Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрам салтанаты

Мугалимдердин  кесиптик  майрамына  арналган  салтанат  2019-жылдын  5-октябрында  Алай  районунун  Гүлчө айылындагы  «Ай көкүл»  тойканасында  болуп өттү.

Салтанатка  Алай  райондук  жергиликтүү  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы-аким З.С.Молдокулов, Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош  облусундагы ыйгарым  укуктуу  өкүлчүлүгүнүн  уюштуруу,  инспектордук  жана  контролдоо  бөлүмүнүн  башчысы К.М.Тутуев,  ыйгарым  укуктуу  өкүлчүлүктүн  укуктук  камсыздоо  жана  кадрлар  секторунун  кызматкери  З.И.Молошев,  Ош  билим  берүү  институтунун  кана  башчысы  А.Жороева,  Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  М.О.Мусаев,  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.К.Абдыкадыров жана  тиешелүү  жетекчилер  катышышып  кесиптик  майрам  ээлерин  куттукташты.

Кесиптик  майрамга  райондогу  билим  берүү  мекмелеринен  250 гө  жакын  алдынкы  чыгармачыл  мугалимдер , тарбиячылар, ийрим  жетекчилери , билим  берүү  мекемелеринин  директорлору, профсоюз  уюмдарынын  төрага-төрайымдары, билим  берүүнүн  жана  профсоюздун  ардагерлери  катышышты.

Алдынкы  чыгармачыл  кесип  ээлерине  областтык,  райондук  мамлекеттик  администрациялардын  Ардак  грамоталары, Билим берүү, илим кызматкерлеринин  областтык профсоюз  комитетинин,  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жана  райондук  профсоюз  комитетинин  атынан   Ардак  грамоталар  жана акчалай  сыйлыктар  да  берилип, майрамдык  маанай  тартууланды.

Кесиптик  майрам  салтанатынын  катышуучуларына  «Ош – Пирим»  ААКнун  жетекчиси  Примов Бердибай  Примовичтин  атынан  жана  райондук  профсоюз  комитетинин  атынан  сый  тамак   берилди.

Майрамдык  салтанаттын  катышуучуларына  райондук  маданият  үйүнүн  кызматкерлери  жана  балдардын  чыгармачылык  борборунун  ийрим  жетекчилери  тарабынан  майрамдык  шаң  тартууланып,  салтанат көңүлдүү  ыргак  менен  өттү.

            

 

Материалды даярдаган:  

Акылбек Абдыкадыров