Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында 25-май күнү акыркы коңгуроо кагылды. Аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышовтор катышышты.

 28.05.2019      1393       Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо кагылды!

Акыркы коңгуроо кагылды!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Салтанатка Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлү К.Шерматов жана Жалал-Абад шаардык ЖККБнын башчысы Т.Рахмановдор катышышты. Профсоюздун Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.

 28.05.2019      825       Кесиптик бирлик региондордо

«Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

        «Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

25-майда саат 9-00 дөн тарта Таш-Көмүр шаарына караштуу бардык мектептеринде окуу жылы аяктап салтанаттуу түрдө “Акыркы коңгуроо” кагылып, бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү. Бул салтанатка мындан 10 жыл жана 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр дагы келип мектептин айрым көйгөйлөрүн чечип берүүгө өз салымдарын кошушту. Айта кетсек №7 К.Кузембае атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өз алтын уясына акылдуу доска, №12 А.С.Пушкин атындагы орто мктептин 20 жылдык бүтурүүчүлөрү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн видео-көзөмөл жүргузүү үчүн аппаратураларды орнотуп, ушундай эле видео-көзөмөлдү №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке орнотуу үчүн акча каражаттарын тапшырышты.

 28.05.2019      679       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл аймагында жайгашган №42 Кенжекул Сооронбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн эскерүү күн жөнүндө

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл аймагында жайгашган №42 Кенжекул Сооронбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн эскерүү күн жөнүндө

2019-жылы 25- май күнү “Акыркы конгуроо” менен эскерүү күнү кошо өткөрүлдү. Мектептин мурунку директору Кенжекул Сооронбаев жана Айдарова Батма окуу бөлүм башчысы болуп иштегендерди эскерүү күнү өткөрүлдү. Эскерүү күнгө мектептин жамааты, ата-энелер, окуучулар катышып маданий массалык иш чаралар жогорку денгээлде өткөрүлдү. Жылда үй-бүлөлөрү 25- май күнү Эскерүү күн өткөрөт, окуучуларга кызыктыруучу акчалай стипендиялар, ардак грамоталар тапшырылат. Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев барып катышып келди.

 28.05.2019      1072       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019» кароо-сынагынын облустук туру жыйынтыкталды

«Жыл  мугалими-2019» кароо-сынагынын  облустук   туру   жыйынтыкталды

Мугалимдердин кесипкөйлүгүн , чыгармачылыгын, ишмердүүлүгүн , эмгектерин баалоонунун жана иш тажрыйбасын жайылтуунун аянтчасы болгон- “Жылдын мугалими-2019” кароо-сынагынын Жалал-Абад облустук туру 21-22-май күндөрү облустук билим берүүнүн усулдук борбору менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитети тарабынан өткөрүлүп, жыйынтыкталды.

 28.05.2019      1138       Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты окуучулардын слёту - 2019” Лейлек районунда

“Мыкты окуучулардын слёту - 2019” Лейлек районунда

2019-жылдын 22-май күнү Лейлек районунун Исфана шаарынын маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму тарабынан уюштурулган райондун мыкты окуучуларынын слёту болуп өттү. Иш чараны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович ачып, 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, окуучуларды куттуктады, андан соң райондун акиминин орун басары, мекеме уюм жетекчилери окуучуларга мындан ары багыт берүү максатында насааттарын айтып, окуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.

 28.05.2019      748       Кесиптик бирлик региондордо

Майские праздники

Майские праздники

Майские праздники в сш им И.Арабаева Кочкорского района Профсоюзный комитет сш им И.Арабаева Кочкорского района в честь праздника 1-мая – день Солидарности трудящихся организовал спартакиаду “Движение это жизнь!” по следующим номинациям: Волейбол, теннис, игры с элементами баскетбола, притягивание палки. В спартакиаде приняли участие команды из учителей школы. Гостями спартакиады были председатель РК профсоюза Кочкорского района Темиров А.Т и завотделом образование Кочкорского района Озубеков У.Н По итогам спартакиады первое место заняла команда “Дружина”, второе “Динамит” и третье место команда “Алга”. Им были вручены кубки и денежные средства.

 28.05.2019      699       Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунун Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде “Дени сак инсан” деген темада жолугушуу болуп өттү

Ала-Бука районунун Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде “Дени сак инсан” деген темада жолугушуу болуп өттү

Жолугушуу педагогика илимдеринин кандидаты,профессор, акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиёирген машыктыруучусу, Регби федерациясынын Президенти Наралиев Аскаралы Мадалиевич менен болуп, жолугушууга мугалимдер жана мектепти бүтүрүп жаткан өспүрүмдөр катышты. Алгач Аскаралы Мадалиевичтин кырк жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалагандагы жасаган иштери, бир канча Өлкөлөр менен болгон байланыштары Кыргызстанга кошкон салымдары жөнөндө тааныштырылды.

 24.05.2019      966       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районундук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

Кадамжай   районундук  билим  берүү  бөлүмүнүн   коллегиясынын  кезектеги  отуруму  болуп  өттү

2019-жылдын 21-май күнү №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кенешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов жана 83 мектептин жетекчилери катышты.

 24.05.2019      664       Кесиптик бирлик региондордо

30 жылдык тарыхы бар мектеп

30 жылдык тарыхы бар мектеп

Таш-Көмүр шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 30 жылдык маарекеси белгиленди. Мектептин учурдагы директору Н.Жолдошева салтанаттуу линейканы өзү ачып келген конокторго сөз берилди. Мектептин тарыхы айтылып, түптөлүшүнө, билим берүүдөгү, көп жылдык үзүрлүү эмгектери бар мугалимдерди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык жана шаардык комитеттери тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул мектепте волонтер Дж.Майердин демилгеси менен конференция залынын ачылыш аземи дагы болду. Бул мектепте иштеп жана мурунку мезгилде жетектеген директорлор, бүтүрүүчүлөр, шардын жетекчилери барышып куттуктоолорун айтышты. Куттуктоолордон кийин атайын мектеп тарыхын баяндаган слайд көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

 24.05.2019      874       Кесиптик бирлик региондордо

Машыгуусуз жеңиш болбойт!

Машыгуусуз жеңиш болбойт!

Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде спорт жаатында дагы бир ирет ийгилик жаралып олтурат. 2019-жылдын 19-22-май күндөрү Бишкек шаарында өткөн «Спейшл Олимпикс» федерациясы тарабынан уюштурулган спорттун кичи футбол түрү боюнча республикалык спартакиадасына катышып, биздин тарбиялануучулар зор ийгиликтер менен кайтышты. Анда республиканын бардык областарында жайгашкан интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбиялануучу интернат мектептери катышышты.

 23.05.2019      771       Кесиптик бирлик региондордо