Билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн камкордук

2018-жылдан баштап балдардын жайкы эс алуусу үчүн каражат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан бөлүнүп берилип, республика боюнча билим берүү кызматкерлеринин балдарынын эс алуусу уюштурулууда. 2019-жылда Жалал-Абад облусунун билим берүү кызматкерлеринин балдарынын Базар-Коргон районунундагы “Арстанбап-Ата” турбазасында, Чаткал районунун “Жеткинчек” , Аксы районундагы “Сары-Челек”, Токтогул районундагы “Өйүш-Булак”,Кара-Көл шаарынын “Кайынды”, Көк-Жаңак шаарынын “Арууке” эс алуу борборлорунда 604 баланын эс алуусу райшаардык комитеттер тарабынан уюштурулду.
21.08.2019 685 Кесиптик бирлик региондордоЖайкы эс алуу уланууда

Азыркы учурда Жаллал-Абад облусунун Чаткал районунда Каныш-Кыя айылындагы "Чаткал-Жеткинчек" балдардын эс алуу лагеринде райондогу билим берүү кызматкерлеринин балдары эс алууда. Эс алуу мезгили 26-июлда башталган. Бүгүн лагердеги эс алуу мезгилинин аякташына карата окуучулар катышкан "Кыз-жигиттин сармердени" маданий иш чарасы өттү. Иш чарада кыздар жана балдардан турган эки топ ыр, бий, жаңылтмач, табышмактарды аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Соңунда, активдүү катышкан балдарга район акиминин орун басары Асел Чынасова жана билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев тарабынан "Ардак Грамоталар" берилди.
21.08.2019 631 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз уюму коңшу Өзбекстан мамлекетинде

Аксы районунун профсоюз уюмунунмүчөлөрү "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата коңшу Өзбекстан мамлетине саякатка барып келишти. И.Н.Мешков мектебинин профсоюз мүчөлөрү кыска мөөнөттүү эс алууга барышты. Алар алгач Анжиян, Самаркан, Бухара, Наманган шаарларына барды. Ар бир улуттун өз маданияты, салты, руханий жана материалдык байлыктары болот эмеспи. Мына ошол нерселер менен кенен таанышып, көздөрү менен көрүп келди. Шаарлардын кооздугу, архитектуралык курулуштары, жол жээгинде өскөн гүлдөрү көздүн жоосун алат. Элдеринин мейман достугу, дасторкон ажары артта калбайт. Кесип бирлик мүчөлөрү абдан жакшы маанайда эс алышты. Мындай Өнүгүүлөр жыл сайын алга өсө берсин, биздин да мамлекетибиз мынданда чоң жаратууларга жетише берсин.
16.08.2019 725 Кесиптик бирлик региондордо«Красная Гвоздика» лагеринде эс алуу менен бирге окуу-семинары болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2019-жылдын 14-июлунан 19-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жайгашкан «Красная Гвоздика» аттуу лагерде эс алуу менен бирге окуу-семинар өткөрүп кайтышты. Семинарды Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов өзү ачып берди. Семинардын катышуучуларына Асылбек Токтогулович семинардын максаты, ал максаттарды ишке ашыруу жана Борбордук Комитеттин билим берүү тармагында эмгектенип жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарын коргоодо жасап жаткан иштери жөнүндө кыскача айтып өттү.
16.08.2019 743 Кесиптик бирлик региондордо"Мыкты профсоюз " конкурсунун женүүчүлөрү эс алууга жолдомо алышты

2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп белгиленген. Аталган жылга карата билим берүү тармагындагы профсоюз уюмдарынын арасында "Мыкты профсоюз уюму" атту конкурс өткөрүлгөн. Конкурста көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, жыл ичиндеги аткарылган иштер, жетишкендиктери боюнча алдыга озуп чыккан "Арча Бешик" мектепке чейинки билим берүү уюму 1-орунду ээлеген. Райондук турдан жеңип, областык турдан 4-орунду ээлеген. Жетишкендиктери үчүн кызыктыруучу сыйлыктар жана 2019-жылга Ысык-Көлгө 10 адамга жолдомо менен сыйланышты. Ошонун негизинде 2019-жылдын 23-26-июлга чейин Ысык-Көлдөгү "Нептун" эс алуу жайында эс алышып келишти. Жакшы эс алуу менен, жакшы маанайда тарбиячылар эс алып келишти. 2018 -жылдын жыйынтыгы жакшы болду.
15.08.2019 638 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕНДИН ПРОФСОЮЗ ЛИДЕРЛЕРИ ЫСЫК – КӨЛДӨ БОЛУШТУ

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 29-июлунан 4-августуна чейин билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары үчүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная гвоздика” эс алуу борборунун базасында окутуу – эс алуу семинары өткөрүлдү.Семинарга облус аймагындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген 30 профсоюз лидерлери катышышты. Семинардын жүрүшүндө кызуу талкуулар, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, суроо-жооптор менен катар кызыктуу оюн-зооктор жана конкурстар орун алды.
14.08.2019 733 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун социалдык педагогдору семинар-тренингде

2019-жылдын май айынан тарта Ист – Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын алкагында «Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү» аттуу долбоору өз ишин баштаган. Ушул долбоордун алкагында 2019 – жылдын 6 -7 август күндөрү Исфана шаардык мэриясынын жыйындар залында «Мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча улуттук механизмдер» аттуу семинар – тренинг өткөрүлүп,Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн Ак Суу жана Лейлек айыл өкмөттөрүнүн орто мектептеринен социалдык педагогдору аталган семинарга катышышты.
14.08.2019 694 Кесиптик бирлик региондордоРАЙОНДУК КАРОО-СЫНАКТАРДЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ БОЛГОН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ТӨРАГАЛАРЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2018”, “Мыкты социалдык өнөктөш –баштапкы кесиптик бирлик уюму-2018” райондук кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата-Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү. Экскурсия Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 18 билим берүү кызматкерлери катышышып, “Телтору” пансионатында эс алышты.
14.08.2019 623 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 2-4-август күндөрү Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунда жайгашкан “Нептун” пансионатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору болуп 19 жетекчи эс алышты. Эс алууну уюштурууга каражат райондук профсоюз комитети тарабынан каржыланды. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери эс алууну уюштуруп бергендиги үчүн райондук профсоюз комитетинин торагасы З.Ажыбаевге ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ийгилик каалашты.
14.08.2019 640 Кесиптик бирлик региондордоЖаш мугалимдерге “Жайкы мектеп” аттуу окуу - семинары

2019-жылдын 20-21-июлу күндөрү Кыргызстандын керемет жерлеринен болгон Базар-Коргон районунунда жайгашкан “Арстанбап- Ата” туристик базасында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети, “Академия Роста” интелектуалдык өнүктүрүү борбору менен биргеликте жаш мугалимдердин “Жайкы мектеп-2019” аттуу окуу – семинары болуп өттү. Эскерте кетсек биринчи жолу 2018-жылдын 23-июнь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан “Алтын – Балалык” балдардын эс алуу борборунда болуп өткөн. Анда да Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү биргеликте уюштурган.
14.08.2019 814 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жаратылыш койнундагы семинары

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 17-18-июль күндөрү Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек көлүндө эс алуу менен бирге көчмө семинарды уюштурду. Бул семинарда жалпы 26 кызматкер катышышты. Семинардын максаты: - Эмгек келишимдин туура түзүлүшү, үч тараптуу макулдашуулар; - Эмгек акынын жана жумалык сааттардын туура бөлүштүрүлүшү; - Дем берүүчү акынын ургаалдуулугу,техникалык коопсуздуктун сакталышы сыяктуу маселелер каралды. Семинардын биринчи күнүндө бардык иш-чаралар өткөрүлүп, экинчи күнү эс алуу менен аяктады. Жаштар кеңешинин төрагасы Даирбек уулу Манас жана мүчөсү Мусуралиева Мээрим “Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде уюштурулган облустук семинардагы болгон жаңылыктар боюнча айтып беришти. Ошондой эле казыначы В.Алишова эс алуу жана дарылануу боюнча путевка алуунун эрежелери жана керектелүүчү документтер жөнүндө кеңири маалымат берди.
14.08.2019 644 Кесиптик бирлик региондордо