Ардагер мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде кесип бирлик мүчөлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка ардагер мугалимдер , билим берүүбөлүмүнөн өкүлдөр чакырылды. Аталган мектепте 50 мугалим, 20 кенже кызмматкерлер эмгектенишет. Майрамдык салтанат "Салима "кафесинде өткөрүлдү. Ардагер мугалимдерге белектер берилди, мыкты мугалимдерге Ардак грамоталар тапшырылды. Аксы районунун мэри Нарматалы Эсеналиев агартуучуларга өз каалоолорун айтып, баалуу белектерди тапшырды. Мугалимдик кесип татаал, түйшүктүү эмеспи, ага карабай көптөгөн мөмөлөрдү өстүрүп талыкпай эмгектенип жаткан агартуучулар. Мектептин директору Калыбек Урустемов мугалимдерге каалоолорун айтып, грамоталарды тапшырды. Майрамдык салтанат көңүлдүү майрамдалды.
18.10.2019 667 Кесиптик бирлик региондордоБилим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинде Брейн ринг интеллектуалдык акыл таймашы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 15-октябрь күнү Кадамжай районунун №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында Кадамжай районундагы жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети тарабынан “Брейн Ринг” интеллектуалдык акыл таймаш оюну өткөрүлдү.
18.10.2019 635 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Лейлек районунда

2019-жылдын 11-октябрь күнү Лейлек районунун маданият үйүндө ар жылы өткөрүлүп туруучу Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш чара райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, ардагер мугалимдер, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, ошондой эле, сыйлыктарга ээ бол турган билим берүү тармагынын кызматкерлеринин катышуусунда жана “Баластан” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган чакан концерттин коштоосунда өткөрүлдү.
18.10.2019 756 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүн тосуп алды

2019-жылдын 11-октябрында ОшМУнун чөң чогулуштар залында физика-математика факультетинин 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 45 жылдык жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушуу ОшМУнун башкы имаратынында университеттин музейи менен таанышуу менен башталды. Жолугушуга устаттар: физика-математика илимдеринин докторлору- профессор С.Каримов, профессор Б.Арапов, педагогока илимдеринин кандидаттары-М.Алтыбаева, Р.Н.Халиулин, улуу окутуучулар- М.Маматкулова,Н.С. Селиванова , ректор-Кожобеков К.К, 1974-жылкы бүтүрүүчүлөр, факультеттин студенттери катышышты.
16.10.2019 646 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына интелектуалдык таймаш өттү

2019-жылдын 14-октябрь күнү билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына билим берүү жаатындагы укуктук билимдер боюнча интелектуалдык таймаш болуп өттү. Интелектуалдык таймашты билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова тарабынан өтүлүп, шаардын билим берүү мекемелеринде эмгектенген бардык баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышышты.
16.10.2019 626 Кесиптик бирлик региондордоБиз канчалык көп болсок, позициябыз ошончолук бекем жана кызматкерлердин укуктарын коргоо оңой болот

2019-жылдын 23-26-август күндөрү Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жайгашкан «TalismanVillage» эс алуу жайында Американын Кыргызстандагы Эл аралык профсоюздук тилектештик борбору тарабынан окуу-тренинги өткөрүлгөн. Ал жактан алган билимдерибиздин негизинде жана алган билимдерибизди жер-жерлерде жайылтуу максатында 2019-жылдын 11-октябрь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Ж. Султанов атындагы орто мектебинде “Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл?” темасында областтык окуу - семинары болуп өттү.
16.10.2019 728 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз мугалимдердин майрамын көӊүлдүү өткөрөт!

Баткен шаарында 400 мугалим-тарбиячылар, 6160 окучуга билим тарбия берип келүүдө. 2019-жылдын 5-октябрында Баткен шаарындагы Салкын Тор кафесинде мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына шаардагы 105 мугалимге, 15 ардагер мугалимдерге сый урмат көрсөтүлдү.
16.10.2019 842 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн “Жаш мугалимдердин слетунда” өткөн мастер класстар боюнча маалымат

2019-жылдын 8-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан областтык “Жаш мугалимдердин слету” өткөрүлдү. Слет “Компетенттүү мугалим- компетенттүү окуучу!” деген ураан астында өттү. Жаш мугалимдердин слету 3-бөлүктү камтып, 1-бөлүгүндө “Жаш мугалимдердин педагогикалык устаканасы” деп аталып, сабактарында колдонулуучу дидактикалык, көрсөтмө куралдардан турган көргөзмө менен башталды.
14.10.2019 937 Кесиптик бирлик региондордоКолдоо – ийгиликтин ачкычы

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети аймактардагы мектептер менен болгон алаканы чыңдоо жана колдоо максатында мектептер менен тыгыз иш алып барууда. Алсак: 09- октябрь күнү Чүй районуна караштуу Алчалуу айылындагы Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектепке барып келишти. Мектепте жакшы саамалык уюштурулду. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, СССРдин эл агартуусунун отличниги Дүйшеналиева Райхан Абдиловнанын көп жылдык мугалимдик кесипти аркалагандыгын баалап, эмгегин даңктоо максатында атайын кыргыз тили жана адабияты боюнча методикалык кабинет ачып эженин атын ыйгарышты. Эже дайыма жаш мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жаштарга акыл насаатын айтып, жол көрсөтүп келээри кесиптештеринин сөздөрүндө маалым болду.
14.10.2019 675 Кесиптик бирлик региондордоМугалим – мөмөлүү дарак

2019-жылдын 8-октябрь күнү Ноокен районунундагы Масы айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу азем өткөрүлдү. Салтанаттуу аземди Ноокен райБББнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г. С.Борбиева ачып, билим берүү кызматкерлерин, келген конокторду майрамы менен куттуктады. Майрамдык аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, орун басары З.Юлдашева, райондук ички иштер бөлүмү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ардагер мугалимдер, алдынкы билим берүү кызматкелери жалпысынан 350 адамдын катышуусунда өттү. Азем № 6 “Арал” атындагы орто мектебинин окуучуларынын майрамдык куттуктоолору жана мугалимдерге арналган концерттик программасы менен коштолду.
14.10.2019 744 Кесиптик бирлик региондордоМайлуу-Суу шааркомунун 5-октябрь Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдан

2019-жылдын 7-октябрь күнү Майлуу-Суу шаардын маданият үйүндө салтанаттуу майрам өткөрүлдү. Майрам Мугалимдердин күнүнө арналып, шаардын мэри Маматов Н.А., ШБББ башчысы Караева Дж.И., шааркомдун төрайымы Б. Джураева жана башка мекемелердин жетекчилери катышышып өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты.
14.10.2019 697 Кесиптик бирлик региондордо