Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" атуу семинар өткөрүлдү

2019- жылдын 26- октябрында Лейлек районунун "Кара-Булак" орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" аттуу райондук семинар болуп өттү. Семинардын максаты жаш мугалимдерге илимий - теориялык, усулдук жардам көрсөтүү.
04.11.2019 825 Кесиптик бирлик региондордо“Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар болуп өттү

Ала-Бука районун Эргешов атындагы орто мектебинде “Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар 29-октябрь күнү болуп өттү. Семинарга Ак-Там айыл аймагынын метептеринин жана балдар бакчаларынын профкомдору катышты. Семинарды алгач райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып профсоюздардын өткөн майрамы менен куттуктап калоо тилектерин айтып семинардын максатын, профсоюздун ролун мыйзамдардын аткарылышы иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө кеӊири токтолуп өттү. Семинар негизинен суроо жооп жана ар бир катышуучу ой пикирлерин кеӊири айтуу менен жүрдү. Эргешов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы Ботобаев Бакыт мектепте үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча кеӊири айтып иш кагаздары менен тааныштырып бир топ суроолорго жооп берди.
30.10.2019 592 Кесиптик бирлик региондордоБаткенчи мекенчил мугалим

Биздин баштапкы профсоюздук уюмубуздун планына ылайык патриоттулук темасында Баткенчи жоокерлер менен жолугушуулар өткөрүп окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоону өркүндөөтүүдөбүз. Мектебиздин аскерге чейинки даярдык жана дене - тарбия боюнча мугалими Баткенчи жоокер Чолпонов Хайдарали Эргешбаевич балдарыбызды мекенди сүйүүгө, аны коргоого, кызмат кылууга даярдоо ишинде активдүү эмгектенүүдө.
30.10.2019 660 Кесиптик бирлик региондордо“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019” тармак

Ноокен райондук комитеттин 2019-жыл иш планына ылайык “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагы 29-январь айындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланып, октябрь айында жыйынтыкталды. Кароо-сынакка 8 балдар бакчасы жана 7 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты. Атайын түзүлгөн комиссия 10-15-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия 16-октябрь күнү жалпы жыйынтыкты чыгарып жеңүүчүлөр аныкталды.
30.10.2019 549 Кесиптик бирлик региондордоТаланттарды издейбиз-2019 кароо-сынагы өтүүдө
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген «Таланттарды издейбиз!» аттуу фестивалы жарыяланып, өткөрүлүп келет. Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
30.10.2019 588 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат

Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат
30.10.2019 699 Кесиптик бирлик региондордоОбкомдун VI Пленуму өткөрүлдү

2019-жылдын 25-октябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги VI Пленуму өткөрүлдү.Пленумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов обкомдун III – IV пленумдарынын аралыгында жүргүзгөн иштерине ар тараптуу (слайддар) менен баяндама жасады. Баяндаманы талкуулоого профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевалар катышышты.
28.10.2019 621 Кесиптик бирлик региондордоТажрыйба топтоого түрткү болгон Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму

Билим берүу жанан илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму 25.10.2019-жыл өткөрүлдү.Бул пленумда: Билим берүү,илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук,социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо,коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунун Тоң районунуда “Уюштуруучулук жактан бекемдик-профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи” темасында өткорүлгөн пленумунун(20.09.2019-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деңгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө маселелр каралды.
28.10.2019 609 Кесиптик бирлик региондордо“БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ”

2019-жылдын 23-октябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы “Күнбала-Таш-Дөбө”балдар бакчасында “Берекелүү алтын күз” аттуу аймактык семинар өткөрүлдү. Семинар бала бакчанын чоӊ залында өттү. Бул иш чарага ата-энелер, меймандар, жогорку жана ортоӊку тайпанын балдары катышты. Семинардын максаты: Тарбиялануучулардын жаш өзгөчүлүктөрү чектелбестен комплекстүү билим жана тарбия берүү ыкмаларын баяндоо жана аймактык бала бакчадагы тарбиячылардын өз ара тарбия алмашуусу.
28.10.2019 770 Кесиптик бирлик региондордоТ.Усубалиев 100 жашта

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмеси жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан мугалимдер арасында Т.Усубалиевдин ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюуу боюнча сынак ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 27 мектептин мугалимдери катышып, биринчи туру «аймактык» деп аталып 5 топко бѳлүнүү менен ѳткѳрүлдү.
23.10.2019 674 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди
19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет. Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик жамааты, окутуучулар жана студенттер катышышты. Бул менен бирге Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш чаранын журүшүнө күбө болушту. Андан соң социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталары тапшырылып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштүр аткарылды.
23.10.2019 723 Кесиптик бирлик региондордо