БАТКЕНДЕ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТАГАН ПРЕЗИДИУМ БОЛУП ӨТТҮ
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин президиуму Балдар чыгармачылык үйүнүн жыйындар залында 2020-жылдын 29-январында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук комитеттин төрагасы, раймамадминистрациянын аппарат жетекчиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.
Райондук комитеттин Президиумунун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:
- Райондук комитеттин билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын жана эмгегин коргоо боюнча 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылдагы милдеттери жөнүндө. Баяндамачы А.Зайитов – РКПнын төрагасы
- Райондук комитеттин 2019-жылдагы иштеринин планын бекитүү жөнүндө. Баяндамачы Б.Абдыразакова – РКПнын адиси
- Райондук комитеттин 2020 – жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө. Баяндамачы Ү.Тажибаев – эсепчи
- 2019-жылдагы мыкты социалдык өнөктөштөрдү жана мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемелерин сыйлоо. Баяндамачы А.Масалиев –РКПнын адиси
- «2020-жылга «Позиция профсоюза» гезитине жазылуу жөнүндө. Баяндамачы Г.Жолдошбаева – маданий-массалык комиссиянын төрайымы.
Президиумда биринчи маселе боюнча баяндаманы билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов жасады.
Жарыш сөзгө чыккандар райондук комитеттин 2019-жылда аткарган иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти. Кесиптик бирликтин тармактык облустук комитеттин төрагасы З.Бөтөкөвдун, раймамадминистрациянын аппарат жетекчиси С.Ысмайылов чыгып сүйлөгөн кесиптик бирлик активисттеринин, директорлордун сөздөрүндө билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоодо учурда республикада, облуста жана райондо аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана алдыдагы милдеттер курч коюлду.
Райондук комитеттин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылып, тиешелүү токтом кабыл алынды.
Ошондой эле райондук комитеттин 2020-жылдагы иштеринин жана бюджетинин долбоорлору каралып, алымча-кошумчалар менен бекитилди.
Билим берүү кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Баткен
райондук комитетинин жетектөөчү адиси
Б.Абдыразакова