Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде кесип бирлик мүчөлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка ардагер мугалимдер, билим берүүбөлүмүнөн өкүлдөр чакырылды. Аталган мектепте 50 мугалим, 20 кенже кызмматкерлер эмгектенишет. Майрамдык салтанат "Салима "кафесинде өткөрүлдү. Ардагер мугалимдерге белектер берилди, мыкты мугалимдерге Ардак грамоталар тапшырылды. Аксы районунун мэри Нарматалы Эсеналиев агартуучуларга өз каалоолорун айтып, баалуу белектерди тапшырды. Мугалимдик кесип татаал, түйшүктүү эмеспи, ага карабай көптөгөн мөмөлөрдү өстүрүп талыкпай эмгектенип жаткан агартуучулар. Мектептин директору Калыбек Урустемов мугалимдерге каалоолорун айтып, грамоталарды тапшырды. Майрамдык салтанат көңүлдүү майрамдалды.


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева