникалык кыргыздарга жардам

Областтык  профсоюз комитетинен  Памирлик  этникалык  кыргыздарга  жардам

Билим, илим кызматкерлеринин областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев , башкы инспектор Э.Т.Ажиматовдор 2020-жылдын 17-мартында Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Сары-Могол айылындагы №53 Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинин эски корпусунда жашап жатышкан боордош Памирлик кыргыздардан жана алардын сабатсыздыгын жоюп жатышкан балдарынан кабар алып, алар менен баарлашып, алып барган жардамдарын беришип ыраазычылыктарын алып кайтышты. Жалпысынан боордошторго ун, ак май, күрүч, макарон, ак кант, пияз, эт, конфет, печеньелерден турган 30 миң сомдук тамак-аш азыктары жеткирилди. Областтык профсоюз комитетинен барган өкүлдөргө 77 жаштагы Памирлик Эне – Бүбай эне, айыл өкмөтү баш болгон атуулдар ак баталарын беришип, ак дил каалоолорун айтышты. Ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.С.Молдокуловдун жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирип, профсоюз тармагындагы иштерге ийгиликтерди каалады .

 20.03.2020      728       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы  максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин VII съезди  2020-жылдын 3-мартында тармактык профсоюздун эң жогорку башкаруу органынын делегаттары жана конокторунун катышуусунда өткөрүлдү.Бул съездде 2015-2019-жылдар арлыгында аткарылган иштердин отчёту берилип,профсоюз мүчөлөрүнүн уюмдашуу жагдайынын сандык өсүшкө ээ болуусу,жаштар менен иштөө алардын укуктарын коргоо,ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери колго алынгандыгы баса белгиленди.Ошондой эле профсоюз уюмдарынын алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында социалдык өнөктөштүк мамилелери чыңдалып,республикалык,областтык,шаардык,райондук,мектептик,бала бакчалык башка уюмдук макулдашуулар жана жамааттык келишимдер түзүлүп,аткарылышы көзөмөлгө алуу жактары жолго коюлгандыгы мындан нары дагы күчөтүлөөрү айтылды. Съезддин күн тартибинде каралган маселерди угуп,катышкан жалпы делегаттар профсоюз уюмунун алып барган иштери канааттандырарлык деп табышып алдыга койгон максаттары жана милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун ачык айтышып,жер жерлерде баштапкы профсоюз уюмдарына жеткирүү жагына милдеттенип кайттык. Биринчиден профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү.

 16.03.2020      619       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди биз жаштарга жакынкы келечек үчүн багыт берди

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди биз жаштарга жакынкы келечек үчүн багыт берди

2020-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди болуп өттү. Анда республика боюнча жалпы тармактык профсоюздан 120 делегат катышып, алардын 35 % жаштар түздүк. Съезддин жүрүшүндө Борбордук Комитеттин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жана текшерүү комиссиясынын төрагасы Урбаев Улан Шаймергеновичтин өткөн 5 жылда аткарылган иштер жөнүндөгү отчету угулду. Делегаттар тарабынан 5 жыл аралыгында Борбордук Комитет тарабынан аткарылган иштер “канааттандырарлык” деп бааланды. Борбордук Комитеттин 2017-жылдын 11-апрелиндеги Президиумунда бекитилген “Жаштар Кеңеши жөнүндөгү” жобосу тармактык профсоюзда жаштар иштерин ишке ашырууда, жаш адистердин эмгек укуктарын коргоодо, колдоодо, социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө өбөлгө түзүүдө.

 16.03.2020      653       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жалпы жазгы ишембилик өткөрүлдү

13-14-мартта Таш-Көмүр шаарында айлана-чөйрөгө жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликте шаардын тургундары менен биргеликте мектептин мугалимдери,мекеме ишканалардын жумушчулары активдүү катышышты. Ишембиликке жалпы 2250 адам катышып, 49 тонна таштандылар чыгарылды. Мектептин мугалимдери жана кенже кызматкерлери көчө бойлой шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана коомчулукка үлгү көрсөтүү менен тазалоо иштерин аткарышты.

 16.03.2020      658       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Омонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысынын жугуштуу ооруулар жөнүндөгү сабактары өткөрүлдү

2020-жылдын 13-мартында Таш-Көмүр шаарына караштуу №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан жана профсоюз уюмунун башчысы Жамила Бакирова позитивдүү тарбия иш-чарасынын алкагында “Микробдор каяктан келел”темасында ачык тарбиялык сааттарды өткөрүп,окуучуларга жугуштуу ооруулар жөнүндө кеңири маалымат берүү менен өздүк гигиенасын кантип сактоонун жолдорун үрөттү.Ошондой эле бул иш-чарага жалпы мугалимдер жамааты катышып,эжекенин алгылыктуу иштерине мектеп жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиришти.

 16.03.2020      781       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн күчөтүү жагына абдан чоң көңүл бурулуп,масштабдуу тренингдер өткөрүлүүдө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы №1-14 мектептерде “Эмне үчүн китеп окушубуз керек ”деген темада масштабдуу тренинг старт алды.Профсоюз уюмунун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жана “Кыргыз Жаш-Күч”коомдук бирикмесинин тренери Чыңгыз Урматаалиевдин демилгеси менен мектеп окуучуларына,алардын ата-энелерине,шаардык китепканаларга,алардын жумушчуларына жана каалоочуларга тренингдер өткөрүлүп,коомдо жакшы колдоого ээ болуп жатат.Ошондой эле ушул эле тренинг мектеп директорлоруна жана тарбия иштер боюнча директордун жардамчыларына дагы уюштурулду.

 16.03.2020      605       Кесиптик бирлик региондордо