Профсоюз лидерлеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

2019-жылдын 9-октябрь күнү Баткен районунун Бужун орто мектебинин базасында Баткен районундагы жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан “Брейн-Ринг” интеллектуалык таймашы өткөрүлдү. Бул таймашта Дара зонасынан “Айкөл” командасы, Самаркандек зонасынан “Биримдик”, Кара-Бак зонасынан “Ынтымак” командалары ат салышты. Таймаш профсоюздук кыймылды даңазалоо жана ага мотивация берүү боюнча музыкалык үй тапшыра менен башталды. Таймаштын экинчи этабында катышуучуларга уюштуруучулар тарбынан даярдалган суроолор берилди. Суроолор Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, мыйзам актыларынын жана ар түрдүү жоболордун негизинде түзүлгөн. Таймаштын катышуучулары иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жолдору боюнча терең билимдерге ээ экендиктерин көрсөтө алышты. Таймаш өтө курч атаандаштыкта жана кызыктуу мазмунда өттү.
10.10.2019 614 Кесиптик бирлик региондордоҮч тараптуу макулдашуу көп маселени чечет

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына Баткен шаарындагы мугалимдерди сүйүнтту. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамынын” 8-беренесине жана Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр М.Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн (башчысы А.Ахматбеков) жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым М.Калыкова) ортосунда 2017-2019-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалим жана тарбиячылардын ар бирине 300 сом өлчөмүндө коммуналдык чыгымдар үчүн женилдиктер акчалай түрдө берилди . Жалпысынан Баткен шаарындагы 374 мугалим, тарбиячыларга 112200 сом которулду.
10.10.2019 634 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдерге урмат, сый көрсөтүлдү

Кечээ жакында Каракол шаарындагы К.Жантөшов атындагы драм театрда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.Театрдын кире беришинде окуучулар менен мектеп жетекчилери жыйынга келген мугалимдерди шаңдуу музыканын коштоосунда гүл менен тосуп алышты. Жыйынды куттуктоо сөзү менен Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Урумов ачты. Андан соң шаардын мэри Каниметов А.Ж., шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айсаракунов Э. А.билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. жана башка өкүлдөр куттукташып, сыйлыктарды, баалуу белектерди тапшырышты. Бул күнү мугалимдердин ары жоопкерчиликтүү, түйшүктүү анан да сыймыктуу милдети даңазаланып, урмат-сый көрсөтүлдү.Чынында эле мугалим өлкөнүн кыймылдаткыч күчү, коомдун күзгүсү эмеспи.
10.10.2019 799 Кесиптик бирлик региондордоКесиптик майрам салтанаты

Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанат 2019-жылдын 5-октябрында Алай районунун Гүлчө айылындагы «Ай көкүл» тойканасында болуп өттү. Салтанатка Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.С.Молдокулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу, инспектордук жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы К.М.Тутуев, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун кызматкери З.И.Молошев, Ош билим берүү институтунун кана башчысы А.Жороева, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров жана тиешелүү жетекчилер катышышып кесиптик майрам ээлерин куттукташты.
10.10.2019 652 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-коомдун күзгүсү
Мугалим-эскирбеген кесип. Педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, изденүүчүлүгү, баладай жумшак көңүлү, болгон күч-аракетин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы чоң урмат-сыйга татыйт. Мугалимдер күнүнө карата Ысык-Ата районунда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, ардактуу кесиптин ээлерин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.
10.10.2019 947 Кесиптик бирлик региондордоМУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

2019-жылдын 5-октябрь күнү Кадамжай районундагы «Отдых» ресторанында мугалимдердин кесиптик майрамына карата азем өткөрүлдү. Майрамдык аземге Кадамжай райондук администрациясынын орун басары С.М.Асанова, мекеме-ишканалар, мектеп жетекчилери, бала бакча башчылары, сыйлык алуучу мугалимдер жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жалпысынан 340 адамдын катышуусунда өттү. Майрамдык кечени ачып берүү үчүн РайББ башчысы Ж.О.Гайбуллаев куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлериннин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге каалоо-тилектерин айтып «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
10.10.2019 818 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕНДЕГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ

Баткен шаарындагы Салкын-Төр кафесинде зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлгөн Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы балдар мекемелеринен келишкен 200 гө жакын билим берүү кызматкерлери катышышты. Салтанаттуу аземди райондук раймамадминистрациянын башчысынын орун басары К.Кыдырова ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө үндөдү.
10.10.2019 760 Кесиптик бирлик региондордоСүлүктү шаарында Мугалимдердин күнү салтанаттуу өткөрүлдү

2019-жылдын 7–октябрында Сүлүктү шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик марамына карата билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлерининкесиптик бирлик комитетити тарабынан “Мугалимдер – өрнөктүү өмүр ээлери” аттуу салтанаттуу ишш ара аардагы Рахат тойканасында 180 билим берүү кыызматкерлери жана ардагер мугалимдердин катышуусунда өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чараны өткөрүү үчүн атайын бурук чыгарылып, иш чаралар планы түзүлүп, билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан сценарий иштелип чыкты. И чарага ылайык билим берүү мектемелеринин ар биринде 1-октябрь улгагандардын күнүнө карата ардагер мугалимдерге үй бүлөсүнө кабар алып, үй иштерине жардам берилип, белектер уюштурулду. Ал эми мугалимдердин кесиптик марамына карата жумалыктар өтүлүп, окууччулар тарабынан дублерлор күнү уюштурулуп, атайын мугалимдер үүн конерттик программалар уюштурулду.
10.10.2019 954 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда мугалимдер күнү белгиленди
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү Бабур драма театрында салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү. Салтанатты ОшМУнун ректорунун м.а. Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле окуу жайыбыздын ташын коюп, кышын кынаган, өмүрү, бүтүндөй тагдыры университет менен байланышкан ардагер агай-эжелерге ыраазычылык билдирди.
08.10.2019 681 Кесиптик бирлик региондордо“Сөз берметин ширелткен айтыштын түрү сармерден”

Лейлек райондук билим берүү мекемелерине караштуу билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө, алардын бири 2019-жылдын 27-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата уюштурулган Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында Сармерден айтышынын райондук туру өткөрүлдү. Ак-Суу, Сумбула , Катраң, Лейлек өкмөттөрүнө караштуу билим берүү мекемелеринен буга чейин өткөрүлгөн зоналдык турда тандалып алынган мырзалар , Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө жана Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринен тандалып алынган айымдар ат салышып, жыйынтыгында бирдей упайга ээ болушту.
08.10.2019 630 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2019-жылдын 5-октябрь күнү “Мугалим-коомдун руханий акыл-эси күч-кубаты жана тиреги”деген темада билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө майрамдык иш чара өткөрүлдү.
08.10.2019 798 Кесиптик бирлик региондордо