Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу боюнча маселе каралды

2019-жылдын 13-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу” темасында баштапкы кесиптик уюмдун төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Семинардын ачылышында № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А. Бакирова маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов башталган жаңы окуу жылына алдыдагы милдеттер жөнүндө айтып өттү. Андан сырткары күз – кыш мезгилине даярдыктын абалы, от жаккычтарга жумушка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча маселелерге токтолду.
16.09.2019 636 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда жаңы мектептин ачылышы

2019- жылдын 2-сентябрында мектептин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баймурат Бекмуратов жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов алар менен кошо ”Илек Строй-Групп” ишканасынын жетекчиси Исманали Жороев, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратов жана башка меймандар катышышты.
09.09.2019 880 Кесиптик бирлик региондордоАймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу

2019-жылдын 3-4-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаарында “Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу” темасындагы жаштардын республикалык форуму болуп өттү. Форумга республиканын бардык облустарынан жаш лидерлер келип катышышты. Менда Ноокен райондук жаштар кеңешинин төрагасы катары, обкомдун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келдим. Форумдун биринчи бөлүгүндө катышуучулардын парады, шаар мэринин, шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу жана Кара-Көл шаарындагы Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
09.09.2019 748 Кесиптик бирлик региондордо“Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү

2019-жыл 30 август күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешменин бет ачаар сөзүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова сөз сүйлөп ,куттуктап ачык деп жарыялады. Кеңешменин катышуучулары болуп Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т. Жайылов, Токтогул райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т. Исраилов, айыл өкмөт окүлдөрү, мугалимдер, ардагер мугалимдер, жаш адистер жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иш чараларды, жетишкендиктерди слайд- шоу аркылуу тааныштырды. Билим берүүдөгү жетишкендиктер үчүн мугалимдерге райондук мамадминистрациясынын ардак грамотасы, төш белгилер, белектер тапшырылды.
09.09.2019 700 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы окуу жылыңыздар менен!!!

2-сентябрь күнү ЖАМУнун бардык факультеттеринде, колледждерде жаңы окуу жылынын башталышын белгилеп, салтанаттуу иш чаралар уюштурулду. Анда окуу жайдын ректору профессор К.Ж.Усенов, профсоюздук комитеттин төрагасы К.М.Болотбеков баш болгон проректорлор, атайын бөлүмдөрдүн жетекчлери, факультеттердин декандары, институт, колледждердин директорлору, студенттердин ата-энелри катышышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, кызматкерлерге, студенттерге каалоо тилектерин айтышты. Ал эми жаңы кабыл алынган студенттер үчүн өзгөчө куттуктоолор айтылып, жогорку курстардын студенттери ЖАМУнун артыкчылыктарын белгилөө менен азыркы учурдагы интелектуалдык атаандаштыкта университетибиздин баалуулуктарын сактоо менен, эң мыкты ийгиликтерди жаратуу аркылуу аларды байытуу милдетин татыктуу аркалоону тапшырышты . Салтанатта студенттердин ата-энелери да куттуктоо сөз сүйдөшүп, профессрдук-окутуучулук курамга ары татаал, ары түйшүктүү , ары сыймыктуу иштеринде ийгиликтерди каалашты.
09.09.2019 645 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлери Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында экскурсияда болушту

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаевдин демилгеси менен билим берүү кызматкерлерин Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында экскурсияда болушту. Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы биздин байыркы ата бабаларыбыздын жазуусу жана ошол кездеги нечен кылымдарды ичине камтыган чыгармачылыгынын жогорку туу-чокусу болгон байыркы исскуствонун уникалдуу кайталангыс эстеликтери менен жеринде таанышып келишти. Паркта ташка чегилген сүрөттөрдүн болжолду саны 91900. Экскурсияны уюштуруп берген райондук профсоюз комитетине мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.
09.09.2019 977 Кесиптик бирлик региондордоАк-Суудагы спорттук иш чара ийгиликтүү өткөрүлдү

Жакында Ак-Суу районундагы Абдыш Ракымов атындагы орто мектебинин спорттук базасында волейбол оюну боюнча райондун чыгыш зонасынын мектептеринин арасында билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин өтмө Кубогу үчүн спорттук мелдеш болуп өттү.
09.09.2019 643 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарында билим күнү белгиленди

2-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептерде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп билим уясы болгон мектептер өз эшигин ачышты.Шаардын жетекчилери мектептерге барышып мугалимдерди жана окуучуларды куттукташып, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, билимге чакырган биринчи коңгуроолор кагылды. Шаарыбыздагы №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке шаарыбыздын вице-мэри А.Мойдунова,№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектепке шаардык кеңештин төрагасы С.С.Сансызбаев,ШБББнүн башкы адиси Г.Эргешовалар катышышты. Ошондой эле мектептерде 2019-2020-окуу жылынын Билим күнүнө карата биринчи сабактар өткөрүлдү.1-4-класстар үчүн “Менин досум-компьютер”,5-8-класстарда “Санарип технологиялары адамдын турмушунда”,9-11-класстар үчүн “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”темасында сабактар өткөрүлдү.
09.09.2019 889 Кесиптик бирлик региондордоБорбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов - тоолуу Чаткалда

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VIII конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 44 делегат шайланып, анын ичинен 41 делегат катышты. Райондук комитеттин 2014-2018-жылдарда негизги ишмердүүлук боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетту анын төрагасы Кудайбердиев Ызан Кожонович, текшерүү комиссиясынын докладын Нарбекова Айнура Амиракуловна жасады.
02.09.2019 679 Кесиптик бирлик региондордоМОЛОДЕЖЬ – БУДУЩЕЕ ПРОФСОЮЗА!

23-26-августа в селе Бостери Иссык-Кульской области в центре отдыха “Talisman Village”, был проведен семинар-тренинг Американским Международным центром профсоюзной солидарности в КР, где участвовали молодые проф.лидеры разной сферы. Главной целью тренинга является повыщение уровня знания о Законе труда, активное участие в продвижении профсоюзного движения в стране и выбор среди активной молодежи молодых лидеров. Международный бизнес-тренер, коуч Утюшева Лилия, тренеры Центра Солидарности: Елена Рубцова, Марал Мамбеталиева, Сергей Рубцов, Надежда Шумилина, Элдияр Карачалов провели тренинги по своим направлениям.
02.09.2019 825 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде БИЛИМ майрамы белгиленди
2-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-август өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө жана 1-сентябрь билим кунүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган иш чара жаңыдан билим уясынын босогосун аттаган абитуриенттердин, студенттердин, ата-энелердин жана жалпы окуу жай жетекчилигинин катышуусунда башталды. Алгач, окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев сөз сүйлөп, иш чаранын катышуучуларын билим күнү менен куттуктап, мындан аркы окууларына жана иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте, мамлекеттин келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин баса белгилеп, мындан сырткары студенттик мезгилдин убактысын туура пайдаланануу менен алдыга кадам таштоого чакырып өттү.
02.09.2019 703 Кесиптик бирлик региондордо