ОшМУда мугалимдер күнү белгиленди
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү Бабур драма театрында салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.
Салтанатты ОшМУнун ректорунун м.а. Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле окуу жайыбыздын ташын коюп, кышын кынаган, өмүрү, бүтүндөй тагдыры университет менен байланышкан ардагер агай-эжелерге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.
Салтанаттын жүрүшүндө 2018-2019-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча да жеңүүчүлөр сыйланды.
Кеченин экинчи бөлүгүндө Мугалимдер күнүнө карата ректораттын демилгеси менен уюштурулган ОшМУнун доценти, белгилүү обончу жана аткаруучу Таалай Турдубаевдин жеке концерти тартууланды.
Материалды даярдаган:
Суйумкан Арзиева