Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2018-2019-окуу жылында кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү болгон билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө маселе каралды

2018-2019-окуу жылында кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү болгон билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө маселе каралды

2019-жылдын 28-июнь күнү  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум  кенешмесине   К.Нышанов, З.Усенов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум  күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды. Президиум күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды. Баштапкы кесиптик уюмдарда номенклатуралык иш кагаздардын жүргүзүлүшүнүн абалы. Райондун мектептеринде эмгекти коргоо мыйзамынын талаптарын жана техникалык өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышынын абалы жөнүндө. Балдардын жана билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө. Борбордук Комитеттин “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында “Ден-соолук” спартакиадасына катышуучу мугалимдерге каражат бөлүп берүү.

 03.07.2019      627       Кесиптик бирлик региондордо

Облуста билим берүү тармагынын көйгөйлөрү талкууланды

Облуста  билим берүү тармагынын  көйгөйлөрү   талкууланды

2019-жылдын 26-июнунда билим берүүнүн Жалал-Абад облустук усулдук борборунун жыйындар залында кеңешме өткөрулүп, билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды. Кеңешмеге борбордун жооптуу кызматкерлери, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

 28.06.2019      656       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профлидерлердин Эл аралык жолугушусу

Жаш профлидерлердин  Эл аралык  жолугушусу

Кыргызстандын жана Өзбек Республикасынын жаштарынын ортосундагы достуктукту чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 20-июнь күнү Жалал-Абад шаарында фестиваль болуп өттү. Аталган иш чарага Өзбек Республикасынын Кыргызстандагы элчиси К.К.Рашидов жетектеген делегация, БУУнун ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Ю.Кен, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Т.Ызабеков, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана жаштар катышты.

 27.06.2019      745       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ачык эшик күнү уюштурулду

Аксы районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ачык эшик күнү уюштурулду

Аксы районунда  Жибек мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата -энелер үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бала бакчадагы шарттардын түзүлгөндүгү, тарбиячылардын эмгектери, балдардын кызыгуулары менен ата - энелер, комитеттин мүчөлөрү таанышышты.  Жогорку тайпанын тарбиячысы Ашыралиева Гулжамал балдарга жана алардын ата энесине ачык сабак өттү. Бала бакчага ата энелер демөөрчү болуп, көптөгөн материалдык, финансылык маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн.  Аксы районунун кесиптик бирлик комитети да артта калбай жардам берип келет. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн дем алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна шарттарды түзүп, мыкты мүчөлөргө сыйлыктарды ыйгарып келет. 

 27.06.2019      634       Кесиптик бирлик региондордо

Профкомдордун жайкы эс алуусу уюштурулду

Профкомдордун   жайкы  эс  алуусу  уюштурулду

2019-жылдын 22-июнь күнү Кадамжай районундагы жалпы мектептин торага, төрайымдары “Ак-Кайың” жайлоосунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин демилгеси менен бир күндүк эс алуу уюштурулду. Мындай эс алуулар жыл сайын мугалимдер үчүн райкомпрофсоюз тарабынын колдоосу менен уюштурулуп келет. Жайлоонун таза абасынан дем алышып, жыл бою иштеп, чарчаган мугалимдер эс алып, жаратылыш койнунда болушту.

 27.06.2019      624       Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директоруна ата-энелер тарабынан ыраазычылык

Мектеп директоруна ата-энелер тарабынан ыраазычылык

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу №4 А. Сатаров атындагы орто мектебинде Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен коллегиясынын № 7 токтомунун негизинде “Жылдыз” аттуу мектеп алдындагы күндүзгү эс алуу лагери уюштурулду. Лагерь эки агымда уюштурулуп, анда жалпы 100 бала эс алды. Мектеп администрациясы жана демөөрчүлөрдүн каражаты менен балдарга ысык тамак берилди.

 25.06.2019      2101       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер эс алууда

Мугалимдер эс алууда

Алтын уясынан алтын нурун чачыратып чыккан күн менен кошо жарашып, мектепти көздөй ашыгып, сүйкүмдүү балдарды каршы алган мугалимдер жыл жыйынтыгына жетип келишти. Көптөн күттүргөн “Акыркы коңгуроо” аземи бүтүп, окуучулар жайкы эс алууга тарашты. Түмөн түйшүктүү, ардактуу кесип ээлери болгон Ноокен районундагы №9 Паяз атындагы орто мектебинин жамааты да бул жылды ийгиликтүү аяктап, жаңы күч, дем менен жаңы окуу жылына баруу үчүн атайын эс алуу уюштурушту. Мектеп жамааты кыргыз элинин сыймыгы болгон Аксы районундагы “Падыша-Ата” жана “Сары-Челек” эс алуу жайларында 3 күндүк эс алуу уюштурулду.

 25.06.2019      757       Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин ЖРТ катышкан окуучулардын ийгиликтери

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу  мектептердин  ЖРТ  катышкан окуучулардын  ийгиликтери

Быйылкы 2018-2019- окуу жылында бүтүрүүчүлөрүбүздүн Жалпы Республикалык тестте көрсөткөн ийгиликтерин айта кетсек болот. Бул ийгиликтерге жетишүү үчүн мугалимдердин, ата-энелердин кошкон салымы зор.Окуу жылынын башынан тартып эле ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,ЖРТ нын маанилүүлүгү,анын пайдасы жөнүндө жеткизилди. Район боюнча жалпы 11- класстын бүтүүрүүчүлөрүнүн саны 1166 анын ичинен ЖРТга катышканы 466. Район боюнча орточо баллы-125,93 болду. Ж.Бөкөнбаев жатак гимназия мектебинин окуучусу Рахманова Ажара эн жогорку 213 балл алган, жана Абдиев Бийназардын баллы 206 болду. Окуткан мугалимдери: математика мугалими Нарынбаев Курманбек, хим-биология мугалими Базаркулова Нурсийда.

 25.06.2019      828       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр тапшырылды

Аксы районунда бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр тапшырылды

2019-жылдын 21-июнунда Республика боюнча 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү, окугандыгын тастыктаган мамлекеттик документ - күбөлүк алышты. Надыр Мамбетов мектебинде да бул салтанат өткөрүлдү. 2018-2019-окуу жылында аталган мектепте 46 окуучу 9-классты бүтүрдү . Мектеп директору Урустемов Калыбек агай сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, билимдүү жаштар мамлекетибиздин келечеги экендигин баса белгилеп өттү. Бардык бүтүрүүчүлөр алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышты.

 25.06.2019      688       Кесиптик бирлик региондордо

Тоолуу райондогу алгылыктуу иштер

Тоолуу райондогу алгылыктуу иштер

“2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында “ Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү ( башчысы Б.Иманбердиев, профсоюздук комитети ( төрагасы З.Ажыбаев) тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылган. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча иш-чаралар түзүлүп, бардык билим берүү жана профсоюздук уюмдары тарабынан ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Учурда бардык билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар аяктоо алдында турат.

 25.06.2019      673       Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык профсоюздук кызматаштык өркүндөөдө

  Эл аралык  профсоюздук   кызматаштык  өркүндөөдө

Форумга Турк тилдүү тогуз мамлекеттин Туркия, Косово, Азербейжан, Македония, Ирак, Румыния, Казакстан, Түндүк Кипр, Кыргызстандан делегаттар катышты. Форумда: Негизинен билим берүү тармагындагы иштеген мугалимдердин коомдогу ролу жөнүндө маселе каралды жана ошодой эле төрт тарапту макулдашуу кабыл алынды. 2019-жылдын 12-июнунда Тундук Кипр мамлекетинин Премьер -Министири Эрсина ТАТАР, тогуз мамлекетен келген делегаттары менен жолугушу өткөрдү. Делегаттарды Эмгек министири Фаиз СУКУОГЛУ өзүнүн офисинде кабыл алып, ар тараптан мугалимдерди колдоорун кенен баяндады. Билим берүү минстири Назим ЧАВУШОГЛУ келген делегаттар менен жолугушу өткөрүп кызматашууну сунуштады. Делегация Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогуловко форумга жөнөтуп, иш-тажрыйба алмашуу, эл аралык профсоюздук ишмердүүлүк менен тааныштыруу, жаңы билимдерди алуу үчүн түзуп берген мүмкүнчүлүктөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти. Материалды даярдаган: делегациянын мүчөсү, Жаркынбаев Сүйүнбек Сарыевич - Базар-Коргон райкомунун төрагасы.

 19.06.2019      691       Кесиптик бирлик региондордо