Конференция болуп өттү

2019-жылдын 27-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ХХVIII отчеттук кайра-шайлоо Конференциясы болуп өттү. Конференцияга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бакышев жана баштапкы уюмдардан шайланган делегаттар катышты. Конференцияда райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов 2014-2019-жылдар аралыгында райондук профсоюз комитети тарабынан аткарылган иштер боюнча кеӊири маалымат берди.
02.12.2019 619 Кесиптик бирлик региондордоУчурдун талабы

Каракол шаардык профсоюз комитетинде баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары жана мүчөлөрү менен келип түшкөн кайрылуу, арыздардын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баарлашып , суроо-жооп менен ой пикир алышуу болду. Эки иштен бир иш дегендей шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. “Позиция профоюза” газетасына жарыяланган билим берүү уюмдарындагы эмгекти коргоо боюнча сунуштамага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-ж. №238 токтому менен “Эмгек шарттары оор жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө” жобо менен тааныштырып, ага ылайык билим берүү мекемелериндеги информатика мугалимдеринин эмгек акысына тиешелүү болгон кошумча төлөмдөрдү кайрадан төлөтүп берүү маселесин коюлуп жаткандыгын айтып, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары жана милдеттерине да кеңири токтолуп өттү. Келип түшкөн даттануу, суроолорго өз учурунда жооп берүү учурдун талабы эмеспи...
28.11.2019 633 Кесиптик бирлик региондордо«Мугалимдин оор ишин жеңилдетүү биздин милдет»

2019-жылдын 26-ноябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №34 Ырыс атындагы орто мектебинин базасында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында райком жана баштапкы профсоюздук уюмдар тарабынан үч тараптуу макулдашууларды аткарылышы боюнча жыйынтыктар” темасында райондук семинар болуп өттү. Семинарга обкомдун, райБББнун, райкомдун кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, баштапкы профсоюздук уюмдун төрагалары катышты.
28.11.2019 680 Кесиптик бирлик региондордо“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы Мунар Назымов менен биргеликте...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институнун Колледжинде салтка айланган “Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” аттуу иш чара болуп өттү. Аталган кеченин коногу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы Назымов Мунар Бурханович болуп, бир топ кызыктуу суроолор коштоосунда студенттер менен жакындан пикир алышты.
28.11.2019 648 Кесиптик бирлик региондордоСузакта жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгы менен жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин социалдык натыйжалуулуктары" кароо сынагына карата жакшы салым кошуп активдүү баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерине баа берди жана алдыңкы профсоюздук уюмдарды дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады. Иш чара райондук билим берүү бөлүмү менен бирге өткөрүлдү.
28.11.2019 679 Кесиптик бирлик региондордоЖаш мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулууда

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жаштар кеңештерин түзүү алардын ишмердүүлүгүн жолго кою боюнча атайын Жобо бекитилип, бул багыттагы иштер башталганына көп эле болгон жок. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин жургузуп жаткан иштери натыжасында жаш мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулуп жакшы самаалыктар болууда.
26.11.2019 646 Кесиптик бирлик региондордо“Күчтүү профсоюз-татыктуу келечекке ишеним” урааны астында республикалык кароо-сынактын областтык туру өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата иш –чаралардын алкагында жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жыл тармактын райондук, шаардык жана ЖОЖ,АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык кароо-сынагынын областтык турун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2019- жылдагы иш планына ылайык 2019-жылдын 20-ноябрь күнү Баткен шаарында өткөрүлдү
26.11.2019 653 Кесиптик бирлик региондордоБиздин күчүбүз – биримдикте

2019-жылдын 22-ноябрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин окуу-семинары болуп өттү. Анда жаштар кеңешинин мүчөлөрү, жаш проф.лидерлер, жалпы 55 адам кытышты. Окуу-семинарда тарификация, айлык акылардын туура эсептелиши боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын эсепчиси Н.Абдыназаров; Күндөлүк планды жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде жазуу боюнча Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин мугалими Т.Мирзариамова; Лидерлик жана оратордук искусствосу боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакиров, Чыр-чытактарды анализдөөнүн жолдору боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары У.Уметовдор слайддар менен түшүндүрүшүп, усулдук материалдар берилди. Андан сырткары семинардын катышуучулары топтордо иштешти жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.
26.11.2019 782 Кесиптик бирлик региондордоКитепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Китеп жарманкеси” өтүп жатат. Бул саамалыкты Бишкек шаарынан келген “Данек” китеп дүкөнүнүн кызматчы тобу менен биргеликте окуу жайдын китепкана бөлүмү уюштурууда. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш чара бүгүн кечки саат 17:00 убактысына чейин уланат. Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын табууда...
26.11.2019 834 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай районунун «Акылман» балдар бакчасында аймактык семинар болуп өттү

2019-жылдын 20-ноябрь күнү «Акылман» балдар бакчасында аймактык семинар болуп өттү. Семинарга 9 бала бакчанын жетекчилери, тарбичылары жардамчылары болуп жалпы 38 адам катышты. Тарбиячы Ормотоева жана Шербаева жардамчылары менен активдүү борборлордо иштөө усулун чыгармачылык көргөзмөлөрү менен жогорку жогорку денгээлде көрсөтүштү. Ошондой эле атайын чакырылган Жалилова Гулзат эжеке Энелер мектебинин сабактарын уюштуруу боюнча эн мыкты тренинг өтүп берди.
26.11.2019 688 Кесиптик бирлик региондордоОГПИ –Республикалык олимпиадада 2-орун...
16-19-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде тарых адистигинде билим алып жаткан студенттер ортосунда олимпиада болуп өттү. Буга Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери катышып, байгелүү 2-орунду камсыздашты. Анын натыйжасында бүгүн окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жеңиш менен келген студенттерди жана жетектеп барган мугалимдерди кабыл алып, жетекчиликтин атынан куттуктады. Мында ректор студенттердин дагы да алдыга кадам таштоосуна бир топ стимул боло турган ийгилик жараткандарын баса белгилеп, кубанычта экенин билдирди. Олимпиадага Тарых кафедрасынын улук окутуучусу, магистр Анара Жолдошова, Үмүтай Ажымаматова жетектеген тарых адистигинин студенттери катышып, илимий багыттан тажрыйба алмашууга шарт түзүлгөнүн, теория лык билимдерин, практика жүзүндө көргөзө алгандыгын айтып өтүштү.
26.11.2019 626 Кесиптик бирлик региондордо